Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:06

Милиция кызматкерлери экстремисттик мазмундагы видеолорду даярдап, интернетте жайып жүргөн топтун мүчөлөрүн кармады.

Алардын экөө Оштогу жергиликтүү телеканалдардын биринде режиссер жана оператор болуп иштегени маалым болду.

Адистер соңку учурда экстремисттик-террористтик уюмдар үгүт ыкмаларын өзгөртүп, электрондук материалдарды көбүрөөк колдоно баштаганын, техниканын тилин билгендерди өз катарына кеңири тартып жатканын белгилешет.

Ички иштер министрлиги экстремисттик видео материалдарды даярдап, интернетке жайгаштыруу фактысы боюнча үч адам кармалганын билдирди. Министрликтеги 10-башкармалыктын бөлүм башчысы Тилекмат Молдобаев тергөөнүн кызыкчылыгынан улам, алар Ошто кайсы телеканалда иштегени, аты-жөнү азырынча айтылбай турганын маалымдады:

- Бул экстремисттик багытта уюшкан топ болгон. Анын башында колунда бар Чынара деген аял турган. Тасмаларды монтаждаганга каражат берип турган. Ошол аялдын күйөө баласы Ошто дагы бир телеканалда иштейт. Ал азыр издөөдө жүрөт. Булар материалдарды даярдап, түштүктүкүн түштүктө, түндүктүкүн түндүктө интернетке жайгаштырып турган. Ошол түштүктөгү топтун үч мүчөсү кармалды. Арасында Ош педагогикалык институтуна караштуу колледжде окуган студент да бар. Кармала элек, бирок шектелгендер бар. Биз анын үстүнөн иштеп жатабыз.

Молдобаевдин билдиришинче, тинтүү учурунда видеолорду монтаждаганга ылайыкташтырылган компьютерлер алынган жана андан жүздөн ашык видео материал табылган:

- Видеолордо негизинен “Хизб-ут Тахрир” экстремисттик партиясын даңазалап, ошонун идеологиясын жайылтууга аракет кылышкан. Азыркы биздин өлкөдө жана дүйнөдө, араб өлкөлөрүндөгү коомдук-саясий абалды чагылдырып, ошол жерде “Халифат өлкөсүндө жашасак, “Хизб-ут Тахрирдин" идеологиясы менен жашасак мындай иштер болбойт эле” деген мазмун жатат.

Молдобаевдин билдиришинче, диний экстремисттик уюмдар соңку учурда үгүт ыкмаларын өзгөртүп, мурункудай жер-жерлерди түрө кыдырып баракча, китепче таратпай, электрондук материалдарды колдонууга өткөн.

Милициянын колуна түшкөн материалдардын экстремисттик же жөн эле диний мазмунда экенин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия аныктап берет. Аталган комиссиянын жетекчисинин орун басары Табылды Орозалиев мындай материалдар соңку учурда көбөйүп кеткенин кеп кылууда:

- Материалдардын радикалдык жагы күчөп кетти. Экстремисттик материалдар абдан көп түшүп жатат. Салыштырып көрсөк быйыл биринчи кварталда былтыр ошол мезгилге салыштырмалуу диний экстремисттик материалдар эки эсе көп түштү. Кармалгандардын 99 пайызы жаштар. Эң өкүнүчтүүсү алардын арасында кыздар да бар. Бул эми мамлекетке каршы иштеген диний радикалчылардын жөн жатпаганынын белгиси.

Орозалиев мындай уюм-топтор техниканын тилин билген, сабаттуу, атүгүл мамлекеттик кызматта иштегендерди катарына кошкон көрүнүштү белгилеп өттү:

- Аларга да билимдүү адамдар керек да. Компьютерди, интернетти билген, техник балдарды тартат. Мамлекеттик кызматта иштегендерди тартууга аракет кылышат. Андай учурлар да бар. Мына ошондойлор Нарында, дагы бөлөк жактарда кармалып атат. Эми булар чыгып калгандары, чыкпай, билдирбей жүргөндөр да бар.

Серепчи Кадыр Маликовдун баамында, мындай тенденция эми барган сайын көбөйө бермекчи. Ошондой эле жаштардын, интеллигенциянын арасында саясий исламдын идеологиясын таратуу күчөйт. Маликов мунун бир канча себептерин санап берди:

- Биринчиден, маселен медиа-идеялык мейкиндиктеги кризисти, так, түз багытталган идеологиянын жоктугун айтса болот. Экинчиден, Кыргызстанды башкарган элитанын иш-аракетинен жаштардын, интеллигенциянын басымдуу бөлүгүнүн көңүлү калган. Апрель, июнь окуяларынан кийин айрым ойлонгон адамдар акыйкаттык боюнча суроолоруна жоопту саясий исламдан көбүрөөк издей баштады. Өзүңөр көрүп жатасыңар, тилекке каршы Кыргызстанда, региондо, ошол эле эл аралык мамилелерде кош стандарт саясаты жүрүп жатат. Тактап айтканда жашоо-турмуш өзгөргөн деле жок, бирок аймактык, улуттук эле эмес, социалдык жактан бөлүнүү күчөдү. Орусияга жана башка жакка иш издеп чыккан жаштар да радикалдык агымдарга тартылууда. Бул глобалдык мүнөзгө ээ болуп жатат. Демократиялык, светтик баалуулуктардан көңүл калуу - шариаттын нормалары мамлекеттин, атүгүл ар бир жарандын коопсуздугун сактайт деген ойго түртөт. Менимче, эми мындай шартта шариаттын жактоочулары көбөйөт.

ИИМдин 10-башкармалыгынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери диний экстремизм-терроризм боюнча 160ка жакын факт катталды. Былтыр болсо ушул маалдарда 140тай болгон жана анда 130га жакын адам кармалып, 95 кылмыш иш козголгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG