Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Түркияда чет элдик студенттер визаны университеттен алышат


Түркиядагы чет элдик студенттерге, мугалимдерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө виза алуу жараяны университеттерде жүргүзүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн жогорку билим берүү мекемесинин расмий сайтында кабарланды.

Ички иштер министрлигинин жана Түркиянын жогорку билим берүү мекемесинин ортосунда кол коюлган макулдашууга ылайык, эми визага керектүү документтерди министрликке университеттер жиберишет.

Мурда виза алчу адам өзү Ички иштер министрлигине барышы керек эле. Кезек көп болгондуктан, виза алышка узак убакыт талап кылынчу.

Жогорку билим берүү мекемесинин жетекчиси Йекта Сарач билдиргендей, бул протокол чет өлкөлүк студенттердин жана окутуучулардын виза алуу мөөнөтүн кыйла кыскартат.

Түркияда 1994 кыргызстандык студент билим алат. Жогорку билим берүү мекемелеринде 41 кыргыз окутуучу эмгектенет.

Түркияда чет өлкөлүк студенттердин саны боюнча Азербайжан биринчи орунда турат. Бул өлкөнүн 12504 студенти Түркияда окуйт. Студенттер саны боюнча Кыргызстан жетинчи орунда. (ElB)

XS
SM
MD
LG