Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

"Хизбутчу" видео коомчулукка дүрбөлөң салды


"Хизб-ут Тахрир" тобунун баракчалары.
"Хизб-ут Тахрир" тобунун баракчалары.

Тыюу салынган “Хизб - ут Тахрир” уюмунун каза тапкан мүчөсүнүн сөөгүн жерге берүү зыйнаты учурунда тартылган видеотасма социалдык тармактар аркылуу кеңири тарап, коомчулук назарын бурууда.

Кыргызстанда тыюу салынган бул уюмдун мүчөсүн жерге берүү учурунда тартылган тасмада өлүк зыйнаттарына көнүмүш болбогон “Аллоху акбар!” деген кыйкырыктар узак убакытка созулат. Улуттук коопсуздук кызматы видеодо көрсөтүлгөн өлүк зыйнатындагы көрүнүштөр териштирилерин билдирди. Кыргызстан муфтияты болсо муну радикалдык диний уюмга үгүттөөнүн бир ыкмасы катары сыпаттады.

Ноокендик 45 жаштагы Кадыралы Кулмырзаев аттуу маркумдун сөөгүн жерге берүү тажиясынан тартылып, таратылган тасмада сөөктү коштогон 500 чамалуу киши мүрзөгө чейинки узак жолдо маркумдун шейит кеткенин даңазалап, кыйкырып баратканы тартылган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Кадыралы Кулмырзаев бир жыл мурун “Хизб - ут Тахрир” уюмунун мүчөсү катары 6 жылга соттолуп, Бишкектеги №47 абакта жаткан кезде ооруп каза болгон. Жергиликтүү милициянын 10-бөлүмүнүн билдиришинче, маркумдун 10-августта өткөн тажыясына Бишкек шаарынан дагы “хизбутчулар” келген. Алардын 3-4 мүчөсүн милиция кармап түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң бошотулган. Бул тууралуу Жалал-Абал ОИИБнин 10-бөлүмүнүн башчысы Мамыржан Мергентаев билдирди:

- Бул адам Бишкектен каза болуптур, ошол жактан дагы “Хизб ут - Тахрир” уюмунун мүчөлөрү келип, Ноокендин Достук айылына жанагындай кылып коюп кетишти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул интернетке тараган видео териштирилерин, коопсуздукка шек келтирилген фактылар аныкталса, кылмыш иши козголоорун билдирди. Комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов мындай деди:

- Кандайдыр бир улуттук коопсуздукка шек келтирген маселе болсо териштирилет, күнөөлүү адамдар жазасын алат. Бирок алгач видеону экспертизага берип, териштирүүбүз керек.

Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов акыркы учурдагы мындай окуяларды өлкөдө тыюу салынган диний уюмдарга ачык эле үгүттөө катары караса болот дейт.

- “Хизбутчулар” акыркы учурда сөөктү коюуда жеке максаттарын даңазалап, биз барбыз, бизге кошулгула дегендей аракеттерди кыла башташты. Исламда сөөк коюуда мынчалык тополоң салууга болбойт. Бул ошол уюмдун жеке саясаты.

Равшан ажы Эратов аталган видеодогу жерге берилген адамды “шейит” деп атоо болбостугун белгиледи. Жалал-Абад облусунун казысы Абдуазиз Зайиров аталган жарандын сөөк коюу тажыясына айылдын расмий имамы катышкан эмес дейт:

- Достук айылынын имамы катышкан эмес. Ошол себептен биз кабардар эмеспиз. Азыр сураштырып жатабыз.

Милиция Кулмурзаевдин 6 баласы барын, жубайы дагы “хизбутчу” катары шектелип, быйыл эки жылга шарттуу жаза алганын билдирди.

Сөөк коюунун мындай көнүмүш эмес расмиси алгачкы жолу өтүп жаткан жок. Буга чейин Өзбекстандын түрмөсүндө каза тапкан кыргызстандык жарандын сөөгү жок болсо дагы, Ошто жаназасын окуп, "Аллоху ахбар" деп кыйкырышкан.

“Хизб - ут Тахрир” - Кыргызстан аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салган радикалдык-экстремисттик диний уюмдардын негизгиси саналат. Ага 2004-жылы тыюу салынган. Бул уюмдун Кыргызстанда канча мүчөсү бар экени тууралуу так маалымат жок.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG