Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Дүйнөнү кызыктырган кыргыз шайлоосу


Ош облусундагы шайлоо учуру, 4-октябрь, 2015
Ош облусундагы шайлоо учуру, 4-октябрь, 2015

Кыргызстандагы шайлоо тууралуу дүйнөлүк басма сөздө жазылган макалаларга сереп.

"Кыргызстандык партияларга көсөмдүк жетишпей жатат" деп жазат Жапониянын Asian Nikkei Review басылмасынын журналисти Якопо Деттони.

“1979-1990-жылдары Британияны башкарып турган Маргарет Тетчердин жолун Борбор Азияда улаган жалгыз өлкө - Кыргызстан. Өлкөдө добуш берүү эркиндиги болгону менен, Кыргызстанда шайлоого ат салышкан ондон ашуун партия катталган 2,7 миллиондон ашуун шайлоочуга жоопкерчилигин, так максатын көрсөтө албай убара.

Коомдук кызыкчылыкты көздөгөн программалардын ордуна шайлоочуларды кардар катары кабылдашып, бул шайлоо саясатчылардын бийликти ала турган бир баскычы болууда.

Саясий активист Эдил Байсаловдун айтымында, шайлоо өнөктүгүндө эркиндик мол болгону менен, анын түпкү маңызы жоктой.

Борбор Азиядагы Америка университетинин саясат таануу боюнча окутуучусу Медет Тулегенов:

“Парламент өз потенциалын толук пайдалана албайт экен. Бийликтин көбү президенттин колунда. Партиялардын олуттуусу жок. Эл улам пикирин өзгөртүп, ар кайсы партияны жактап чыгууда. Ар кайсы лидерлерден чогулган кандайдыр бир партиянын өзөктүү, колго аларлык программалары да жок. Талапкерлер эптеп эле бийликке жетсек экен дешет”, - дейт.

Бул кырдаал ансыз да оор абалда турган өлкө үчүн кооптуу. Анткени инвесторлордун Кыргызстанга кызыгуусу төмөн, ал эми кумсаларга байланыштуу, “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамдар Орусиянын мыйзамдарына ыңгайлашып өзгөрүүдө. Тажикстан жана Өзбекстан менен чек арадагы абал да чыңалып турат. Буга “Ислам мамлекети” террордук тобу сыяктуу радикал диний уюмдар да кошул-ташыл болууда”, - деп жазат жапониялык баяндамачы Якопо Деттони.

Aljazeera телеканалынын англис тилиндеги веб сайтында журналист Робин Форестер-Уолкердин Бишкектен жазылган аналитикалык баяндары улам жаңырып жарыяланууда. Алардын акыркысында кабарчы Кыргызстандагы кумсалардын, этникалык азчылыктардын укугун шайлоого аттанган партиялар эске албаганын сындайт. "Ал-Жазира" башка басылмалардай эле Кыргызстандын азыркы көйгөйлөрүн санап, ага жумушсуздук менен экономикалык кыйынчылыкты да кошкон.

DailyMail гезити "парламенттик шайлоодо орусиячыл партиялар жеңишке жеткени калды" деп жазат. Reuters агенттигиндеги кабарларга таянуу менен “6 миллионго жетпеген эли бар Борбор Азиянын бул өлкөсү акыркы учурда Батыштан алыстап, Орусияга жакындоодо. 2017-жылга чейинки президент Алмазбек Атамбаев шайлоочуларга жаңы ачылган жолдор, өнүгө баштаган инфраструктураны айтып, “туруктуулукту тандагыла” деген чакырык жасады" деп жазат.

Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын англис тилиндеги веб сайтында да шайлоого чыккан партиялардын көбү тышкы саясатта Орусияга ыктап жатканы белгиленип, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден улам, муну туура түшүнсө болору жазылган. Макаланын автору, Би-Би-Синин редактору Йоханнес Делл өлкөдөгү шайлоо учурунда эске алыш керек болгон негизги алты көйгөйдүн ичине көп аял алууну, тышкы саясаттагы туруксуздукту жана аймактагы коопсуздукту да кошкон .

Кыргызстандагы шайлоодо эске ала турган жагдайлар тууралуу Британиянын The Guardian гезити да жазып, партияларды, өлкөдөгү азыркы саясий жагдайды, аймактык коопсуздукту, улуттар аралык мамилелерди кыскача талдаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG