Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Быйыл 9-майда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы майрамдалат. Европадан канчалык алыс жашасак да, Экинчи Дүйнөлүк согуштун залдары бизге да катуу тийген. Ал эмес дүйнөлүк биринчи согуш деле бизге таасирин тийгизип, ошонун айынан 1916-жылкы кандуу көтөрүлүш чыккан эмеспи.

Бирок 1941-45-жылкы улуу согуш биздин да согуш болду, кыргыз элинин нечен уул-кыздары бул кан майданга толугу менен катышты жана ал согуштан эрдик менен, нечен орден жана медалдар менен кайтып келди. Адамзаттын азабына жаралган фашизмди талкалоо үчүн кыргыз эли тылда да, фронтто да аябагандай каармандыгын көрсөтүп, Чолпонбай менен Дүйшөнкул баштаган нечен легендарлуу баатырларды берди. Биздин жоокерлер Үчүнчү рейхтин чок ордосу - Берлинге чейин жетти.

Көк-Жаңгак көмүр кесиминин комсомол-жаштарынын аялдар бригадасынын алдыңкы эмгекчилери. Көк-Жаңгак шаары. 1943-жыл.

Көк-Жаңгак көмүр кесиминин комсомол-жаштарынын аялдар бригадасынын алдыңкы эмгекчилери. Көк-Жаңгак шаары. 1943-жыл.

Эми Берлин маселесине келели. Адольф Гитлер Берлин шаарын байыркы Римден да өткөн улуу цитаделге айлантып, бүт дүйнө таң кала турган борбор кылам деп ой кылганы жакшы белгилүү. Баса, Гитлер курдурган Рейхстагдын имараты азыр да көргөн көздү таңгалдырып, мелтиреп турат. Фюрердин ою боюнча, дал ушул имаратта жаңы империянын башкаруу борбору жайгашып, ушул имарат Үчүнчү рейхтин көз кайкыткан символу болуп калмак. Ал эми Советтер Союзун болсо эртеби-кечпи жеңебиз деп ойлоп, “чагылгандай тез согуштун” планын жасап, аны кантип башкарууну, канча бөлүккө бөлүүнү алдын ала долбоорлогону өзүнчө кызык тема го.

Ошол Гитлер чоң Союзду беш бөлүккө бөлүп, ал эми Орто Азия регионун "Түркистан рейхскомиссариаты" деген ат менен башкарууну көздөгөн экен. Түрк калктарынын диний өзгөчөлүгү, тарыхы эске алынып, болочоктогу Рейхскомиссариатка татарлар, башкырлар, ал гана эмес алтайлыктар менен хакастар киргизилмек болгон. Бул планды ошол кездеги Германиянын эң эле мыкты деген ойчулу жана стратеги Альфред Розенберг иштеп чыгып, анын жетекчилиги астында түрк калктарынын эски тарыхы, жаңы маданияты жана улуттук өзгөчөлүктөрү тыкыр изилдене баштаган экен. Албетте, булардын баары бүт дүйнөнү таман астында башкарам деген фюрердин жармы төгүн, жармы чын фантазиялары эле дечи, бирок ошол ар түрдүү тарыхы жана маданияты бар элдердин ичинен Гитлер эмнегедир кыргыздарды бөлүп көрсөтүп, кыргыздардын атын атаганы белгилүү бир кызыгууну туудурбай койбойт. Анда сөз учугун ушул жакка буралы.

Д. Мельников жана Л. Черная деген советтик тарыхчылардын “Нацистский режим и его фюрер” деген китебинде (АПН басмасы, 1983) ушул тема боюнча бир топ жакшы маалыматтар берилген. Атап айтканда, фашисттик Германия аябагандай чоң план түзүп, ал планда Үчүнчү рейхти кантип дүйнөнү чеңгелдеп турган жаңы империяга айлантуунун айла-амалдары иштелип чыкканы айтылат. Ал пландар Адольф Гитлердин ар кайсы жерлерде айтылган же жазылган сөздөрүнүн жана ойлорунун негизинде иштелип, фашисттер Советтер Союзуна басып кирген учурда дээрлик даяр болуп калган стратегия болгон экен.

Панфиловчулар Ленин ордени менен сыйлангандыгы жөнүндө СССР Жогорку Советинин президимунун катын окуу учуру. 1943-жыл.

Панфиловчулар Ленин ордени менен сыйлангандыгы жөнүндө СССР Жогорку Советинин президимунун катын окуу учуру. 1943-жыл.

Албетте, кагаз жүзүндө ар кандай долбоорлор иштеле берет го, бирок ошол планда Берлинди дүйнөдөгү бүт баары шайма-шай шаарлардын бирине айлантып, ал шаарды кийин планетанын ар кайсы жерлеринде жашаган элдерге көрсөтүү максаты да коюлган. Ошол глобалдык масштабдагы пландарын ортого салып жатып, Гитлер мындай деген оюн айтат: “Биз орустун учу-кыйырсыз жерлерин багындырган соң, ал жерде немистердин үлгүлүү чарбаларын уюштуруп, башкаларга үлгү боло турган айыл-кыштактарды курабыз. Немистердин мекемелери адам суктана турган имараттарга жайгаштырылып, иштегендер үчүн бардык шайма-шай шарт түзүлүшү керек. Айыл-кыштактар шаарлардан 30-40 чакырым жерде курулуп, ортолоруна эң сонун деп айта турган жолдорду курушубуз абзел. Ошондо жок дегенде жылына бир жолу көргөзмө жасап, Берлиндин көчөлөрүнөн кыргыздардын кошуундарын (отряддарын) алып өтүшүбүз керек, себеби алар биздин борборду билсин, борборубуздагы таш эстеликтерди көрүп, Германиянын улуулугу менен кубаттуулугун сезсин”. Бул Адольф Гитлердин айткандарынын сөзмө-сөз котормосу.

Кыскасы, тез аранын ичинде дүйнөнү башкарам, бүт баарын немистердин таман алдында кармайм деген Гитлер эмнегедир мактаныш үчүн Берлинге кыргыздарды чакырам, Германиянын мактанычтарын кыргыздарга көрсөтөм дегени ар кандай ой жорууларды жаратпай койбойт. Ушуга байланыштуу биздин белгилүү германист, немис тилинде түш жоруган профессор Амангелди Бекбалаев мындай деген ойду айтат: “Албетте, Адольф Гитлер - фашизмдин анабашы болгон адам. Анын жасаган кылмыштары, ал баштаган дүйнөлүк согуш адамзатка не деген азап менен тозокту алып келбеди. Анын пландарын окуп отурсаң - өзүнчө эле бир фантастика, ошону менен бирге көңүл бура турган моменттери да жок эмес. Маселен, анын СССРди башкаруу боюнча жасаган алдын ала пландары кантсе да тарыхты, анын ичинде биздин да кабарыбызды кандайдыр бир деңгээлде билгенин, түшүнгөнүн кабарлап турат. Бирок эң кызыгы - анын кыргыздар тууралуу айтканы. Берлинди адам таң кала тургандай шаарга айланткандан кийин анын көчөлөрүнө башка кимдир бирөөлөрдү эмес, дал кыргыз кошуундарын алып өтөм, ошолорго шаарды көрсөтөм, ошолорго мактанам деген сөзүндө баары бир бизге урмат менен мамиле кылып жатканын, биздин тарыхтан кандайдыр бир кабары бар экенин кабарлайт”.

Ырасында да профессордун пикиринде чындыктын чоң үлүшү жаткансыйт. Бир канча улуттарды (мис. жөөттөр менен цыгандарды) таптакыр эле жер үстүнөн тыптыйпыл жок кылып таштайм, славяндарды кул кылам деп максат кылган Адольф Гитлердин кыргыздардан куралган аскер кошуунун элестеткени, ал кошуунду Берлиндин көчөлөрү аркылуу өткөрөм дегени өзүнчө кызык. Демек, анын кыргыздар тууралуу маалыматы да, өз билишинче пикири да болгон сыяктанат. Антпесе, ошончо көп калктардын жана улуттардын арасынан кыргыз калкын эч качан бөлүп көрсөтмөк эмес. Кыргыздардын кошуунун (отряддарын) Берлинге алып келем деп план курмак эмес.

Демек, Борбор Азиянын эң эле эски калктарынын бири - кыргыздар фашисттер үчүн жөн калк болгон эмес жана биздин элибиз тууралуу кабар аларга жакшы белгилүү болгон.

Бул, албетте, мактаныч эмес. Муну тек гана чоң тарыхтын чоң фактыларынын бири деп карашыбыз керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG