Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

Улуттар аралык, же диний араздашууну козутуп, жалган ушактарды тараткан экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү интернет сайттарга каршы иш-чаралар күчөтүлүүдө.

Улуттар аралык же болбосо диний араздашууну козутуп, жалган ушактарды тараткан экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү интернет сайттарга каршы иш-чаралар башталды.

Ички иштер министрлигинин онунчу башкы башкармалыгы мына ушундай маанайдагы он эки интернет сайтка Кыргызстандын аймагында бөгөт койду.

Интернет “чабуулга” чаралар

Динге жамынган экстремисттик уюмдар кийинки учурларда иштөө усулдарын өзгөртүшүп, өздөрүнүн үгүт иштерин жүргүзүүдө заманбап маалымат технологияны колдонууга өтүшкөн.

Мына ошондуктан ички иштер органдарынын онунчу башкы башкармалыгы экстремисттик жана террористтик маанайда маалымат тараткан интернет сайттарга бөгөт койо баштады.

Онунчу башкы башкармалыктын башчысы Таалайбек Акбаев бөгөт койулган маалымат сайттардын тизмесин ачык жарыялоого мүмкүн эмес экенине токтолду:

- Мен азырынча бөгөт койулган интернет сайттардын тизмесин ачык айта албайм. Анда биздин эрежеге туура болбой калат. Анткени мындай маалымат жарыяланып кетсе, адамдар ал сайттарды издеп, киргенге аракет кылышат. Бир мисал айтсам, жакында мына Өзбекстан Ислам кыймылынын интернет сайтына бөгөт койулду. Калгандары боюнча толук маалымат бере албайм. Биз сайттардын материалдарын терең изилдөөдөн өткөрүп анан соттун чечими менен аларга бөгөт коюп жатабыз.

Тактап, аныктоонун зарылдыгы

Ошол эле учурда коомчулук өкүлдөрү бөгөт койулган интернет сайттардын тизмеси ачык жарыяланышы керек экендигин айтып чыгышты. Анткени алар кайсы маалымат булагы кандай мүнөздөгү маалыматтарды тараткандыгы үчүн аларга бөгөт койулгандыгын коомчулук билүүгө тийиш деген жүйөнү айтышты.

Анткени тартип коргоо органдары экстремисттик деген шылтоо менен өздөрүнө ыңгайсыз интернет булактарын ооздуктоого жол ачып жатышы мүмкүн деген шектенүүлөр да жок эмес.

Акмат Алагушев

Акмат Алагушев

Медиа өкүлчүлүктүн жетекчиси Акмат Алагушев экстремисттик деп табылган маалымат булагына бөгөт койуудан мурун ага негиз берген жагдайлар ачык иликтениши керектигин айтты:

- Мына ошол эмне деген сайттар экенин мен билбейм. Ал сайттар коопсуздукка кандайча коркунуч келтириши мүмкүн экенинен да кабардар эмесмин. Мына ошондуктан ошол сайттарга бөгөт койгондо алардын мүнөзү так аныкталып, көрсөтүлсө жакшы болот эле.

Жыл башынан бери Кыргызстандын аймагында диний-экстремисттик маанайдагы маалыматтарды жайылтууга байланышкан 142 учур катталып, алардын ичинен 89у боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары коомчулукка дүрбөлөң салууга багытталган жалган ушактар интернет сайттары аркылуу таратылган учурлар катталган.

Таалайбек Акбаев мындай ошондой жалган ушактарды тараткан маалымат булактарын тактоо иштери жыйынтык бере электигин белгиледи:

- Мисалы, бир маалымат сайты Жаныш Бакиевдин жанкечтилери Кыргызстанга кол салууга даярданып жатышат деген жалган маалымат тараткан. Биз аны иликтегенде маалымат аныкталган жок. Мына ушуга окшогон коомго бүлүк салууга багытталган маалыматтарды кимдир бирөөлөр атайын чагымчылдык кылып таркатышат экен. Биз бул боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз.

Көзөмөлдүн кыйынчылыгы

Ошол эле учурда бир катар серепчилер ички иштер органдарынын маалымат коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча ишинен майнап чыкпайт деп күмөн санашат. Анткени экстремисттик уюмдар интернет булактары аркылуу маалымат таратуунун түрдүү жолдорун өздөштүрүшкөнүнө мисал келтиргендер бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаев мындай шартта интернетти толук көзөмөлдөөгө мүмкүн эмес экенине токтолду:

- Тилекке каршы мына ошондой мүнөздөгү маалыматтарды тараткан интернет сайттарын жабууга биз эмес, өнүккөн мамлекеттердин да күчү жетпейт. Албетте аталган он эки сайтка бөгөт коюшу мүмкүн, бирок алар кандайдыр бир жолдор менен кайра эле иштерин уланта беришет. Анткени интернетти толук көзөмөлдөөгө мүмкүн эмес болуп калды.

Ошол эле учурда Ички иштер министрлигинин онунчу башкы башкармалыгынын башчысы Таалайбек Акбаев Кыргызстандын аймагында расмий каттоого алынган интернет булактары, мезгилдүү басылмалар жана телерадио берүүлөр байкоого алынып турарын кошумчалады. Мында айрыкча этникалык жана аймактык бөлүп жарууга багытталган маалыматтардын жарыяланышын алдын алуу чаралары күчөтүлө тургандыгы белгиленди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG