Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Санарип берүүгө өтүүнүн санаасы


Кыргызстан 2015-жылга чейин санариптик телеберүүгө өтүү боюнча милдеттемесин аткара албаса, анда өзүнө таандык жыштыктарын коргой албай калышы мүмкүн. Бул боюнча парламенттик угууда быйыл июль айына чейин мамлекеттик программаны иштеп чыгууну аягына чыгаруу зарылдыгы белгиленди.

Бүткүл дүйнө боюнча жүздөн ашуун өлкө 2015-жылга чейин толугу менен санариптик телеберүүгө өтүп жатат. Бул боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык байланыш уюмунун алдында Кыргызстан да милдеттеме алган.

Адистер Кыргызстан санариптик телеберүүгө өз убагында өтпөсө чек ара аймактарындагы телерадио сигналдарын таркатуучу кадимки жабдууларын өчүрүүгө аргасыз болоорун эскертишти.

Жыштыктарды жоготуу коркунучу

“АлиппеТВ” компаниясынын башкы директору Алмаз Абеков бул өз кезегинде маалымат коопсуздугуна таасир этип, санариптик технологиядагы жыштыктарды кошуна өлкөлөргө тарттырып жиберүү коркунучу бар деген ойдо:

- Биз менен чектешкен мамлекеттердин бардыгы өтүп жатат. Мында толугу менен жабдууларды алмаштыруу боюнча милдеттемелер кабыл алынган. Эгерде Кыргызстан өтпөй калса, анда ага санарип технологиясы боюнча бекитилген жыштыктар эл аралык байланыш уюмунун укуктук колдоосунан четтеп калат. Мындай кырдаалда башка коңшу өлкөлөр биздин жыштыктарды бизден мурун ээлеп, талашып алууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондуктан биз ошол мөөнөткө чейин өтүп калышыбыз керек.

Санарипке өтүү телеберүүлөрдүн сапатын жакшырышына, алардын санынын көбөйүшүнө жана чагылдыруу тилкесинин кеңейишине өбөлгө түзөт.

Адистердин айтымында, санариптик технология боюнча Кыргызстан ондон ашуун мультиплекске, же башкача айтканда каналдардын топтомуна ээ болушу мүмкүн. Ар бир мультиплекстин сыйымдуулугу жетиге чейинки телеканалды батырат. Бирок жергиликтүү телеканалдардын берүүлөрүнүн сапаты жана аны толтуруу маселеси көйгөй болгондугу айтылды.

Анткен менен Алмаз Абеков санариптик тележыштыктарды таратууну кечеңдетпеш керек деп эсептейт:

- Мисалы, Караколдобу же Баткендеби жергиликтүү телекомпаниялар азыр деңгээли төмөн деген менен алар бара-бара көтөрүлөт. Анткени ошол жердеги жергиликтүү бийлик болобу, же анын кожоюндары болобу “кой, бизди бүткүл Кыргызстан көрүп жатат” деп жабдууларын оңдоп, издене баштайт. Эң башкысы жол ачылышы керек. Андан ары өз агымы менен өнүгүп кетет.

Бактысын издеген Баткен долбоору

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү Баткен облусун санарипке өткөрүү боюнча сынак долбоорун ишке ашырган. Санариптик чагылдыруучу мунара жабдууларын орнотууга мамлекеттик казынадан 58 миллион сом жумшалган болчу.

Транспорт жана байланыш министри Эркин Исаков Баткендеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн санариптик толкунду кабыл алуучу 20 миң даана ресивер (receiver) жабдуулары берилгендигин маалымдады. Бирок Баткен облустук телеканалынын жетекчиси Алтынай Арстанбекова анын жарымына жакыны гана таратылгандыгын белгиледи:

- Былтыр багар-көрөрү жокторго деп алты миң даана келген. Андан бери канча берилгенин билбейм. Бирок облустук акимчиликтен алынган маалымат боюнча таратылган ресиверлердин саны он миңден ашкан эмес. Аны азыр ар бир үй-бүлө эле ала албайт. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө деген ошол жабдууларды сатып жүрөт деген да сөздөр бар.

Бирок Эркин Исаков жабдуулар даректүү жеткирилгендигин тастыктай турган документтер бар экендигин айтып чыкты. Ошондой эле ал санарипке өтүү боюнча мамлекеттик программанын кечеңдеп жатышын объективдүү себептер менен түшүндүрдү.

Теңдешүүнүн үмүттөрү, же тездетүүнүн мүнөттөрү

Анткен менен Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Равшан Жээнбеков өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан жумуштар жетишсиз экендигине токтолду:

- Биздин мамлекетти жетектеп жүргөн көпчүлүк аткаминерлер жаңы маалымат доору келе жаткандыгын түшүнүшө элек. Учурда булар өздөрү эле программаны чампалап иштеп чыга калып, өздөрү каалаган компанияларга жыштыктарды бере калабыз дегендей ойдо экен. Эми андай болбойт. Анткени коомчулукка ачыкка чыгып калды. Дүйнөлүк тажрыйбаны пайдаланып, ачык-айкын жол менен санарипке өтө турган болсок, анда мурдагыдай телеканалдарда бирөөлөрдүн же бийликтин монополиясы орнобойт. Атаандаштык күч алат.

Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанга санарипке өтүү үчүн бир жарым миллион даанага жакын кабыл алуучу ресивер жабдуусу талап кылынат. Анын бир даанасы ар бир үй-бүлө үчүн төрт миң сомдун тегерегинде айланат. Парламенттик угуунун аягында эл өкүлдөрү 1-июлга чейин санарипке өтүүнүн мамлекеттик программасын толук иштеп чыгууну тездетүү сунушун колдошту.

XS
SM
MD
LG