Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Тыюу салынган уюмдар арбууда


Тыюу салынган диний уюмдарга мүчө болгондордун айрымдары кантип алардын катарына кошулуп калганын билбей калганын айтат. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөттүн бул темага тиешеси жок)
Тыюу салынган диний уюмдарга мүчө болгондордун айрымдары кантип алардын катарына кошулуп калганын билбей калганын айтат. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөттүн бул темага тиешеси жок)

Ош милициясы аймактагы мыйзамсыз диний жамааттарга дээрлик 400дөй адам мүчө экенин жарыялады. Алардын көбү “Хизб-ут Тахрир” уюмунун катарында.

Диний маселелерди иликтеген адистер иш жүзүндө мындай уюмдардын мүчөлөрү расмий сандан бир топ көп болушу мүмкүн деп божомолдошот. Кыргыз бийликтери диний экстремизм көзөмөлдөн чыгып, коопсуздукка коркунуч туудурган деңгээлге жеткенин моюндарына алышкан.

Туура эмес багыттагы адамдар же андай уюмдан баш тарткандар журналисттер менен маектешүүгө көбүнчө макул болушпайт. Ой бөлүшкөндөрү аттарын айтууну каалабайт. Биз өткөн жылы “Хизб-ут Тахрир” уюмунан мүчөлүктөн чыккан 25 жаштагы жигитти кепке тарттык:

- Мен башында билген эмесмин, “хизбутчулардын” катарына кошулуп калганымды. Жөн эле мечитке барып жүрчү элек. Кадимкидей эле намаз окуп, диний китептерди окуп эле убакыт өткөргөнбүз. Бир-эки жыл окугандан кийин адамдарга тараткыла деп баракчаларды беришкен. Көбүнчө мечиттерге келген дааватчылар, өзүбүздүн молдокелер берет болчу андай кагаздарды.

Каарманыбыз азыр кадыресе тирилигин кылып жүрөт. Бирок маал-маалы менен милициянын көзөмөлүнөн өтүүгө милдеттүү.

Ноокат районунда да бул жигит сыяктуу алты адам өткөн жылы “Хизб-ут Тахрир” уюмунан мүчөлүктөн чыгышкан болчу.

Быйылкы алты айда Ош облусунун аймагында «Хизб-ут Тахрир» диний экстремисттик уюмунун лидери деп шектелген 5 адам, активдүү мүчөсү деп 14 киши камакка алынган.

Милиция берген маалыматтарга ылайык, Ош облусунда 386 адам Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга мүчө, 102си Ош шаарынын тургундары. Алар Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгында каттоодо турат.

Аталган мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, каттоого алынгандардын ичинен эң көбү “Хизб-ут Тахрир” уюмунун өкүлдөрү:

- Каттоодо тургандар ичинен «Хизбуттахрирчилердин» саны - 339, Вахабий агымында 36, Акрамий уюмунда 10, Салафи агымында 1 мүчө бар. Облустагы шектүү кишилер текшерүүгө алынган учурда 6 ай аралыгында «Хизб-ут Тахрир» диний экстремисттик кыймылына таандык болгон 1041 нускада таратма каражаттар алынган. Алар баракча, китепче, аудио, видео жазылган дисктер жана башка буюмдар.

Сыдыков билдиргендей, милициянын өздүк булактары аркылуу шектүү катары каттоого илингендер иликтөө иштеринен соң, соттун уруксат кагазы менен текшерүүгө алынат. Тинтүү учурунда табылган кылмышка тиешелүү буюмдардын негизинде темир тор артына отургузулат:

- Мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч жараткан уюмдардын мүчөлөрүнө каршы дайыма милиция тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп турат. “Экстремист”, “Легалдуу эмес” деп аталган атайын операциялардын алкагында дайыма тыюу салынган диний уюмдардын ишмердиги, алардын мүчөлөрү текшерүүгө алынат.

Диний жана социалдык маселелер боюнча жергиликтүү серепчи Расул Абазбек уулунун байкоосунда, соңку 10 жыл аралыгында өлкөдө өкүм сүргөн саясий туруксуздук аймакта ар түрдүү диний агымдардын ишмердигинин жогорулашына себеп болгон:

- Саясий туруксуздук өкүм сүргөн жерде ар кандай кыймылдардын, багыты туура эмес деп саналган агымдардын активдешүүсү анык нерсе. Орустарда бир накыл кеп бар: "ылай сууда балык кармоо оңой". Ошол сыяктуу, мамлекетте башаламандык болгон учурда, жарандардын башын айлантып, ар кандай уюмдарга мүчө кылып алууга аракет кылгандар максатка жетүүнү көздөйт. Тыюу салынган уюмдардын мүчөлөрү милиция каттоого алган 386 адамдан көп болушу да мүмкүн. Анткени тартип коргоо органдарында бул жаатта жүргүзүлүп жаткан жумуштарды азырынча өтө жогору деп баалоого азырынча эрте.

Расул Абазбек уулу бир өңчөй диний таалим-тарбиянын тандалбай жатканына да көңүл бурат:

- Кыргызстанда салттуу исламдын өкүлдөрү коомчулук менен конкреттүү иштеше албай жатат деп эсептейм. Менин байкоомдо мамлекетибизде мыйзамдуу диний саясат жүргүзгөндөр адамдардын ишенимине кирүү, коомдун тилин табуу жаатында берки тыюу салынган уюмдардын өкүлдөрүнөн чабалыраак. Андан сырткары диний тарбиянын ролу аябай чоң. Бизде ата-энелер баласынын диний мекемелерге барганына кубанат, бирок ал жакта эмнени үйрөнүп жатканы менен кызыккандар аз. Диний таалим-тарбияга мамлекеттик көзөмөл жетиштүү болбой жатат.

Жарандык коом өкүлдөрү июнь калабасынан соң тыюу салынган уюмдун мүчөсү деген айып менен Ошто өзбек тектүү жарандар суракка алына баштаганын, бул аракет аларга кине коюуга шылтоо экенин бир канча жолу айтып чыгышкан болчу. Бирок тартип коргоо органдары укук коргоочулардын бул айыптоосу чындыкка дал келбестигин билдиришкен.

Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын саны 12. Алар: «Хизб-ут Тахрир» уюму, «Түркстанды бошотуу кыймылы», «Чыгыш Түркстан ислам партиясы», «Түркстан ислам кыймылы», «Өзбекстан ислам кыймылы», «ал-Каида» уюму, «Талибан кыймылы», «Күртстан Элдик Конгресси» жана «Жихад топтору». Андан сырткары, Вахабий, Акрамий сыяктуу агымдарга да тыюу салынган.

Буга чейин андай уюмдардын мүчөлөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көбүрөөк экени айтылса, соңку жылдары республиканын башка аймактарында да көбөйө баштаганы айтылууда. Быйыл жазда президент Алмазбек Атамбаев диний кырдаал мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып, улуттук коопсуздукка коркунуч туудура баштаганын билдирген эле.
XS
SM
MD
LG