Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Чычкандагы өрттү өчүрүүгө тик учак тартылды


Чычкан капчыгайындагы өрт
Чычкан капчыгайындагы өрт

Алты күн мурда Токтогул районунун Чычкан капчыгайында тутанган өрткө бүгүнтөн тарта тик учак суу чача баштады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун “Азаттыкка” ырасташынча, Казакстандан чакырылган МИ-26 тик учагы Чычкандагы өрттү өчүрө баштады. Аталган тик учакка 15 тонна суу батат. Министр өрт эртеңкиге чейин толук өчүрүлөт деп ишендирүүдө. Мындан сырткары өрт өчүрүүгө 844 киши тартылган. Алардын 230 жергиликтүү тургундар.

Соңку маалыматтарга караганда, Чычкан капчыгайындагы өрттүн жалыны 120 гектардан ашык аянтты каптаган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга башчылык кылып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 19-августта кечке жуук журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда Капчыгайдагы өрт боюнча буларга токтолду:

- Эки капчыгайда тутанган жалындын бири бүгүн өчүрүлдү. Ал эми экинчи жалын бийик тоолуу аймакта жайгашкандыктан ага жетип өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ошол себептүү биз Казакстандан тик учак чакырууга аргасыз болдук.

Министр тоодогу жалынды басууга Коргоо министрлигинин да учагы тартыларын кошумчалады. 13-августта түштөн кийин тутанган жалын Токтогул районунун Жаңы-Жол аймагындагы Улуу Таш жайлоосунда башталган. Өрт өчүрүүгө жергиликтүү бийлик жана өрт өчүрүү кызматкерлери тартылып, тилекке каршы, жалынды өчүрүүгө алардын күчү жетпей жатат. Азыр да аймактагы жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иш балып барып жатканын Токтогул районунун акими Майорбек Стамкулов айтты:

- Өрт башталгандан тартып эки күн бою жергиликтүү бийликтен 100дөн ашык адам жалынды өчүрүүгө барышты. Бирок колубуздан эч нерсе келбегендиктен, эптей алган жокпуз. Учурда үч жерде атайын штаб түзүлүп, мобилизациялоо иш аракеттери жүргүзүлүүдө. Ош-Бишкек трассасынан өрт чыккан аймак үч чакырым алыстыкта жайгашкан. Калкка учурда эч кандай коркунуч жок. Өрт өчүрүп жаткан жарандарга жергиликтүү калктын колдоосу менен ат-эшектерди пайдаланып тамак-аштар жеткирилип жатат.

2500 метр бийиктикте тоолуу аймактагы жалынды басууга учурда 844төн ашык адам тартылган. Алардын 230у жергиликтүү тургундар.

Токтогулдагы өрткө байланыштуу Жалал-Абад шаарындагы өрт өчүрүүчүлөрдүн эки күндүк республикалык спартакиадасы да болбой калды. Ага республиканын түрдүү облустарынан келген 90 өрт өчүргүчтөр Чычкан капчыгайындагы кырсыкты жоюуга тартылганын облустук башкармалыктын башчысынын орун басары Асан Сулайманов билдирди.

- Шаарда 19-августта республикалык спартакиада башталмак. Токтогулдагы өрткө байланыштуу ал убактылуу токтотулуп, ага катышууга келген 90 кызматкер кичи автобустар менен Чычканга жөнөтүлдү. Өрттүн келип чыгуу себептери биринчи кезекте аба ырайындагы кургакчылык жана тоо коюнуна эс алгандардын өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы болууда.

19-августта премьер-министр Темир Сариев Өзгөчө кырдалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, Чычкан капчыгайындагы өрттү тез арада өчүрүүгө тапшырма берген. Аймакта кургак чөп талаасы жана бадалдар күйүп кетти, кырсыктын кесепеттери азырынча аныктала элек.

XS
SM
MD
LG