Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Быйыл жакын агабыздын орус аялын орусча гробго салып, орусча узатып, бирок мүрзөгө кыргызча койдук. Эч ким өкүргөн, эч ким кошок кошкон жок.

Боз үйдүн эшигин түрүп койгон экен, шаардык кыргыздар гробдо жаткан маркумга кирип-чыгып “коштошуп” жатышты. Ага дейре түнү бою шам жандырып, поп келип аятын окуп, ырымын жасап кеткен дешти.

Сөөк чыкканча илим доктору, профессор Эсенбек Мамбетакунов акем экөөбүз сүйлөшүп олтурдук.

- Глобализация ушул,-деди ал.

- Эсенбек аке, ушундай өлүм-житимде чет өлкөдө жашаган кыргыздар кантет? Айрымдары ата-энелерин ала кетип, биротоло ошол жакта калып калгандары да бар. Кокус атасы же апасы көз жумса кандай болот? Биздикиндей бозүй тиге салып, казганактап чогула калган эли жок, кайгы-муңун бөлүшө турган коңшу-колоң, жакындары жок, анан тиешелүү агенттигине акчасын төлөп, өлүк койчу кызматын чакыртып, анысы сөөктү крематорийине алып кетип, эртеси сөөгү “өрттөлгөнүн” тастыктаган бир ууч күлү менен бир тилим квитанциясын колуна карматып... ошону менен баары бүтүп...

Анан ошол жакта туулуп, ошол жакта өскөн кыргыздын бир-эки мууну алмашкан соң кантип аларды “кыргыз” деп айтасың? Тил деген, салт деген элдин тамыры эмеспи, анан тамырынан ажыраган кыргыз бара-бара башка элге сиңе берип, элдигинен да ажырайт эмеспи. Кийин-кийин алардан сурашса: “Тээ кайсы бир доордо биздин ата-бабалар Борбор Азиядан көчүп келген дешет, бирок аныгын деле билбейбиз, билгенде эмне? Адам кайсыл жерде жакшы жашаса болду да” деп калышат го дейм?

- Глобализация деген ушул,-деди акем.

- Глобализация бизди “гробализацияга” айлантканы калды,-дедим.

* * *

Мен мунумду “Агындылардын” 3-китебине жазып салып, жообун табалбай жүргөнүмдө кудай жалгап Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу экөөнүн Канаданын Монреалында өткөн, дүйнөдөгү эң эле кадыр-барктуу деген Эл аралык кинофестивалдын Баш байгеси - “Алтын каректи” жеңип алган “Атанын керээзи” аттуу фильмин көргөндөн кийин даана жооп алдым.

* * *

Демократия келгенден берки доор кыргызды кайда гана чачпады? Кандай гана ийлебеди? Арак сатып, калак сатып, завод-фабрикаларды бузуп, талкалап, таарып, темир сатып байыгандар акырындап ар-намысын, абийри менен уят-сыйытын, ыйман-ырысын сатып байыганга өттү. Буларды карап туруп, алты саны аман-соо, алдуу-күчтүү айылдык Мураттын да байларга окшоп байыгысы, алкынтып машина мингиси, жакшы жашагысы келди. Акчасы жок кантип байыйт? Анан адегенде жатындаш инисинен, анан айылдаш тууган-туушкандарынан, жакындарынан “бат эле кайрып берем” деп карыз ала баштады. Бирок иши оңолбой, карыз үстүнө карыз басып, алгандарын кайтарып бералбай, банкроттон банкротко батып, эл-журттан чыгып калган кезде баарына кайыл болуп, үй-бүлөсүн алган бойдон түнү менен Америкага көчө ачып жок болот...

* * *

Окуя Америкага барып жашап калган Мурат өлүп, өлөрүндө баласына акыркы аманатын айтып, беш жашында кеткен бала он беш жылдан кийин туулуп-өскөн айылына, тышын куурай, ичин желе басып, каралбай, таралбай, бак-шагы буталбай, чеке-бели урап, эскирип, кароосуз калган үйүнө келип, атасынын керээзин кантип аткарарын билбей, жападан жалгыз аталаш агасы Чорону табалбай карайлап турган Азаттын “азабынан” башталат. Акыры Азат атасынын карызынын баарынан кутулду. Эми маркумдун акыркы аманаты калды. Ал аманат – Америкадан өзү менен кошо ала келген атасынын “сөөгү”, чындап келгенде сөөгү эмес, сөөктүн крематорийден өрттөлүп, банкага сала келген бир ууч күлү. Ошону жерге бериш керек эле...

* * *

Ошентип кинорежиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Атанын керээзи” фильмин көрүп бүткөн соң улуу кинорежиссерлор Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Мелис Убукеев, улуу кинооператорлор Нуртай Борбиев, Манас Мусаев, Кадыржан Кадыралиев агаларыбыз жараткан бир кездеги “Кыргыз кереметинин” көтөрүлбөй келаткан Көк Туусу кайрадан көтөрүлгөнүнө жетине албай сыймыктандым.

* * *

Фильмди көрүп атып, адегенде кинодогу “паузалар” өтө эле узактай сезилип туруп алгандыктан, тажай баштаганымды билгизбей, эптеп чыдап олтурдум. Мени “кетирбей” кармап турган нерсе – ата-энең менен ага туугандарыңды, жакындарыңды, өткөн менен кеткениңди эстетип, сагынткан айылдын жашоо турмушу эле. Анан бир аз өтпөй жашый баштадым. Ыйлайбайын десем да болбой эле бүткөн боюм дирилдеп, бошоп кетип аттым. Анан мен дагы Америкадан кайтып келген Азатка окшоп, атасынын керээзин кантип аткарардын айласын издеп, “аферист” агасынын азабынан түрмөгө кесилип, туулуп-өскөн айылына батпай көчө качып, ошол бойдон кайда кеткенин эч ким билбеген иниси Чорону табалбай айласы куруган балага айланып, “Чоронун кайда экенин билесиңерби?” деп кимге чаларымды, кимден сурарымды билбей карайлап, өчүрүп салган соткамды кармалай коюп жаттым...

Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу.

Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу.

Айылдын аттуу-баштуу адамдары акылдашып, молдосун да, шариятын да кыргыздын салтына жыгып, көпкө сүйлөшүп, акыры атасынын “сөөгү” жерге берилип, куран окулуп, топурак салып кайтып бараткандардан баланын:

- Атам кандай киши эле? - деп үч жолу сураганы...

- Жакшы киши эле.

- Жакшы киши эле.

- Жакшы киши эле,-деп, элдин берген үч жолку жообу... Жаңы бейиттин жанындагы унчукпай кала берген эски бейиттер, унчукпай тарап бараткан кишилер... Унчукпай демин ичине катып, өзүн өзү тыңшап калган зал, көрүүчүлөр...

Анан жарык жанып, баарыбыз эс-мас болуп, эмне дээрибизди билбей, кино көрбөйле, өлүк коюп келаткан кишилердей болуп сумсайып, бири-бирибизди үнсүз тиктешип, бир саамга тынып тургаыбыз...

...Көрсө, кыргыздын сөөгүн көмгөн менен кыргыздын салтын көмүү мүмкүн эмес экендигин, кыргызды глобализация менен да, топон суу менен да, миң түркүн дин менен да жок кылуу мүмкүн эмес экендигин, кыргыз салтын сактаса, кыргызды салты сактарын, ушул кезге дейре сактап да келген да салты экенин Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу керемет киносу аркылуу даана далилдеген экен, азаматтар! Айрыкча өмүрдүн көбү кетип азы калган, акылдын куму кетип, ташы калган ушул курагымда буга чейинки кинолордон мынчалык каниет алып, мынчалык ыраазы болгон жок элем. Көрсө, кайсыл бирөөлөр айтып жүргөндөй кыргыздын “жаман жагын” көрсөтпөй туруп деле, кыргызды мазактап, шылдыңдабай туруп деле, кыргыздын нарктуу, салтуу эл экендигин даңазалоо менен дүйнөлүк шедевр жаратса болорун, дагы бир жолу түшүндүм. Баракелде, жигиттер!

* * *

Дагы бир айта кетчү жагдай, фильми Канадада дүңгүрөп сыйлык алып жатса, авторлору Бакыт менен Дастан учуп барганга визасы жок быякта калганычы? Бизде же бизге окшогон башка бир өлкөлөрдүн биринде болсо, “Эмне үчүн өздөрү келген жок? Атасынын гөрү, таалайынан көрсүн!” деп фильмин сынакка кошмок тургай, “талаага таштап” салмак. Же калппы? Фильмдеги ойду, кыргыз деген өлбөй турган өлбөс-өчпөс нарк-насили бар улуу эл экенин түшүнгөн Канададагы өтө абройлуу Эл аралык киносынактын калыстарына Улуу кыргыз элинин атынан миң мертебе ыракмат дегим келет!

* * *

Дүйнөлүк киносынактын “А” класс, анан “Б” класс дегендери болорун, “А” класстын сыйлыгын алмак тургай, тарткан тасмаңдын “А” класстын тизмесине илинип калгандыгынын өзү эле оңбогондой чоң жетишкендик катары эсептелерин ойлогондо, бүгүнкү күнгө дейре “мен” деген кинорежиссерлордун кино тасмалары далай жылдан бери “А” класс тургай “Б” класска өтө албай келатканын ойлогондо, Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун жеңиши бул эми жакында эле баарыбызга “Көчмөндөр оюну” бергендей духту берген, сыймык берген, биз баарыбыз кубана турган жеңиш десек болот! Анткени “Атанын керээзи” татыктуу болгон “Алтын карек” баш байгесин буга чейин азыркы КМШ өлкөлөрүнүн бир дагы фильми ала элек болучу.

Коштошуп жатып, балдардан төмөнкү тизмени сурап алдым.

* * *

“А” класстагы Дүйнөлүк кинофестивалдарда Кыргыз киносунун чоң жеңиштери:

«Ак илбирстин тукуму» режиссер Төлөмүш Океев. Берлин Эл аралык кинофестивалы, «Күмүш Аюу» сыйлыгы.

«Бешкемпир» режиссер Актан Арым Кубат. Локарно Эл аралык кинофестивалы, «Күмүш Леопард» сыйлыгы.

«Көч» режиссер Марат Сарулу. Таллин Эл аралык кинофестивалы, «Күмүш карышкыр» сыйлыгы.

«Атанын керээзи» режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу. Монреаль Эл аралык кинофестивалы, Башкы байге «Алтын карек» сыйлыгы.

* * *

Акырында айтарым, биз спорттун кайсы бир түрү боюнча Эл аралык мелдеште алтын медалга татыктуу болуп, кыргыздын Желегин желбиретип, Гимнин ойноткон спортсменди кичүүбүздөн чоңубузга чейин баса калып, сыйлап жатып калабыз. Албетте, сыйлаш керек. Бирок таш же темир эмес, же обончунун белгилүү бир ырын эмес, дүйнөгө бүтүндөй кыргыз элин, бүтүндөй кыргыз салтын, кыргыздын рухун, кыргыздын өзүн “көтөрүп” келген, кыргыз деген Улуу Эл экенин акча, байлык эмес, көркөм дүйнө аркылуу баалагандардын көзүнө даңазалап, даңктап келген Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу, Акжол Бекболотов өңдүү жигиттерибиз дал ушул учурунда элинин алкышы менен мамлекетинин урмат-сыйына сөзсүз татыктуу деп айткым келет.

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны, Байылда Сарногоев атындагы адабий жана Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG