Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Бишкектеги өрттүн себептери такталууда


Панфилов көчөсүндөгү өрт
Панфилов көчөсүндөгү өрт

Бишкектин Панфилов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 23-июндун түнү чыккан өрт бүгүн таңга маал толук өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдышарип Бекилов "Азаттыкка" билдиргендей, 13 кабаттуу турак жайдын чатыры, 3000 метр квадраты күйүп кетти. Аны өчүрүүгө 11 топ тартылды. Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган жок. Өрткө эмне себеп болгону такталууда.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанында жайгашкан бул үйдү «Борсан Констракшн» эл аралык курулуш компаниясы салган. Буга чейин анда курулуш иштери жүрүп жатканы тууралуу кабар тараган эле. Бирок аталган компаниянын кызматкери Азат Батырбеков курулуш иштери былтыр бүткөрүлүп, батирлер кардарлардын өздөрүнө жасалгалоо, оңдоп-түзөөгө берилгенин билдирди. Батирлердин көпчүлүгүндө эл жашап аткан, айрымдары жаңы көчүп келе баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG