Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Үстү-үстүнө кийим алабыз, кийинүү маданиятын билбейбиз


Кыргызстандык тигүүчүлөрдүн колунан чыккан кийимдер. Москва. 2014-жыл

Кыргызстандык тигүүчүлөрдүн колунан чыккан кийимдер. Москва. 2014-жыл

“Адамдын ичи-сырты бирдей адеми болушу абзел: дидары да, кийими да, дили да, ою да” А.П.Чехов.

Кээ бири “Дордойду” мактаса, айрымдары аны мактоодон алыс. Арзан кийим алгысы келгендер үчүн Казакстан базарларына салыштырмалуу “Дордойдон” өтөрү жок. Ал эми сапаттуу, саркеч, заманбап, купулга толорлук кийимди издесеңиз, “Дордойго” барып, убара болбоңуз.

Чынында эле бир аз акча менен “Дордойдон” баштан-аяк кийинип алсаңыз болот. Бирок эгерде азыркы моданын талабына төп келген, саркеч, сапаттуу кийим алгыңыз келсе, анда сиз кыргызстандык тигүүчүлөрдүн кардары эмеси экениңизге айтылуу базарды аралап жүрүп ынандым.

Кардар кийимди кантип тандайт? Адегенде алармандар кийимдин фасонун, жарашыгын, саркечтигин карап көрүп, алар кардардын түшүнүгүндөгү моданын заманбап талабына дал келсе, анда өңү-түсүн, көлөмүн, баасын сурайт. Сатуучу менен кардардын ою бир жерден чыкса, экөө тең ыраазы.

Менин тигүүчү жана бычмачылык кесипкөй билимим бар. Ошондуктан кийимди кылдат тандайм. Кийимдин жакшы-жаманын, нарктуу же арзан кездемеден экенин, тигиштердин туура, туура эместигин бир көрүп эле билем. Көзүмө жаккан товарды колума алып кармап көрөм. Көз алдашы мүмкүн, бирок манжаларым бардык кемчиликти табат. Колго кармаганда эле кездеменин жайын сезем. Демек, көзүмө да, колума да жаккан кийимдин гана мага керек өңүн, баасын сурайм. Бирок каалаган нерсени өз колуң менен жасаганга жетеби, кийимди көбүнесе өзүм бычып-тигем.

“Дордойго” келип, жергиликтүү тигүүчүлөрдүн товарларын саткан контейнерлерди көздөй жөнөдүм. Максатым - сатыкка коюлган көйнөк-көнчөктүн тигилишине кесипкөй тигүүчүнүн сын көз карашы менен баа берүү. Демек, сыным катуу, сөзүм ачуу болору турулуу.

Кыргызстандык тигүүчүлөрдүн колунан чыккан товарлардын бир катарын аралаганда эле атамекендик ишкерлерди колдоодон баш тарттым. Кийим менен ар бир адамдын табият берген сулуулугун, башкалардан айырмасын ачып көрсөтүп, жада калса башкалардан сымбаттуу кылып көрсөтүү же тескерисинче пас кылып, одоно жана серт кылып көрсөтүү мүмкүн экенин билген жаным жергиликтүү өндүрүшчүлөр бул миссиясын аткара албасын баамдадым.

Албетте, арзан, жарашыксыз, сапатсыз кийим адам баласына даража да, көрк да, салабаттуулук да бере албайт. Демек, кийим бир гана жонго салынган тигилген кездеме сыяктуу да, дене-башты ысыктан же сууктан, жаан-чачындан гана коргоо жана адамдын жынысына, жаш курагына, кызматына жараша милдет аткарып жаткандай. А эстетикалык милдетичи? Кийим денебизге көрк берип, ажарыбызды арттырып турарын, денедеги анча-мынча кемтиктер менен мүчүлүштүктөрдү жаап- жашырарын биздин тигүүчүлѳр эсине албай жатышабы, деген суроо туулат.

Бир гана киреше кубалаган жергиликтүү ишкерлер кымбат баалуу, сапаттуу, саркеч жана нарктуу кийим тигүүчүлөрүнүн абройуна жете албай жатышат. Же аракет кылгылары жоктой сезилет.

Ошентип, кыргызстандык тигүүчүлөрдүн өзгөчөлүгү эмнеде деген ой-толгоого баттым. Алардын амалы кийимдерди бычууда колдонгон үлгүлөрүндѳ экенине көзүм жетти. Жергиликтүү кийимдер абдан келишимдүү көрүнөт… Бирок, манекендердин үстүндө гана. Киши манекен эмес го, биз дайым кыймыл-аракетте жүрөбүз. Канчалык кыймылдаган сайын кийимдин канчалык сапаттуу же сапатсыз экени билине баштайт. Эгер кийимиңиз баштапкы көрүнүшүн бат эле жогото баштаса (пальто, костюм, плащтар сатып алынгандан кийин кеминде эле 5-10 жылга чейин үтүктү талап кылбоосу зарыл), анда сиз маңдай териңиз менен тапкан акчаңызды туура эмес короттуңуз дей бериңиз.

Бишкектин көчөлөрүнөн эмнени байкайбыз? Түлөгөнү аз келгенсип пальтосун бырыш-тырыш кылып кийинген улан-кыздар көп учурайт. «Ушундай туура болсо керек», «ушундай болуш керек», «ушинтип атайы жасалган» деген ойго макул болуп, ошо бойдон кийип жүрүшөт. Жетиле элек балдар улуулардан көргөнүн көргөндөй туурарын, жаңы нерселерди тез кабыл аларын эске алсак, ошол бырыш, өңү серт, көрксүз кийимдер жаштардын адамдык ажарынан ажырагыс нерсе болуп каларынан шегим жок. Бул көрүнүш - биздин, улуу муундардын балдарыбызга кийинүү маданиятын үйрөтпөгөнүбүздүн натыйжасы, ал эми жалпы маалымат каражаттары жана түрдүү жарнамалар жашоонун негизин кийим түзөт деген ойду кеңири жайылтууда. Кийимди туш келди сатып ала бермей адатыбыз күч алганы менен кийинүү маданияты жоголууда.

Канткен күндө да, келечектеги дизайнерлер, ишкерлер, тигүүчүлѳр азыркы кейиштүү абалды оңдоп кетер деген үмүтүм бар. Жакынкы келечекте ѳзүбүздүн кыргыз ишкерлердин колунан чыккан кийимдерди сыймыктануу менен кийип каларбыз деп күтөм. Анткени, азыркы кийимдердин үлгүлөрү кытай, түрк, корей кийимдеринен көчүрүлүп жатат. Кыргызстанда жашаган элдердин тулку-боюна, кебетесине, ажарына шайкеш келтирилген үлгүлөргө муктаждык бар. Анткени, ар улуттун, кайсы бир аймактагы адамдардын дене-бою, келбети бөлөк элдерден айырмаланат. Анын сыңары кыргызстандыктардын да дене- бою кытай, түрк, корейлердикинен айырмаланып турат эмеспи.

Англис сапаты, француз аземи, немис тактыгы деген сөздөрдү көп эле угуп жүрѳбүз, алар - мезгил сынынан ѳткѳн түшүнүктөр. Эгерде дизайнерлерибиз ушул түшүнүктөрдү колго алып, мындай деген аралашма брендди жаратса деп сунуш кылам: кыргыз этно+ англис сапаты+ француз аземи+ немис тактыгы+ кытайдын чаалыкпастыгы. Андай күн келгенде дүйнө кыргыз кереметине суктанат эле. Үмүт үзбөйлүчү.

Жылдыз Менгиш кызы

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG