Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Өзбекстан: пахтага чыккан келиндин боюнан түштү


Өзбекстандын Жизак облусунда пахта талаасында иштөөгө мажбурланган кош бойлуу келиндин боюнан түшүп калганы кабарланды. Жергиликтүү бийлик алты айлык боюнда бар келин өз ыктыяры менен пахта теримге чыкканын айтууда.

Мустакиллик айылында жашаган 28 жаштагы кош бойлуу келин пахта терүүгө мажбурланып, талаага чыккан биринчи күнү эле боюнан түшүп калганын күбөлөр “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришти. Алардын айтымында, окуя мындан бир жума мурда болгон жана ал келинди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү пахтага коркутуп, опузалап чыгарган.

- Эгер теримге чыкпаса, төрөлө турган ымыркайга жөлөк пул бербей коебуз деп коркуткан. Айылдын башчысы келинге милиция кызматкерин да кошо ала келген. Окуяны өз көзүм менен көрүп, дале өзүмө келе албай жатам, - деп билдирди атын атоодон жана үнүн жаздыруудан карманган күбө.

Айылдын башка тургуну жабырлануучу келиндин аты Диларом Жураева экенин, анын кичинекей кызы да бар экенин айтты.

- Бизди таң эрте автобус менен алып кетишти. Пахта тере баштагандан бир нече саат өткөндөн кийин Диларом кыйнала баштады. Коркуп кеткен жетекчилер келинди машинасына салып, райондук ооруканага алып кетишкен,- деди экинчи күбө.

Өзбекстанда өспүрүмдөрдүн пахта терүүгө мажбурланышы сынга кабылып келет.
Өзбекстанда өспүрүмдөрдүн пахта терүүгө мажбурланышы сынга кабылып келет.

Бул окуя болордон бир күн мурда айыл башчысы Исмаил Латипов милиция кызматкерлери менен кошо айылды үймө-үй кыдырып, элден пахта теримге чыгуусун талап кылганын айтышты. Бирок Латипов соңку окуяга келиндин өзүн жана анын үй-бүлөсүн күнөөлүү деп эсептейт:

- Биз аны пахта терүүгө мажбурлаган эмеспиз. Үйүндө күйөөсү жана анын эки бир тууганы жумушсуз отурушат. Биз алардын үйүнө барганда пахта терим башталганын айтып, акча таап алгыла дегенбиз. Анан Диларом талаага чыгып, таза абада болуп келейин деген. Аны эч ким мажбурлаган эмес. Өзү каалады. Мен анын кайненеси менен сүйлөшкөндө эч кандай дооматыбыз жок, келинибиз өзү туура эмес кылды деп айтты.

Жабырлануучу келиндин күйөөсү болсо окуяга пахтанын тиешеси жоктугун айтып, жубайы менен сүйлөштүрүүдөн баш тартты. Бул окуядан кийин Жизак облусунун бул районунда кош бойлуу аялдарды пахта теримге чыгаруу токтотулганы кабарланды. Бирок активисттер Өзбекстандагы быйылкы пахта теримдин мурдакыдан айырмасы аздыгын айтышууда. Маселен, Анжиян облусунда мектеп окуучулары акча чогултуп, ар бир класс бирден жумушчу жалдоого милдеттендирилгенин ата-энелери “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришкен.

Өлкөдөгү пахта теримине мониторинг жүргүзгөн “Өзбек-немис форуму” аттуу адам укуктары боюнча уюмдун жетекчиси Умида Ниязова абал өзгөрө электигин айтты:

- Бир нече күн мурда Берлинде конференция өттү. Ага Өзбекстандын да делегациясы катышты. Делегациянын өкүлү менен сүйлөшкөнүмдө, ал быйыл жана буга чейинки жылдары адамдар пахтага өз ыктыяры менен чыгып жатканын айтты. Бирок бул маалымат туура эмес экенин билебиз. Эгер пахта тармагы жакшы башкарылган болсо, талаага мугалимдер эмес, миллиондогон жумушсуз адамдар чыгышмак.

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын да пахта терүүгө мажбурланышын эл аралык уюмдар сынга алып келишет. Президенттин милдетин аткаруучу, мурдагы премьер-министри Шавкат Мирзиёев быйылкы пахта теримге окуучулар тартылбайт деп убада берген. Бирок активисттер бул убада бузулбайбы деп кабатырланууда.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG