Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Тышкы карызың кантти, Кыргызстан?


Адистер акыркы он жыл ичинде Кыргызстан 1.5- 2 млрд. долларга жакын карыз алганын айтууда.
Адистер акыркы он жыл ичинде Кыргызстан 1.5- 2 млрд. долларга жакын карыз алганын айтууда.

Кыргызстандын тышкы карызы расмий эсеп боюнча 3.5 млрд. доллардан ашып кетти. Ал карыздар кайдан жана качан алынган? Финансылык абалы оорлошуп турган мамлекет үчүн мамлекеттик карызды тейлөө кандай жүрүүдө?

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин эле дүйнөлүк финансылык уюмдардан насыя ала баштаган. Акыркы кезде Кытайдан насыянын агымы кескин көбөйгөнү байкалат. Ал негизинен инфраструктуралык долбоорлорго жумшалууда.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы күнгө карай Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 3 млрд. 632 млн. долларга жетти. Анын ичинен 3 млрд. 389 млн. доллар тышкы карыз, 243 млн. доллар ички карыз.

Бирок мамлекеттин тышкы карызы бул суммадан көбүрөөк экени жөнөкөй эле санактан байкалып турат. Маселен, Кытайга карыздын көлөмү Каржы министрлигинде 976 млн. доллар деп жазылган. Чындыгында Кытайдын Кыргызстандын ири инфраструктуралык долбоорлоруна бөлгөн насыялары эле 1 млрд. 400 млн. долларга жакындап барат. Тактап айтканда, Кытай Кыргызстандын түндүк-түштүк жаңы жолу үчүн 400 млн. доллар, Датка-Кемин электр зымын тартууга 389 млн. доллар, Датка көмөкчү энергетикалык чордону үчүн 208 млн. доллар жана Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо үчүн 386 млн. доллар бөлгөн. Алардын жалпы суммасы 1 млрд. 383 млн. долларга жетүүдө.

Башка өлкөлөрдүн насыялары боюнча да ушундай айырмачылыктар байкалат. Каржы министрлигинин тышкы карыз боюнча башкы адиси Данияр Рыскулов бул айырмачылыктарды Каржы министрлиги келип түшкөн акчаны эсептөөсү менен байланыштырды.

Кара-Балтадагы мунай заводу Кытайдын акчасына тургузулду.
Кара-Балтадагы мунай заводу Кытайдын акчасына тургузулду.

Кытайдан кийин Кыргызстандын негизги насыя бөлүүчүлөрү Орусия, Жапония, Германия, Түркия. Жалпысынан Кыргызстандын эки тараптуу келишим менен алган насыяларынын өлчөмү 1 млрд. 757 млн. долларга жеткен.

Ал эми көп тараптуу же эл аралык каржы уюмдарынан алынган насыя 1 млрд. 578 млн. долларга жеткен. Эл аралык каржы уюмдарынын ичинен эң ири кредитор Дүйнөлүк банк. Андан алынган насыя 700 млн. долларга жакындап барган. Экинчи орунда Азия өнүктүрүү банкы турат. Бул банктан алынган насыя 605 млн. долларга жеткен.

Албетте, бул Кыргызстанга келип түшкөн насыялар. Булардан сырткары мамлекет дагы насыя алуунун үстүндө иштеп жатканы маалым. Маселен, Орусия Бажы биримдигине кирүү үчүн 500 млн. доллар насыя бере турган болууда. Андан сырткары Москвадан Жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскадына 800 млн. доллардын тегерегинде насыя алуу макулдашылган.

Бирок насыяны төлөө жагы бар. Бул Кыргызстандын бюджети үчүн оор түйшүктөрдү жаратып келатканы маалым. Акыркы жылдары Кыргызстан тышкы карыз үчүн жылына 15 млрд. сомдун тегерегинде каражат бөлүүдө. Быйылкы жылдын жети айында 7 млрд. 278 млн. сом тышкы карыз төлөнгөн.

Каржы министрлигинин адиси Данияр Рыскулов бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы улуттук коопсуздукка коркунуч туудура турган деңгээлден алыс дейт:

- Андай жагдай азыркы күндө жок. Белгилүү болгондой бизде жакында мыйзам кабыл алынган, ага ылайык тышкы карыз ички дүң продукциянын 60% өтпөсүн деген. Азырынча биздики 50% дагы жете элек. 47-48% тегерегинде.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров тышкы карыздын көлөмү улуттук коопсуздук үчүн коркунуч туудурарлык деңгээлге жете электигине кошулат. Бирок Кытайдан алган насыялар менен келишпестик чыкса, ал Кытай мыйзамдары менен чечилери чочулатуу жаратат дейт:

- Биринчи президент 15-18-жылдын ичинде 2 млрд. доллардын тегерегинде насыя алган. Акыркы он жыл ичинде 1.5- 2 млрд. долларга жакын акча алып жибердик. Мына ошонун кайтарымы коркунуч жаратат. Кытайдын насыясы өтө аз убакытка, 20 жылга берилип атат. Үстөгү 3% болууда. Мындай чоң көлөмдөгү акчалар үчүн өтө эле кичинекей мөөнөт. Биздин келечегибизге эң чоң коркунуч туудурганы Кытай империясынан акча алып жатабыз, керектөөбүзгө жумшагандан кийин ыр-чыр чыкса, биз Бээжинде Кытайдын мыйзамдары менен чечебиз деп кол коюп бергенибизде болуп жатат.

Акылбек Жапаровдун пикиринде, тыштан насыя алууда башаламандык орун алууда. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бул тармакта да иреттүү иш жүргүзүүгө үйрөнө албаганы өкүнүчтүү. “Орусиянын Жогорку Нарындагы ГЭСтерге бөлүнө турган каражатынын так эсептелип бекитилбеши, анын эки эсеге өсүп кетиши Кумтөр синдромун жаратуу мүмкүнчүлүгү менен коркунучтуу” деп белгиледи Акылбек Жапаров.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG