Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Каримов кумсаларга ачууланды


Ислам Каримов экономикалык жыйында сүйлөп жатып, кумсаларды мээси ордунда эместер катары сыпаттады.
Ислам Каримов экономикалык жыйында сүйлөп жатып, кумсаларды мээси ордунда эместер катары сыпаттады.

Өзбекстан президенти Ислам Каримов 4-февралда Ташкент облустук элдик депутаттар Кеңешинин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып, бир жыныстуулар арасындагы мамилени катуу сынга алды.

Өзбекстан телеканалдары көргөзгөн сөзүндө өзбек президенти кумсаларды Батыш маданиятынын жийиркеничтүү көрүнүшү жана психологиялык илдетке кабылган оорулуу адамдар деп кыжырдана сүйлөдү:

- Батыштан келгенди маданият деп айтып келебиз. Бул кандай уятсыз маданият?.. Эркек эркек менен, аял аял менен чогуу жашаганы тууралуу аял кишилердин көзүнчө сөз кылуунун өзү ыңгайсыз. Эгер ошондой боло турган болсо мына ушул мен көрсөткөн жеринде бир нерсеси бузулган же өзгөргөн. Кудай адамдын уятсыздыгын көрсөткүсү келсе, аны акылдан айнытып коёт экен деген сөз бар, - деди Ислам Каримов колу менен башын жаңсап.

Каримов кумсаларды сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00

Ташкент облусунун экономикалык жетишкендиктери жана облус жетекчисин алмаштыруу маселесине арналган жыйында бул маселени кыпчый кетүүгө президентти кайсы себептер түрткөнү белгисиз.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын Каримовдун бул билдирүүсүнө арналган макаласы мурдараак Ташкенттеги кумсалардын сабалышы тууралуу видеоролик сыяктуу эле социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Кээ бирлери Ислам Каримовдун көз карашын кызуу кубаттап, бир жыныстуулар ортосундагы мамилеге карата орой сөздөрүн аянбай жазып жатышса, башкалары билдирүүнү өлкөдөгү башка олуттуу көйгөйлөрдөн элди алагды кылуу аракети деп баалашууда.

Мурдараак Ташкент милициясынын оозу-башын боёп, аялдын ич кийимин кийип алган эркекти уруп-сабаганы тартылган тасма коомчулукка тарап, гомофобиянын бир көрүнүшү катары сыпатталган болчу.

- Адамдарга сексуалдык өзгөчөлүгүнө карап мамиле жасоо, ошон үчүн аларды ур-тепкиге алуу өтө жаман иш. Өзгөчө муну милициянын кылып жатканы андан да коркунучтуу. Ким гана болбосун Өзбекстандын жаранына карата мындай жорукка барганы мыйзамсыз, - деп өзбекстандык блоггер Канот Одил ал окуяга терс пикирин билдирген.

Өзбекстан кумсалыкты кылмыш деп эсептеген 70 өлкөнүн катарында. Өлкөнүн Кылмыш кодексинин 120-беренесине ылайык, кумсалык кылганы үчүн кармалган адам бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Советтик өлкөлөрдүн ичинен кумсалыкка жаза чектеген өлкө жалгыз Өзбекстан болгону менен, башкаларында деле бул азчылык тобуна карата мамиле, көз караш көпчүлүк учурда оң пикирде эмес.

Орус Президенти Владимир Путин 2013-жылы кумсалыкты пропагандалоого тыюу салган мыйзамга кол койгон.

Ал эми Кыргызстандын парламенти ушу тапта жогорудагы Орусияныкына окшош мыйзамды карап жатат. Тактап айтканда, андай мыйзам кабыл алынып калса, сексуалдык азчылык топторун, алардын көз карашын жайылткан адам сот жообуна тартылып, алты айдан бир жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүн.

Эл аралык укук коргоо уюмдары жана жергиликтүү көз карандысыз эксперттер мындай мыйзамды кабыл алуу адам укуктарын бузууга, коомчулукта бул азчылык өкүлдөрүнө карата азыркыдан да катаал терс мамиле жаратууга алып барат деп эскертишет.

XS
SM
MD
LG