Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

“Ата Мекен” кулаган учакта аткезчилик жүк болгон деп шектенүүдө


Түркиялык компаниянын билдирүүсү.
Түркиялык компаниянын билдирүүсү.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы бүгүн тараткан билдирүүдө 18-январда "Манас" аэропортуна чукул жерде кыйраган учакта аткезчилик жүк болгон деген шектенүү бардыгы айтылат. Анда айрым маалымат каражаттарында кулаган учак ташып келаткан жүктүн ээлери тууралуу кабар таратканы айтылат. Бирок оппозициялык фракция бул кабарда жүктүн ээси тууралуу такталган маалымат жок экенине көңүл бурган.

“Убактылуу депутаттык комиссия жана коомчулук учак бортунда аткезчилик жүк ташылып келе жатканынан шектенип жатат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жарыяланган маалымат бул шектенүүлөрдү азайтпастан, тескерисинче күчөтүп жатканы белгиленген.

Буга чейин 16-январда кулаган учактагы жүктүн кимге таандык экенин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Учакка ээлик кылган ACT airlines компаниясы жүктүн Кыргызстанга ташылып келатканын алгач маалымдап, кийин муну кайра жокко чыгарган.

Ал эми кыргыз өкмөтү менен “Манас” аэропортунун жетекчилиги учак май куюу үчүн гана конгон деп ырастап келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG