Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Мамытов: Сайтты жабууга негиз болгон


Кыргызстанда fergana.ru сайтынын жабылышы тууралуу Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы, депутат Токон Мамытов маек курду.

“Азаттык”: Мамлекеттик байланыш агенттиги, “Кыргызтелекомго” кайрылганыбызда алар тапшырманы гана аткарып жатышканын, бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому бар экенин айтып жатышат. Азыр fergana.ru сайтынын жабылышы боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. Сайт эмнеге жабылганын окурмандарга түшүндүрүп берсеңиз?

Токон Мамытов: Былтыр июнь окуясы боюнча депутаттык комиссия өзүнүн иши жөнүндө парламент жыйынында отчет берген. Ошондо бир топ депутаттар Кыргызстандын улуттук саясаты, улуттар аралык мамиле, июнь окуясынын чыгышы, Киммо Килюнен башында турган эл аралык комиссиянын тыянагы боюнча бир канча сунуштарды киргизишкен. Ошол кезекте аталган сайтка “Чөөлөр сааты” китеби чыгып, кыргыздарды басмырлап, улут, тил, динге шек келтирген терс макаллар чыкканда депутаттар биздин комиссияга сунуш киргизген. Ошондо парламент көбүнчө Фергана.ру сайтында Кыргызстанга карата терс пикир айтылып атат, ошону карап көрсөңөр деген токтом кабыл алган.

“Азаттык”: Токтом кабыл алынганына 8 ай болуптур. Анан эмне үчүн ушунча убакыт өткөндөн кийин аткарылып атат бул токтом деген пикирлер да айтылып атат?

Токон Мамытов: Биз карап көргүлө деп токтомду өкмөткө, тиешелүү органдарга, мекемелерге жөнөткөнбүз. Алар “бул бизге баш ийбейт экен, чет өлкөдө турат экен. Азырынча жаба албай жатабыз” деп жооп келген. Ошол маселени чечиш үчүн ушунча убакыт өттү го деген ойдомун.

“Азаттык”: Ушундан улам Кыргызстандагы сөз эркиндигинин келечегине кепилдик барбы? Сөз эркиндигине чабуулдун башталышы деген пикирлер да жок эмес?

Токон Мамытов: Муну сөз эркиндиги менен салыштырган туура эмес. Себеби бул жерде улуттар аралык мамилеге чок салып, бир улутту кемсинтип, аброюна шек келтирүү негизинде жасалган иш. Демократия, сөз эркиндиги менен түк байланышы жок. "Кыргыз акмак, ит, дүйнөгө жашаганга акысы жок, тоодо жайылып жүрүш керек" деген мааниде айтылган сөздөр болуп атса сөз эркиндиги деп эле оозубузду ачып жүрө беребизби. Ошондуктан Фергана.ру сайтынын жабылышы менен сөз эркиндигинин байланышы жок.

“Азаттык”: Сиздер сайтты жабардан мурда бул сайттын кыргызстандык окурмандарга таасирин, канча окурман кирерин иликтеп көрдүңүздөрбү? Чын эле ушул таасирдүүбү, өлкөдөгү коомдук пикирди өзгөртө алчу агенттик деп эсептейсиздерби?

Токон Мамытов: Биз ушунун баарын карап, иликтеп, анализдеп көргүлө деп өкмөткө тапшырма бергенбиз. Эгер чын эле ошондой болсо, жабууга негиз болсо анан карагыла дегенбиз. Өкмөт карап ушундай чечимге келди.

“Азаттык”: Кыргызстан коопсуздугуна коркунуч жаратып атат деп башка дагы сайт, гезиттер жабылып, өлкө имиджине таасири тийбейби?

Токон Мамытов: Кыргызстанда башка сайттарда өлкө коопсуздугуна коркунуч алып келген учур болгон эмес. Фергана.ру деле ошол кезде Кыргызстан элине, улутуна, маданиятыбызга терс сын-пикир айткан, ошол учурда гана. Биз Ош окуясы, анын алдында жана андан кийинки убакты гана алып бергенбиз. Азыр маалымат саясаты өзгөрүп, башка багытта, нукта баратса ага каршылыгыбыз жок. Азыр жабуу-жаппаш маселесин өкмөт чечиш керек. Алар “силердин токтом боюнча өз учурунда жаба албай калдык. Эми 8 ай өттү. Андан бери жакшы болуп, оңолду, элди бөлүп-жаргыдай саясаты жок" десе биз кайра карап, колдоп беребиз.

XS
SM
MD
LG