Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

“Тарт” көргөзмөсү старт алды


Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдөн куралган “Тарт” тобу алгачкы көргөзмөсүн тартуулады. Кыргыз кыздарын даңазалоо менен аларды жакшылыкка чакырууну максат кылган “Делбирим” көргөзмөсү 16-мартка чейин уланат.

Алмаз Нурдөөлөтов - “Тарт” тобундагы жаш сүрөтчүлөрдүн бири. Бул көргөзмөгө 25 жаштагы кыл калем ээсинин 10 мыкты сүрөтү коюлган. Топто Алмаз өңдүү жети бала бар. Алардын ар биринин өзүнчө дарамети, жөндөмү, бири-бирин кайталабаган тартуу стили бар экендигин чыгармалардан көрүүгө болот.

Көргөзмөгө келгендердин басымдуу бөлүгү да жаштар. Алар өзгөчө жаштардын сүймөнчүгүнө айланган эстрада ырчыларынын сүрөтүнө басым жасап жатышты.

Албетте бүгүн таланттуулар көп, бирок берилген өнөрдү заман талабына жараша пайдалануу, башкача айтканда коомчулукка жайылтууну көпчүлүк өнөр ээлери али өздөштүрө электей.

"Азаттык": Мүмкүн жаш сүрөтчүлөр үчүн шоу тармагындагыдай продюссерлер керектир?

Алмаз Нурдөөлөтов: Жок, эстрада ырчылары менен өнөрдү салыштырбоо керек. Мунун эки башка жолу бар. Биздин атайын өнөрканабыз бар. Ошого кардарлар келип, сүрөттөрүбүздү сатып алып кетишет. Тартылган сүрөттүн кардары табылат экен.

"Азаттык": Бүгүн сүрөтчүлүк менен байыганга болобу?

Алмаз Нурдөөлөтов: Анын баары каалоого жараша. Сүрөт өнөрүнө чын жүрөктөн берилсең акча экинчи орунга түшүп калат. Мен бирөөдөн акча деле сурабайм, баары өзүмө жетет. Бош учурда колубуздан келген ишти жасап, акча таап турабыз. Топтогу балдар да ошондой.

Бирок “Тарт” тобунун тескөөчүсү Перизада Стамкулова бул ойго кошулбайт. Себеби бүгүн мына ушул таланттуу жаш сүрөтчүлөрдү эл аралык деңгээлге чыгаруу үчүн демөөрчүлөр кажет.

- Бул көргөзмө “Тарт” тобунун тушоо кесүүсү болду. Бизге жардам берген адамдарды таап калабыз деген үмүттөбүз. Балдар өтө таланттуу, келечектүү экендигине көзүбүз жеткен үчүн былтыр атайын топ түздүк. Жакында Бээжинге барсак деген ой бар. Чет өлкөлөргө чыгып, башка өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрү менен тажрыйба алмашсак дегенбиз, каражат маселеси гана кармап турат.

“Тарт” тобунун мындан аркы кадамдары Кыргызстандын кооздугун даңазалаган көргөзмөлөр менен уланмакчы.
XS
SM
MD
LG