Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Трамп АКШнын куралдуу күчтөрүнө “массалык бюджет” сурайт


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп куралдуу күчтөр үчүн “массалык бюджет” сурамай болду. Бул тууралуу ал жума күнү консервативдүү саясий кыймылдын конференциясында билдирди. Бирок кайсы убакытка чейин каражат керектигин так айткан жок.

Трамп АКШ армиясын модернизациялоо менен анын кубаттуулугун күчөтүү максатын койгонун билдирди. Президент белгилегендей, бул каражат АКШ тарыхындагы аскердик кубаттуулукту күчөтүүгө ири чыгым болмокчу.

АКШнын коргоо бюджети 500 миллиард доллардан ашып, Кытай, Орусия, Сауд Арабия жана Британия өлкөлөрүнө салыштырмалуу кыйла көп.

Февраль айынын башында АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис 2017-жылга карата аскердик бюджет көбөйөрүн билдирген. Бул каражат “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүүгө багытталарын кошумчаланган.

XS
SM
MD
LG