Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Кыргызстанда дыйкандар мамлекеттик колдоого муктаж экени дайым айтылып келатканы менен айыл чарба өлкө экономикасынын көйгөйлүү бөлүгү бойдон кала берүүдө.

Өкмөт өткөн жылдарга салыштырмалуу дыйкандар үчүн шарттар жакшырганын белгилейт. Аймактарда болсо жүз миң гектардан ашуун жер пайдаланылбай жатат. Кырдаалды 20 жыл мурун жерди менчиктештирүүдө кетирилген катачылыктар да оорлотуп келет.

Тикен баскан талаалар

Жалал-Абад облусунда мындан он жыл мурун бош калган эгин талаалары болчу эмес. Соңку кездери эч нерсе эгилбей, отоо чөп баскан үлүш жерлер көбөйдү.

Ноокендик фермер Момунжан Жороев мунун себебин дыйканчылыкка сарпталган каражат өзүн актабай, жаштар жумуш издеп чет элге кетип жатканы менен негиздейт:

- Жерди иштеткенге адам жок. Таштап кетип калбадыбы баары эле. Дыйкандар арзаныраак техникага, жер семирткичтерге муктаж. Анын баары кымбат болуп жатат.

Республиканын түштүгүндөгү дыйкандардын негизги көйгөйү - пахта баасынын көтөрүлбөй жатканы. Жыл сайын бул орчундуу маселе катары айтыла бергени менен баары сөз жүзүндө гана калып атканына кейиген Момунжан аксакал абал ушундай уланса, дыйканчылык талаалары кескин азаят деген ойдо:

- Дыйкандар күйүп бүттү. Быйыл пахтанын орточо баасы 35 сом болду. Былтыр чоңдор 40 сомдон өйдө болот деп айтты эле. Бирок андай болбой калды. Биздин кетирген чыгымдарыбызды бул баа актабайт. Химикаттар кымбат, техника кымбат. Бир гектар жер үчүн тракторчулар 1200 сомдон өйдө алат. Бир сезондо аз дегенде талаага 5 жолу трактор аралатыш керек. Пахтанын баасы 50 сомдон өйдө болгондо гана пайда табабыз.

Аймакта азыр элдин көбү беде өстүрүүгө өтө баштады. Анткени анын чыгымы аз. Оруп алып, боосун 70 сомдун айланасында сатып акча кылышат.

Төө буурчактан төөдөй пайда болобу?

Түштүк жактагы дыйкандардан айырмаланып, негизинен төө буурчак өстүрүү менен алектенген таластык дыйкандарга быйыл түшүмдүүлүк жагынан да, баа жагынан да кыйынчылык болгон жок. Буга чейин ортомчулар аркылуу бир килограмм төө буурчакты 30 сомдун тегерегинде сатып келишсе, быйыл түз эле чет өлкөлүк фирмаларга 90 сомдон жогору пулдап атышат.

Бирок ошого жараша жумушчу күчүнүн акысы да, күйүүчү майлардын баасы да көтөрүлгөнүн дыйкан Ислам Торгоев айтып берди:

- Быйыл бир күндүк эмгек акы 1000 сомдон болду. Он адам иштетсек, 10 000 сом акча төлөп жүрдүк. Күйүүчү май менен жер семирткичтердин баасы 1-2 сомго жогорулаганы байкалды.

Моңолбек Султанбаев, Нарында помидор өстүргөн дыйкан. 20-февраль, 2013-жыл

Моңолбек Султанбаев, Нарында помидор өстүргөн дыйкан. 20-февраль, 2013-жыл

Кант кызылчасын өндүрүү менен алектенген Чүй облусунун тургундары Совет учурунда он беш республикадагы дыйкандардын алдыңкы сабында болсо, учурда Кыргызстанды кызылча менен он пайыз гана камсыздайт. Бул цифра Айыл чарба министрлигинин быйылкы түшүм боюнча маалыматында айтылат.

Айыл чарбасы Кыргызстандагы ички дүң өнүмдүн 30 пайызын түзөт. Өлкө боюнча 360 000 майда чарбалар бар.

Министрликтин дыйканчылык башкармалыгынын башчысы Жигиталы Жумалиевдин айтымында, учурда 100 000 гектар жер пайдаланылбай турат. Буга сугат тармагындагы жетишпестиктер себеп болууда. Министрликтин маалыматында, быйыл бардык дан эгиндердин түшүмдүүлүгү башка жылдарга салыштырмалуу жогору болду.

Жигиталы Жумалиев буга тармакты өнүктүрүү үчүн өкмөттүн сунушу менен “Айыл банк” берип жаткан жеңилдетилген насыялар жана техникалык каражаттар таасир берип жатканын айтты:

- Быйыл 3 миллиард сомдон ашуун каражатты 13 миңдей дыйканыбыз алып, айыл чарба иштерине колдонушту. Дыйканчылык тармагына көңүл бурулбай жатат дегенге болбойт. Жыл сайын жакшы өзгөрүүлөр бар.

Жумалиевдин айтымында, дыйкандар насыяны 10 пайыздык үстөк менен алышат.

Чарбаларды ирилештирүү керекпи?

Экономика илиминин доктору, серепчи Аманкул Зулпукаров болсо министрликтин маалыматы менен иш жүзүндөгү абал бири-бирине төп келбейт деген ойдо:

- Келип жаткан техникаларды колунда барлар гана алып, пайдаланып жатат. Насыялар деле карапайым дыйканга жеткен жок. Өкмөттүн дыйкандарга көрсөтүп жаткан азыркы жардамы жетишсиз.

Зулпукаров белгилегендей, 1994-жылдагы жерлерди үлүшкө бөлүп берүү программасы дыйканчылык тармагынын солгундашына алып келди. Жылдан жылга начарлап бараткан абалды жакшыртуу үчүн жерлерди кайрадан кооперативдерге бириктирүү зарыл болуп турат:

- Жер дыйкандын өзүнүн менчиги болуп кала бериши керек, бирок кооперативге биригип, чогуу иштеш зарыл болууда. Азыр ар бир дыйкан өзү үчүн күйүүчү май, трактор издейт. Бир айылда жүз дыйкан болсо, баары өз-өзүнчө аракет кылат. Алардын башын бириктирүү керек. Өкмөт насыяны, техниканы кооперативге берсе, алга жылуу болот.

Кыргызстанда декабрдын аягына чейин талаада иштөө соңку үч жылдан бери адаттагы көрүнүшкө айланып баратат. Буга кол күчүнүн жана каражаттын тартыштыгы негизги себеп катары көрсөтүлөт. Серепчилер өлкөдө саясат маселеси алдыңкы орунга чыгып, дыйкандарга көңүл буруу солгундап кеткенин айтып келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG