Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Рак илдети соолуткан өмүрлөр, иштебеген аппарат


Кыргызстанда рак илдетин илимий жактан изилдөө дээрлик жок.
Кыргызстанда рак илдетин илимий жактан изилдөө дээрлик жок.

Жылына алты миңге чукул кыргызстандык аялга эмчек рагы диагнозу коюлат, ал эми 500дөн ашуун аялда жатын моюнунун залалдуу шишиги аныкталат.

Тилекке каршы, алардын 60% жетиштүү дарылана албай каза болуп калууда. Мунун себеби эмнеде?

Жашы 65тен өтүп калган Айымжамал Романовага жатын моюнунун рагы диагнозу коюлуп, Бишкек шаарындагы Улуттук онкологиялык борбордо дарыланып жатканына эки айга чукулдады.

- Тогуз-Тородо 10 күн тампон коюп дарылашты. Бирок болбой эле кан кете берди. Анан дарыгерлер мени борбор калаадагы ооруканага жиберишти. Улуттук онкологиялык борборго барбасаңыз болбойт дешти. Себеби айылда дартты аныктоочу аппараттар жок да. Былтыр 26-ноябрда ушул жайга келип, гистологияга анализимди жибергем, жыйынтыгы бир аптада эле чыгып келди. Анан операция болдум. Азыр дарыланып жатам. Бирок радионур терапиясынын бир аппараты иштебейт экен. Башка дарыларды алып жатам. Бардык аялдарга айтарым: жылына бир жолу гинекологго текшерилип турушса. Оорунун белгиси деле болбойт экен. Өзүм жетини төрөгөм. Ушинтип ооруп калып отурам. Алгач укканда абдан жаман абалда болдум.

Жарактан чыккан аппарат

Улуттук онкологиялык борбордун радиогинекология бөлүмүндөгү жатындын рак шишигин дарылай турган радионур аппаратынын бирөө 2013-жылдан бери иштебей, бейтаптар Казакстан жана Орусия сыяктуу коңшу өлкөлөргө ири каражат коротуп барып келишке мажбур. Мындай маалыматты “Азаттыкка” бөлүмдүн башчысы Чынара Батырканова ырастады.

- Сырткы нур аппаратыбыз иштейт. Бирок жатындын ичинен берчү нур аппаратыбыз иштебей турат. Ал жабдык Орусияда жасалган, маркасы «Агат» деп аталат. Улуттук онкология борборуна 1981-жылы алынып келинген. Ошондон бери иштеп жаткан эле. Бирок 2013-жылы бузулуп калды. Жаңысын алганга каражат жок. Орусияда мындай аппараттын жаңысы 32 миллион рубль турат экен. Коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын бардык шаарларында, алтургай райондук борборлорунда ушундай радионур жабдыгы бар. Ал эми Кыргызстандын баш калаасындагы жалгыз аппарат иштебей турат. Айлабыз кетип, бейтаптарды Казакстанга же Орусияга жиберип жатабыз. Каражаты барлар барышат, акчасы жоктор дарылана албай калышууда.

Жылына Кыргызстан боюнча 500-600 аялга жатын моюнчасынын залалдуу шишиги диагнозу коюлат. Дал ушундай аппараттын жоктугунан алардын ичинен чөнтөгүндө каражаты барлары гана коңшу Казакстанга барып радионур алып келе алышат.

Дартты аныктоо да кыйын

Улуттук онкология борборундагы көйгөй муну менен эле бүтпөйт, андагы иммуно-гистохимиялык дартты аныктоочу лаборатория да иштебей, бейтаптарды бир топ азапка салууда. Бардык жабдыктары алынганы менен аталган жайда залалдуу шишиктин анализин чыгаруучу реактивдердин жоктугунан кайра эле оорулуулар Казакстандын Алматы шаарындагы лабораторияга анализдеринин ар бирин 300 доллардан жиберүүгө аргасыз болушууда.

"Эргене" коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова бул маселе бийлик адамдары тийиштүү мыйзамдарды оңдоп, каражат маселесин жөнгө салса эле чечилмек деген пикирде:

- Байкуш бейтаптарды кайра эле Алматыга, Москвага барып анализ жасатып кел деп жиберишет. Алар эки эсе көп суммадагы акча төлөп чуркап жүрүшөт да. Убактысы, акчасы кетип жатат. Колунан келбегендер болсо жөн эле жардамсыз калып калышат. Ушундай көйгөйлөрдү көтөрүп, биз бийликтен ушул маселеге көңүл буруп коюусун суранат элек. Каражатын көбөйтүп, керектүү мыйзамдарын, нормативдик документтерди оңдоп коюшса эле проблема чечилмек. Бир топ өмүрлөр сакталып калмак.

Рак оорусу жашарууда

Адистердин айтуусунда, азыркы тапта Кыргызстанда жылына 5-6 миң аялдан сүт бездеринин рагы аныкталууда. Алардын 60% дарыланууга каражаты жоктугунан улам бул дүйнө менен кош айтышып жатышат. Ошондой эле убагында диагноз коюлуп, маалында дарыланбай калгандан улам да ушундай оор кырдаал түзүлүүдө. "Биз ракка каршыбыз" аттуу коомдук уюмдун жетекчиси Гүлмира Абдразакова барган сайын күчөп бараткан залалдуу шишиктердин себептерин санап өттү:

- Кээ бирлери жөн гана дарылана албай, каза болуп калып жатышат. Операцияга эптеп акча тапса, химиялык терапиясына таба алышпайт. Мен бир келинди мыйзамга такап эле бекер операция жасаттым, бирок кийин дарылануусуна көп каражат керек болуп, ар кайсы жакка чуркап жүрүп араң акча таап, азыр жакшы болуп, балдары менен жашап жатат. Бирок мындай окуялар көп эмес да. Тилекке каршы, азыр рак оорусу да жашарууда. Буга канцерогендүү тамак-аштын көп болуусу, азык-түлүк коопсуздугу сакталбай жатканы, стресс жана аялдардын жылына бир ирет текшерүүдөн өтпөгөн кайдыгерлиги да себеп болуп жатат.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама өткөн жумада Конгресске кайрылуусунда рак дартына каршы жаңы программа башталганын жарыя кылды. Ооруну изилдөө жана дары даярдоо боюнча илимий тажрыйбаларга АКШ бийлиги эки миллиард доллар каражат салат. Обама өз сөзүндө дарт терең изилденгенде гана анын дабасын табууга болорун белгиледи. А бирок Кыргызстанда рак оорусу изилденмек тургай, аны аныктай турган да жалгыз аппарат иштебей турат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG