Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

Айыл чарбасын бутуна тургузуунун формуласы


Манас Саматов, Айыл чарбасы боюнча инженер-механик, техника илимдеринин кандидаты.

Манас Саматов, Айыл чарбасы боюнча инженер-механик, техника илимдеринин кандидаты.

Демейдегидей эле жазгы талаа жумуштарынын үзгүлтүккө учурашы дагы эле кайталанууда. Учурдагы айыл-чарба тармагын башкаруу системасы өзүнүн эч нерсеге жөндөмсүз экендигин толук көрсөттү.

Айыл чарба өндүрүшү биротоло талкаланып калбасы үчүн мамлекет менен дыйкандардын ортосунда жаңы, үзүрлүү мамилелер системасын түзүүгө мезгил келди.

Менин ынанымымда, айыл чарба өндүрүшүн техникалык жактан кайра жабдуу жолу аркылуу, менчик машина-тракторлук станциялар (МТС) тармагын түзүү жана колдо болгон айыл чарба техникаларын жаңыртууга умтулган айылдык механизаторлорго даректүү мамлекеттик колдоо көрсөтүү жолу менен кырдаалды өзгөртсө болот. Көйгөйлөрдү чечүүнүн бир гана жолу бар - бул лизинг кызматын өрчүтүү. Өлкөдө айылдыктарга мындай кызмат өтөй турган менчик каржылык компаниялардын, банктардын өнүккөн тармагы болушу шарт.

Белгилүү болгондой, айыл чарбасы өлкөбүздүн экономикасынын пайдубалы, Кыргызстандын социалдык портретинин негизи жана калктын көпчүлүк бөлүгүнүн жашоо каражаты, жумуш менен камсыздоочу тармак болуп эсептелинет. Мамлекеттин милдети - дыйканчылыктын эркин, натыйжалуу өнүгүүсүнө жана илимий жетишкендиктердин негизинде жүргүзүлүүсүнө, тармакта заманбап башкаруу ыкмалары колдонула баштоосуна шарт түзүп берүүдө турат.

Бирок биз бүгүнкү күнү дыйканчылыктын биринчи алиппесин туура колдонбой, негизги талаа жумушу болгон айдоо операциясын да сапаттуу аткара албай жатабыз. Бул болсо дыйкандардын негизги өндүрүш каражаты болуп эсептелген жердин керектен чыгып, колдонууга болбой турган даражага келишине себеп болуп жатат. Айдоо аянттарын отоо чөптөр басып кетиши акылга сыйбай турган масштабга жетип, айрым жерлер жапайы чөптөрдүн мекенине айланды.

Топурактын асылдуулугу айдоо жерлердин коррозиясынын күчөп баратканына байланыштуу жабыр тартты. Айтылгандар талап кылынган, сапаттуу, заманбап айыл чарба техникаларынын жоктугунан келип чыгууда: айдоо агрегаттары, кубаттуу айдоо тракторлору, сапаттуу соколор, ар түрдүү жер иштетүүчү машиналар, дансепкичтер, культиваторлор, дары чачкычтар, органикалык жана минералдык жер семирткичтерди сепкичтер, чөпчапкычтар, чөп боолагычтар, сенаж жана силос даярдоочу техникалар жана башка атайын асма жана чиркеме машиналар жетишпейт. Мал чарбасындагы өндүрүштүк процесстерди механизациялаштыруу жана автоматташтыруу да ыкчам түрдө төмөнкү деңгээлге түшүп, тоют даярдоо, аны таратуу, жана башка оор жумуштар кол күчү менен иштелет. Ветеринардык кызмат болсо колундагы эскилиги жеткен аспаптар менен иштеп калды.

Айыл чарбасынын пайдубалы - өндүрүштүк процесстерди механизациялаштыруу кыйрады. Дыйкандын кара күчү менен жасаган аракетинин акыбети болбогондуктан жер менен алектенүүсү пайдасыз болуп калды. Дыйкандар менен малчылар өздөрүнүн көйгөйлөрү менен өзүлөрү болуп – кара күчү жана чектелген жер үлүштөрү менен калып калды.

Жыйынтыгы белгилүү - айыл турмушу бузулуп, нуктан чыгып кетти, жакырчылык менен каатчылык элди ордунан козгоп, киндик кан тамган жерлерин таштап, жан сактоонун айласынан, жакшылыктын караанын издеп тентип кетүүгө мажбур болду...

Айыл жергесинин экономикасын атаандаштыкка жөндөмдүү жана диверсификацияланган нукка жетелөөчү реформаларды тездик менен иш жүзүнө ашырыш зарыл. Фермерлердин кызыкчылыгына жооп бере турган мазмундуу каржылык, агрардык жана техникалык саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү учурдун кескин талабы. Мамлекет менен дыйканчылык бизнесинин ортосунда болгон мамилелердин оптималдуу чегин жана ылайыктуу түрүн аныктоо зарыл. Жаңы система - дыйкандардын мамлекеттик башкаруу структураларына көз карандысыздыгын камсыз кылуусу керек.

Эл башылардын милдети - калп эле тендер деп аталган көз боёмочулук жолдор аркылуу айыл чарба техникаларын, минералдык жер семирткичтерди, үрөндөрдү, дүңүнөн сатып алуу жана бөлүштүрүүдөгү мамлекеттик чиновниктердин кичинекей тобунун кызыкчылыгын көздөгөн коррупциялык схеманы жоготууда турат.

Айылдык өндүрүштүн фундаменталдык негизи болуп эсептелген – өлкөнүн машина-тракторлук паркын жаңылоодогу, мамлекеттик насыялоолорду жана эл аралык гранттарды колдонуудагы максаттуулуктун, багыттуулуктун жоктугуна көңүл буруу керек. Насыялар менен тейлөө базарындагы эркин, жеке менчик өнөктөштөр менен мамлекеттин өз ара шериктештик байланыштарынын механизми жок.

Менчик каржылык компаниялардын, банктардын, бизнес структуралардын лизингдик кызмат көрсөтүүнү каалабагандыгы - мыйзамдык базанын мүчүлүштүгүнөн жана фермерлердин төлөө жөндөмдүүлүгү жоктугунан келип чыгууда. Айылдагы инфраструктуранын эскилигинен, айыл чарба өндүрүшүнүн рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгүнөн банкирлерге бул тармак жакпай, каржылык тобокелчиликке кирүүгө даабай турушат. Ошондуктан маселелер сыйкырдуу айлампага түшүп калгансыйт.

Чечкиндүү кадам шилтей турган мезгил келип жетти – реформаларга жол ачып, бир катар мыйзамдык жана эрктүү административдик чечимдерди кабыл алуу зарыл болуп турат:

1. Фермерлерге трактор, комбайн, айыл чарба машиналарын, мал чарбасын механизациялаштыруучу жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдыктарды алууга кызмат көрсөтүүчү өз алдынча лизингдик «Кыргызагролизинг» компаниясын түзүү керек.

2. “Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансылык компаниясынын” лизинг кызматы жаатындагы тажрыйбасын колдонуп, андан ары өркүндөтүп пайдалануу керек.

3. Айыл Банктын насыя берүү саясатын кайра карап чыгуу менен каржылык ресурсун пайдаланып, айыл чарба өндүрүшүнүн негизги каражаттарын жаңылоо максатында дыйкандарга лизинг кызматын көрсөтүү керек.

4. Өлкөдө лизингдик тейлөөнү өркүндөтүүгө тоскоол болгон бардык бөгөттөрдү жоюу, бул тармакта иштеген бардык катышуучуларга – лизинг берүүчүлөргө, лизинг буюмдарын жасаган заводдорго жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө - эркин шарттарды түзүп берүүчү иш-чараларын уюштуруу:
 бардык лизинг берүүчүлөрдү - банктарды, каржылык компанияларды, бизнес структураларды, кредиттик союздарды жана камсыздоочуларды бажы төлөмдөрүнөн, кошумча нарк салыгынан, негизги өндүрүш каражаттарын алып келип жаткандыгына байланыштуу, бошотуу керек. Мындан сырткары, лизинг келишиминин мөөнөтү бүткөнчө мүлктөн жана кирешеден алынуучу салыктардан да бошотулушу керек.

 Айыл чарба техникаларын чыгаруучу заводдордун өздөрүнүн машиналарын эркин атаандаштыктын негизинде сатуусу үчүн баарына бирдей, калыс, адилеттүү баштапкы шарттарды жаратуу керек.

5. Айыл чарба тармагын башкарууда реформа жүргүзүүнү иш жүзүнө ашыруу керек – Айыл чарба министрлигинин милдеттерин тактап, структурасын кайра карап чыгуу менен анын укуктарын, ошону менен бирге мамлекет жана дыйкандар коомчулугунун алдында жоопкерчилигин көтөрүү керек.

Фермерлерге заманбап менежменттин ыкмаларын колдонуу менен жогорку деңгээлдеги лизингдик кызматын көрсөтүү максатында "Кыргызагролизингди" жаңы барактан кайра түзүүнү сунуштаар элем. Лизинг идеясын жаманатты кылган, жалган лизингдик компаниялардын терс сабактарын кайталабаганыбыз оң.

Компаниянын негизги багыты – дыйкандардын айыл чарба машиналарына болгон суроо-талаптарын алардын өзүлөрүнүн каалоолорун эске алуу менен, эч кандай тендерсиз, алардын өтүнмөлөрүнүн негизинде аткаруу болуп эсептелет. Буга чейинки дүңүнөн сатылып алынган айыл-чарба техникалары жасалма тендерлер аркылуу, дыйкандардын катышуусуз ишке ашырылып келген. Андан ары техника тууганчылык, коррупциялык административдик бөлүштүрүү жолдору менен “токочтуу” же “дежурный” фермерлерге берилип келинген. Ар бир фермер менен жекече иштөөнү, аларга техниканы туура тандоодого жардам берүүнү, өзүн-өзү актоо мөөнөтү ижара мөөнөтүнө караганда кыска болуусу, компаниянын каржылык ресурстарынын кайтарымдуулугун камсыз кылган фундаменталдык принцип болушу шарт. Компаниянын кызматынын сапаты дүйнөлүк калыптанган салттарга, стандарттарга шайкеш болушу менен бирге, лизингге берилип жаткан машиналардын сапаты да ошого төп келиши керек.

Баштапкы каржылоочу булактар катары - Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү Фондунун атайын сактоочу эсебинде турган Жапон өкмөтүнүн, Кытай Эл Республикасынын кайтарылчу гранттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын, эл аралык донорлордун гранттык каражаттарын, өкмөттөр аралык келишимдин негизинде түшкөн, башынан эле ушул максатка каралган каражаттарды пайдаланса болот.

Ыкчам түзүлсө «Кыргызагролизинг» компаниясы өлкөбүздүн негизги өндүрүштүк тармагында жасалган чечкиндүү реформалардын башаты катары кабылданаарына ишенем. Жаңы техникалар жылда кайталануучу сезондук иштерге болгон даярдыктардын деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө болуп, дыйкандардын көз карашын түп тамырынан өзгөрүп, экономиканын агрардык секторунун келечеги кеңейип, элдин эртеңки күнүнө болгон үмүтү артып, мамлекеттик башкаруу органдарына болгон ишеничи көбөйөт. Айыл чарбасын техникалык жактан кайра жабдуу жана жаңы заманбап технологияларды колдонуудагы кесипкөйлүк - кирешелүүлүктү арттырууга жол ачат. Дыйкан эмгегинин үзүрүн, мартабасын көтөрүп ички миграциялык кыймылдарды ооздуктоого шарт түзөт. Айылдарыбыздын турмушу ошондо гана түп тамырынан өзгөрөт.

Жаңы түзүлүүчү компаниянын милдети – талкаланган “Кыргызайылтехника” системасын бүгүнкү күндөгү эркин базар экономикасынын шарттарына ылайыкташтырылган түрдө кайра калыптандыруу. Натыйжада – айыл турмушунун бүлүнүшү токтоп, өсүп-өнүүчү багытка бурулат. Машина-трактордук станциялар айыл жергесиндеги прогресстин кыймылдаткычы, өнүгүүлөрдүн өзөгү, кошумча нарк түзүүнүн салыштырма салмагын арттыруучу өндүрүш тизмегин өрчүтүүчү генератор болуп калат.

Манас Саматов, Айыл чарбасы боюнча инженер-механик, техника илимдеринин кандидаты

manas.samatov@gmail.com

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG