Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Түркия-ЕБ: алаканы сууткан куугунтук


Түркияда гүленжилерди тазалоо уланууда.
Түркияда гүленжилерди тазалоо уланууда.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу НАТОдогу өнөктөштөрү менен Евробиримдикке нааразылык билдирди. Түрк баш дипломатынын жүйөсүндө, НАТО боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн айрымдары аларга аскерий жабдуу сатуудан же чалгын маалыматтарын бөлүшүүдөн баш тартууда.

Түркия өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин бир бөлүгүн макамдарынан жана аларга каралган артыкчылыктардан ажыратты. Бул тууралуу Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулмуш 15-августта министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

- 6070-номурлуу токтом биздин министрликтерде жана жогорку мекемелерде иштеген, ФЕТО (бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленге караштуу, Түркияда экстремисттик деп эсептелген уюм) уюму менен байланышы бардыгы ырасталган адамдарга тиешелүү. Даярдалган тизмеге ылайык, бул адамдар мамлекеттик кызматкер деген макамынан жана артыкчылыктан ажырайт.

​Ошону менен катар вице-премьер мындан ары да мамлекеттик органдарды "фетхуллахчылардан" жапырт тазалоо улантыларын маалымдады.

Куртулмуш Гүлендин "Хизмет" кыймылына катышы бар делип жабылган мекеме-уюмдардын мүлкү Каржы министрлигине которуларын билдирди.

- Бул токтомго ылайык кызматтык макамынан ажырагандардын бардыгы, соттор, элчилер, прокурорлор жана аскерий наам ээлери эч качан өзүнүн мурдагы кесиби менен иштей албайт, - деди Куртулмуш.

Фетхуллах Гүлен
Фетхуллах Гүлен

16-июлга караган түнү өлкөдө орун алган төңкөрүш аракетинен кийин бийлик жапырт тазалоону баштаган. Мунун жыйынтыгында 17 миң адам камалып, 76 миңдей мамлекеттик кызматкер, сот жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү кызматынан четтетилди. Бийлик ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин артында АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Гүлен өзү бул айыптоолорду четке кагып, эгер анын күнөөсү далилденсе өз ыктыяры менен Түркия кайтып, колго түшүп берерин айтып келет. Өлкөдө диниятчынын тарапкери делгендерди камоо дале болсо уланууда.

Түркия полициясы 15-августта Стамбулда, үч сот имаратын сот системасынын 173 кызматкерин кармоо боюнча буйрукту ишке ашыруу максатында тинтти.

Изделип жаткан сот кызматкерлери өткөн айдагы аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыпталууда. Кармоолор сот бийлигинин башкы имараты саналган Адилеттик сарайында да жүрдү.

Батышка таарыныч

Жапырт камоолор жана тазалоолор Анкара менен Евробиримдиктин алакасынын салкындашына алып келди. Көптөгөн европалык саясатчылар түрк бийлигинин бул кадамы Европа альянсы менен Түркия ортосундагы виза боюнча келишимге карама-каршы келерин айтып чыгышты. Эки апта мурда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Батышты өз өлкөсүндөгү ишке ашпай калган төңкөрүш аракетин колдогонун айтып айыптаган.

Жакынкы Чыгыштагы согуштан бозгон жарандарга башпаанек бергени үчүн Түркияга үч миллиард доллардан ашуун евро убада кылынган.
Жакынкы Чыгыштагы согуштан бозгон жарандарга башпаанек бергени үчүн Түркияга үч миллиард доллардан ашуун евро убада кылынган.

- Тилекке каршы, Батыш террор менен кутумчуларды колдоп жатат. Бир кезде дос болгондор козголоңчулардын жана террорчулардын артында турат,- деген Эрдоган.

Ал эми 15-августта Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Германиянын “Билд” гезитине курган маегинде Евробиримдикти Түркияны “кемсинтип” жатканы үчүн айыптады.

Ал НАТО боюнча өнөктөш айрым өлкөлөр Түркияга аскерий жабдуу сатуудан же чалгын маалыматтарын бөлүшүүдөн баш тартып жатканы үчүн сындады. Ошону менен катар ал Анкара НАТОнун “эң чоң колдоочуларынын бири” бойдон каларын, өлкөсү бул аскерий блоктон чыгышы мүмкүн деген жоромолду “Түркияга каршы чөйрөлөр” таратып жатканын баса белгиледи.

Түрк тышкы иштер министринин пикиринде, Евробиримдик Түркияны миграция кризисин жөнгө салуудагы ролунун ордуна убада кылынган визасыз каттоо мүмкүнчүлүгүн бербей “кемсинтүүдө”.

ЕБ-Түркия ортосунда мартта жетишилген келишимге ылайык, Жакынкы Чыгыштагы согуштан бозгон жарандарга башпаанек бергени үчүн Түркияга үч миллиард доллардан ашуун евро убада кылынган. Ага ылайык, түркиялыктар Шенген аймагына визасыз каттап калышмак.

Ал эми Евробиримдик Түркиянын терроризмге каршы мыйзамдары өтө катуу жана кенен түшүнүктү камтыйт, алар аркылуу бийликтин каршылаштарын камоого жол ачылат деп, аны жумшартууну талап кылышкан. Ал ишке ашпаса, келишим да толук аткарылбасы айтылган.

XS
SM
MD
LG