Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:30

Жасалма кыргыз маркалары көбөйдү


Америкалык иллюстратор Эрик Стэнтондун чыгармачылыгын даңазалаган жасалма кыргыз маркалары, 29.09.2013

Америкалык иллюстратор Эрик Стэнтондун чыгармачылыгын даңазалаган жасалма кыргыз маркалары, 29.09.2013

Кыргызстанда почтага барып, марка жабыштырып, жакындарына кат же открытка салгандар жокко эсе.

Андай болгону менен, кыргыз маркалары дүйнөлүк марка базарында жогору бааланат. Аны билген көз боёмочулар жасалма маркаларды Кыргызстандыкы деп марка чогулткандарга сатып, ири пайда көрүп жатышат.

Почта маркаларын чогулткандар арасында Кыргызстан өзгөчө орунду ээлейт. Андай болгону менен, коллекционерлер арасында акыркы ай ичинде америкалык сүрөтчү Эрик Стэнтондун аялдар эркектерди былчылдатып сабап жаткан иллюстрациялары кандайча кыргыз маркаларына басылып калганы чоң талкуу жаратты. Балким кээ бир коллекционерлерге зордук-зомбулукту сүрөттөгөн жана даңазалаган маркалар жагаттыр.

Кандай болгондо да, дүйнөлүк коллекционерлер арасында "мусулмандар басымдуулук кылган Кыргызстан кандайча аялдар башкарып-бийлеген феминисттик коомду даназалаган иллюстратор Стэнтондун сүрөттөрүн өзүнүн улуттук маркаларына басып чыгарды?" деген суроо абдан кызуу талкууланып жаткан чак.

Кыргызстанда маркаларды басып чыгарган "Кыргыз маркасы" ишканасы аларды жасалма кагаздар деп сыпаттады.

Филателия – почта маркаларын чогултуу жана почта тарыхын изилдөөчү билим тармагы. Филателист – марка чогултуу менен алектенген адам.

Баса белгилей кетчү нерсе, адистердин болжолунда дүйнөлүк марка базарынын бир жылдык соода көлөмү 10 млрд. доллардан ашат. Жер жүзүндө 200 миллиондон ашык адам марка чогултуу менен алектенет. Белгилүү инсандардан "Куинз" тобунун солисти Фредди Меркюри жана "Ливерпулдук квартет" атыккан "Битлздин" ырчысы Жон Леннон марка ышкыбоздору экени белгилүү.

Жасалма кыргыз маркалары америкалык иллюстратор Эрик Стэнтондун сүрөттөрү менен гана чектелбейт. Буга чейин Гарри Поттер, Рим папасы Жон Пол II жана "Битлз" тобунун сүрөттөрү басылган маркалар да Кыргызстандыкы деп сатыкка коюлган.

Кыргызстан жасалма маркалардын жалгыз курмандыгы эмес. Мурдагы Советтер Союзунун башка өлкөлөрү да бул дартка чалдыккан. Алар тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы "Кыргыз маркасы" ишканасынын директору Абдыкадыр Абдыллаев "Азаттыкка" мындайча түшүндүрдү.

– Дүйнөдө ошондой проблемалар бар. Бул бир эле Кыргыз Республикасына таандык эмес. Биз Дүйнөлүк почта биримдигинин (ДПБ) мүчөсү болгондон кийин, ["Кыргыз маркасы"] ал жерде каттоодобуз. Азыр ар бирибиздин өздөрүбүздүн сайттарыбыз бар. Ал сайттардын дареги ДПБнин сайтында да турат. Жасалма маркалар болбосун деп, 2004-жылдан бери элдер [коллекционерлер] ДПБнин тиешелүү бөлүмүндө биздин маркаларды текшере алат. Ар бир чыккан маркага биз сертификат алабыз. Кыргызстанда 2008-жылдан бери ар бир чыккан маркадан эки нуска ДПБге жиберебиз. Бири сертификат алып, бизге кайтат. Өзүн өзү сыйлаган коллекционермин дегендер жасалма маркаларды албайт. Алар кантип алышты, каяктан көрүштү билет.

Демек марка чогулткандар оңойчулук менен эле Дүйнөлүк почта биримдигинин сайтынан Кыргызстанда кайсы марка качан чыккандыгын текшерип алса болот. Андай болгону менен, сентябрдын аягында аркы-беркини көп байкабаган, ишенчээк жана тажрыйбасыз филателист Эрик Стэнтондун иллюстрациялары басылган жасалма маркалардын коллекциясын ири суммага сатып алды.

Филателиянын тарыхына көз чаптырсак, марканын бабасы болуп эсептелген почта мөөрү мындан туура 4588 жыл мурда Байыркы Египетте башат алган. Фараон Аменоптис биздин заманга чейин 2775-жылы өзүнүн почтасынын мөөрүн басып кат жөнөткөнү тарыхка маалым. Ал эми Кыргызстанда Филателисттер коому 1923-жылы түптөлгөн. Каржы тармагында, байыркы жана сейрек кездешчү маркалар – альтернативдүү инвестиция каражаты болуп эсептелет.

Кыргызстан көз карандысыз болгондон кийин биринчи кыргыз маркасы 1992-жылы басылып чыккан. Анда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Сары-Челек көлүнүн сүрөтү басылган. Андан бери өлкөнүн көптөгөн кооз жерлери, чыгаан инсандары, улуттук кийимдер, кыргыз салттары жана спорттук оюндары Кыргызстандын маркаларынын көркүн ачкан.

Ал эми келечекте кыргыз маркаларына эмненин же кимдин сүрөтү басылаары тууралуу "Кыргыз маркасы" ишканасынын директору Абдыкадыр Абдыллаев мындайча оюн ортого салды.

– Бул марка жакында чыгат. Быйыл Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгы деп, ушул боюнча марка чыгарып жатабыз.

Жасалма маркалар – айрыкча талаштуу сүрөттөр же Кыргызстанга таптакыр тиешеси жок иллюстрациялар – мамлекеттин намысына доо кетирчү куралдар. Марка – бул өлкөнүн эгемендигинин белгиси. Ошондуктан көптөгөн жерлерде өз өлкөсүнүн маркаларын чогултуу патриоттуулуктун бир түрү болуп эсептелет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG