Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:10

Борбор калаада чыккан өрттөн бир нече объект күйүп кетти. Ал дээрлик 20 саттан кийин өчүрүлдү.

Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампадан чыккан өрт бүгүн саат эртең менен 8:25те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, өрттү өчүрүүгө сегиз бригада, Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан эки суу ташуучу унаа, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу жана борбор калаанын куткаруу кызматынын жумушчулары катышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыркаган адамдар жок.

Бишкектин Лев Толстой жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тутанган өрт жыгач сактаган кампаны, пенобетон заводун, автоунаалардын майын алмаштыруучу жайды каптаган. Кампанын ичинде канча мүлк болгону, келтирилген чыгымдар али белгисиз.

Биз барган тушта короодогу бир канча автоунааны өрт өчүрүүчү кызматкерлер тургундар менен бирге түртүп чыгарып жатышкан экен.

Алардын бири, ээ-жаа бербей күйүп жаткан кампага катар жайгашкан имараттын ээси Акрам өз менчигине кооптонуп турганын жашырган жок.

- Цех меники, аны караганга келгенбиз. Менин имаратым бош, анда эч нерсе жок. Күйүп жаткан кампада деле эч ким жок болчу. Турак жайлар деле жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт тууралуу кабар саат 13.03тө түшкөн. Аталган министрликтин өкүлү Элмира Шерипованын айтымында, өрттөнүп жаткан май алмаштыруучу жай бардык тарабынан курчоого алынган:

- Өрттү жайылтпоо максатында курчап турабыз. Учурда окуя болгон жерде сексенден ашуун өрт өчүрүүчү кызматкер иштеп жатат. Саат 18:00гө карай, өрт толук өчүрүлө элек, бирок басаңдап калды.

Мотор майды суу менен өчүрүүгө мүмкүн болбогондуктан, көбүк менен өчүрүү аракеттери көрүлүүдө. Өрт каптаган жердин аянты 2,5 миң чарчы метр жер экенин ӨКМ министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов билдирди:

- Бишкектеги бардык өрт өчүрүүчү техниканы тарттык. Өрт өчүргүчтөр 50 тонна майы бар кампаны сактап калууга жетишти. Бирок өрт чыккан кампа дале күйүп жатат. Өрт коопсуздугунун эрежелери сакталган эмес. Маселен, өрт өчүрүүчү унаалар кампага кире албай көпкө убара тартышты.

Тилсиз жоонун себептери азырынча белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда кампа май ташуучу жеке ишканалардын бирине таандык. Окуяга күбө болгон тургундардын бири мындай деди:

- Бир-эки сааттай болду күйүп жатканына. Тамекиден тутанса керек деп жатабыз. Биз жарылганын эле уктук, эмне болгонун көрбөй калдык.

Расмий маалымат боюнча жыл башынан бери өлкө аймагында эки миңден ашуун өрт кырсыгы катталган. Адистер тилсиз жоо менен күрөшүүдө өлкөдөгү өрт өчүрүү кызматындагы техниканын эскилиги жеткенин айтып келишет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG