Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:56

Июнь окуясы келечек үчүн чоң сабак


Ош окуясы маалындагы тынчтык жарчылары президент Атамбаев менен кезигүүдө, 10-июнь, 2015

Ош окуясы маалындагы тынчтык жарчылары президент Атамбаев менен кезигүүдө, 10-июнь, 2015

Бүгүн 2010-жылдагы июнь коогасына беш жыл болду. Ага карата Бишкек шаарында бир катар иш-чаралар өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев июнь окуясында тынчтыкты жана карапайым адамдардын өмүрүн сактоодо эрдик көрсөткөндөргө сыйлык тапшырды. Андан тышкары тынчтыкты бекемдөө жана келечекте мындай окуялардын кайталанбашы үчүн чараларды талкуулаган илимий-практикалык конференция өттү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусунда өткөн беш жыл ичинде окуя туурасында көп материалдар чогулуп, анын себептерин адегенде улуттук комиссия, андан соң парламенттик жана эл аралык комиссиялар иликтегенин, чогултулган материалдарды илимпоздор терең изилдеп, жыйынтыктарды жана сунуштарды бериши керектиги айтылат.

Президенттин сааты

Президенттин сааты

Атамбаев 2010-жылы июнь окуясында адамдарды куткарууда эрдик көрсөткөн жарандар менен жолугуп, аларга президенттин саатын белек кылды. Президент өлкөнүн биримдиги ар бир үй-бүлө, көчө, айыл жана шаардан башталарын белгиледи.

- Беш жыл өтсө да ошол каргашада каза болгондорго таазим этип, дайынсыз жоголгондорго кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул каргаша биздин эгемендүү жылдарда болгон эң чоң сыноо, эң чоң кайгы болду.

Илимий конференцияга катышкан өкмөт, парламент өкүлдөрү этностор аралык мамилелерди чыңдоо үчүн мындан ары да аракеттер көрүлүп жатканын айтышты.

Президенттин колунан сыйлык алгандар

Президенттин колунан сыйлык алгандар

Улуттук илимдер академиясынын жетекчиси, Ош коогалаңын иликтеген улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев тарыхтан сабак алынбаса, мындай окуялар дагы кайталанып кетиши мүмкүн экенин эскертет. Эркебаевдин айтымында, учурда бийлик улуттар аралык мамилени чыңдоо үчүн аракеттерди көрүп жатканы менен кемчиликтери дагы бар.

- Бир жагдайга басым койсок болот. Улуттук комиссиянын корутундусунда бар болчу. Ошол кездеги окуя болгон жердеги жергиликтүү бийлик башчылары, укук коргоо органдарынын жетекчилери жооп бериши керек эле. Алар ошол окуяны алдын алууга эч кандай иштерди жасаган эмес. Алардын жоопкерчилиги каралышы керек эле. Бул дагы деле ишке ашпай келатат. Иликтөөнүн корутундусуна ачык эле жазылган болчу.

Ош шаары

Ош шаары

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов 1990-жылдагы, кийин 2010-жылдагы Ош аймагындагы чыр-чатактар бийликтин алсыздыгынан келип чыкканын айтат. Азыркы учурда да бийлик өкүлдөрү айрым окуяларды алдын алып, кыраакы болбосо саясий оюндардын артында карапайым эл жабыркап калып жатат.

- Бүгүнкү күндө да алдын алуу иштери чабал болгонсуп жатат. 1990-2010-жылдары деле бийликтин алсыздыгынан ушундай окуя болгон. Мына эми күздөгү шайлоодо дагы коркунуч бар. Азыртадан саясий соодалашуу башталды. Анан бөлүнмөйлөр башталат.

Ош шаарындагы өзбек тектүү укук коргоочу Садык Махмудов бийликтин кандуу окуядан кийин шаарды калыбына келтирүү, тынчтыкты орнотуу аракетин мындайча баалады:

- Бир жактуу айтуу кыйын. Бийликтин аракети кээде натыйжа берет. Кээ бир иш-чаралары жөн эле "кожо көрсүн" дегендей болуп калып жатат. Бирок мурунку жылдарга салыштырмалуу улут аралык мамиле жакшырып бараткансыйт. Жыл өткөн сайын жакшы жакка өзгөрүүдө десем болот.

Мындан 5 жыл мурдагы коогалаң учурунда Ош жана Жалал-Абадда 476 адам каза болгон. Андан сырткары 129 адам дайынсыз жоголгон. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, алардын 112синин сөөгү табылган. Калган 17синин ушул күнгө чейин дайыны жок. Андан сырткары күйүп кеткен 19 сөөктүн өздүгү азыркы күнгө чейин аныктала элек.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG