Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Кыргызстан 2015-жылга ички-сырткы карыздарды кошкондо жалпы 3,6 миллиард доллар мамлекеттик карыз менен кирди.

Жогорудагы көрсөткүч карыз өлкөнүн ички дүң продукциясына эсептегенде 54 пайыздан ашты же 2013-жылга салыштырганда 300 миллион долларга өстү дегенди түшүндүрөт. Мамлекеттик карыздар эмне үчүн көбөйүүдө, аны азайтуу боюнча кандай аракеттер болууда. «Арай көз чарай» берүүбүздө ушул суроолорго жооп издедик.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар боюнча башкармалыгынын башчысы Бакыт Сыдыков жана экономика боюнча эксперт Элдар Абакиров катышты.

"Азаттык": Бакыт мырза, 2013-жылдын 1-декабрына эсептегенде Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3 миллиард 300 миллион доллар болсо, 2014-жылдын башында 3 миллиард 600 миллионго көбөйүптүр, бул сан эмне себептен өсүп жатат?

Бакыт Сыдыков: 300 миллионго көбөйгөнүнүн себеби, Кыргызстанда өткөн жылдан тарта ири долбоорлор ишке кирди. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолдун курулушу жүрүүдө, Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоого ири суммадагы акча жумшалууда. Жалпысынан алганда акыркы жылдарга алган акчалардын 90 пайыздан ашыгы инвестициялык долбоолорду каржылоого иштетилип жатат...

"Азаттык": 2015-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 54 пайыздан ашыгын карыздар ээлеп калганы бир топ кооптонууну жаратууда. Анткени бул көрсөткүч 2012-жылы 47 пайыз, 2013-жылы 45 пайыз болгон экен...

Бакыт Сыдыков: Жөнөкөй сөз менен айтканда, эгер сизде 100 миң сом болсо, анын 54 миңин карызга алгансыз. Эми ошол 54 миң сомду бүгүн эле төлөбөйсүз, 10 жылдан 40 жылга чейин бөлүп-бөлүп төлөйсүз, андан сырткары жеңилдиктери да бар...

"Азаттык": Ошол акчаны жылына бюджеттен бөлүп-бөлүп төлөп жатабыз да. Мисалы, 2015-жылы сырткы карызга канча акча беребиз?

Бакыт Сыдыков: Алдын ала божомолдор боюнча 2015-жылы 6,9 миллиард сом төлөйбүз.

"Азаттык": Элдар мырза, ички дүң продукцияга эсептегенде биздин кошуна мамлекеттердеги көрсөткүчтү карап көрсөк: Кытайда 14 пайыз, Тажикстанда 22 пайыз, Өзбекстанда 9 пайызга жакын болууда. Анын себебин сиз эмнеден көрүп жатасыз?

Элдар Абакиров: Негизги маселе ички дүң продукциянын канча пайызы карызды түзүп жатканында эмес. Ошол алган акчаны кандай пайдаланып жатабыз, натыйжасы кандай болду - кеп ошондо. Өнүккөн Европа мамлекеттери да карызды көп алат, ал ички дүң продукциянын 100-200 пайызын түзгөн учурлар да бар. Алар акча ала берет, өндүрүмдүү ишке сала берет, ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып, мамлекеттин кызыкчылыгына жумшашат, акча жоголуп кетпейт, эч ким ичип-жеп койбойт. Ошондуктан акчаны коркпой ала беришет...

"Азаттык": Элдар мырза, кечээ эле америкалык атактуу The Heritage Foundation уюму «Экономикалык эркиндиктин индекси» көрсөткүчтөрүнүн рейтингин чыгарганда кыргыз экономикасы «салыштырмалуу эркин» деп таанылып, 200гө жакын мамлекеттин ичинен 82-орунду бериптир. Менчикти коргоо, коррупция менен күрөшүүдө алга жылуу начар деп баалаган. Ушундай шартта карыздан кутулуу мүмкүнчүлүгүбүз канчалык кудуреттүү?

Элдар Абакиров: Бизде жылдын жылга бюджет дефицит менен кабыл алынат, мен билгенден 17 пайызын сырттан келген акча менен жабабыз, анын ичинде гранттар да бар. Бизде тапкан акчабыздан ичкен-жегенибиз көп болууда. Айталы, эки ишкер адам бар дейли. Бири кредит алат, ичип-жеп, той берип акчаны жоготот. Экинчиси болсо кредиттин акчасына бир цех ачып, аны өнүктүрүп, алган акчасын кайра кайтарып берип, ошону менен ирденип кетет. Демек карыз алганда ар бирибиз ойлонушубуз керек...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG