Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Кыргыз парламенти шашыла мамлекеттик символикаларды өзгөртүү аракетин көрүүдө. Мен деле түпкүлүгүндө аларды өзгөртүүгө макулмун.

Айрыкча туунун өңүн көк түскө өзгөртсөк дегенде ак эткенден так этип жүргөндөрдүн катарындамын. Бирок азыр символикаларды өзгөртө турган учурбу, демилгечилер кимдер да, жүйөлөрү эмне?

Ооба, символикаларды өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, атүгүл туунун ондогон варианттарын сунуштап жиберишти. Демек жакында туубуз өзгөрүп калышы да ажеп эмес.

Бирок парламент ашыгып жаткан жокпу? Символдор жамы журттун каалоо-тилегин чагылдырышы керек го. Бул жагынан алганда парламентте отурган беш партия жалпы шайлоочулардын болгону 38 пайызынын гана добушун алгандыгын эске алсак, Жогорку Кеңештин мамлекеттик символикаларды өзгөртүүгө моралдык укугу барбы деген суроо коюп көргөнүбүз да жөндүүдүр.

Ошондой эле азыркы Жогорку Кеңеште элибиздин тарыхын, маданиятын жана нарк-насилин терең билген тарыхчылар, акын-жазуучулар жана тилчи-окумуштуулар жокко эсе.

Былтыр да Конституциянын долбоорун жазып жатканда анын катарынан маданий ишмерлерди, тарыхчыларды, тилчи-окумуштууларды кезиктире албаган элек. Ал Конституциядагы алешемдиктер жыл айланбай жатып, даана көрүнө баштады окшойт.

Буга жакында эле “Ар-намыс” фракциясынын он депутаты коалицияга кошулабыз десе, Баш мыйзамдын долбоорун жазган Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын катчысы Данияр Нарымбаевдин Баш мыйзамга эки башка түшүндүрмө бергенин мисал тартсак жетиштүү.

5-майда Конституция күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө президент Роза Отунбаева да Конституциянын мала тарта турган жерлери жетиштүү экендигин айтты. Бирок Баш мыйзамда мамлекетик башкаруу систамындагы укуктук-мыйзамдык гана эмес, маданиятка, улуттук нарк-насилге жана диний ишенимге байланышкан, бир жагынан анчалык чоң акылды деле талап кылбаган бир топ чийкиликтер бар экени айтыла калып жүрөт.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн катарында жазуучулар, маданий ишмерлер жана тарыхчылар болгондо, балким мындай алешемдиктер кетмек эместир. Албетте депутаттардын баары эле улуттук дөөлөттөрдү, маданий жана руханий баалуулуктарды аңдай албайт дегенден алысмын. Бирок парламент ичиндеги балдардай кайым айтышын, мушташын, акыл-ойго караганда эмоцияга алдырып койгондорун көргөндө аргасыз жалпы элдин мүдөөсүн депутаттар айта алабы деп күдүктөнбөй да койбойсуң.

Эми депутаттардын символикаларды өзгөртөлү дегендеги жүйөлөрү эмне? 28-апрелде парламенттик комиссия алдында окумуштуу Аскар Какеев сөз сүйлөп, азыркы тууну ар тараптан талдады. Анын пикиринде, кыргыз туусу күнкараманы эске салат экен. Ошондуктан, окумуштуунун жүйөсү боюнча, эгемендик алган жыйырма жылдан бери Кыргызстан башкалардын көзүн карап, күнкордуктан чыга албай, эркиндигибиз менен эгемендигибизди коргой албай жатыптырбыз.

Окумуштуу түндүк от менен курчалгандай болуп тургандыктан, Кыргызстанда тынчтык жана бейпилчилик болбой келатканын айтты. Эгер бул логиканы ээрчисек, биздин жыйырма жылдан берки жакырлыгыбыз, көз карандылыгыбыз менен күн карамалыгыбызга, өнүгүп өсө албай жатканыбызга туу күнөөлүү экен! Мындай ойлор чын болсо, анда эле кыргызстандыктар бир добуштан тез арада тууну өзгөртүүгө макул болору бышык.

Бирок, менимче, туу жана башка атрибуттар акыркы жыйырма жылдык тарыхыбыздагы ийгилигибиз менен кайгы-касыретибизге гана байланып калбашы керек. Бул түбөлүктүү нерсе эмеспи. Аларды өзгөртсөк, ар бир 20 жылда көтөрүп чыкпагыдай кылып, биротоло жасаганыбыз жакшыдыр.

Ошондон улам бүгүнкү эл өкүлдөрү атрибуттарды өзгөртүүгө ашыкпаса, ар тараптан терең талкуу кылса жакшы болоор беле. Анткени улам бир муун алмашкан сайын мамлекеттик символдор дагы өзгөртүлбөйт дегенге кепилдик да жок эмеспи.

Бүгүнкү күндө туунун өңүн көк түскө өзгөртүүнү сунуш кылгандар арбын. 1992-жылы тууну алгач кабыл алган легендарлуу парламентте да көк түстү жактагандар көп болгон экен. Адилеттик үчүн айта кетели: легендарлуу парламенттин көпчүлүгү ошол кездеги кыргыз элинин алдыңкы уул-кыздары эле. Алардын катарында тажрыйбалуу мамлекеттик ишмерлер менен катар эле жазуучулар, маданий ишмерлер жана тарыхчылар арбын болгон.

Туунун көк да, кызыл да түстүү болушун жактагандар аны Манас менен байланыштырышат. Манас атабыз жайчылыкта көк туусун желбиретсе, согушка кызыл туу менен аттанган деген пикирлер бар. Бирок Манастын же тарыхта болгонун, же элдик чыгарманын жалпылаштырган каарманы экенин так ажыратып бүтө элекпиз.

Грузия советтик курамдан чыккандан кийин акыры байыркы Грузия мамлекеттүүлүгүнүн тушунда көкөлөгөн туусун кайтарып алды, анын алдында бардык грузиндер таазим кылышат экен.

Байыркы элбиз деп көкүрөгүбүздү койгулаганыбыз менен тарыхта кыргыздардын өз алдынча түндүк көтөрүп, мамлекет күткөн мезгили сейрек эле болуптур. Булардын бири – 6-8 кылымдарда Энесайды байырдаган Кыргыз каганаты. Анын мамлекет катары бекемделген жана каруу күчкө толгон мезгили Барсбек Кагандын башкаруусуна туура келет, ал кезде Энесайдагы Кыргыз мамлекети менен Кытай мамлекети, Түрк жана Түргөш каганаттары эсептешүүгө мажбур эле.

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков «Көк асаба» тарыхый романында ошол Кыргыз каганатынын көк туусу тууралуу баяндайт эмеспи. Балким мында тарыхый чындыктын үлүшү бардыр. Ким билет, же бул жазуучунун фантазиясынан жаралган көрүнүштүр. Бул эми тарыхчылардын, алардан кем эмес тилчи-окумуштуулардын тактай турган иши.

Аны эске салып жатканымдын себеби, мен тууну өзгөртүүгө чыныгы турмуштук жүйө жана зарылчылык, ошондой эле тарыхый даректүү жана ынанымдуу далил болсо деген гана кепти айткым келүүдө. Ошондо туунун ар тараптуу баалуулугу, мекенчилдикке тарбиялаган күч-кубаты да артар. Ошол эле кезде туудан эстетикалык кооздук да төгүлүп турушу зарыл.

Бирок жомокко, жоромол ой-пикирлерге же кимдир бирөөнүн каалоо-тилегине таянган чечимдерден оолак болсок деген кеп. Эгер өзгөрсө, бул акыркысы болууга тийиш. Бая Баш мыйзамды улам өзгөрткөн сыңар “ооруну” улуттук атрибуттарга жуктуруп албасак экен деп да чочулайм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG