Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Сел беш адамдын өмүрүн алып кетти


Курманжан датка айылындагы сел. Ош, 26-аперль, 2012.

Курманжан датка айылындагы сел. Ош, 26-аперль, 2012.

Өткөн аптанын этегинде нөшөрлөп жааган жаандан кийинки сел Баткенде төрт, Жалал-Абад облусунда бир адамдын өмүрүн алып кетти.

22-июнда Кадамжай районундагы Пүлгөн айылынын чөп жыйымдан кайтып келаткан төрт тургунун “Жигули” автоунаасы менен чогуу сел алып кетти.

Алардын сөөгү Өзбекстандын аймагына чейин агып барган. Кырсыкка кириптер болгондор - 1967-жылы туулган Мурадыл Мамалаев, 1972-жылы туулган Аваз Нурдинов, 23 жаштагы Шайырбек Нарбаев жана 44 жаштагы Муса Асамидинов. Асамидиновдун сөөгү алигүнчө табылбай жаткандыгын өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлашууда.

Маркумдардын сөөгүн издөөгө катышкан, беймаалым калууну каалаган жергиликтүү тургундардын бири “Азаттыкка” буларды айтты:

- Ажал тапкандардын үчөө үй-бүлөлүү, бала-чакалары бар эле. Бир гана Нарбаев Шайырбек жакында үйлөнө турган эле. Бул жерде айтып кете турган нерсе, кошуна өзбекстандыктар аларды издегенге жакшы жардам берди. Денелерди жууп-тазалап, жакшынакай кылып алып чыгып беришти.

Анын айтымына караганда, көчкү, зилзала, сел сыяктуу жаратылыш кырсыктарын алдын алуучу чаралар жыл сайын көрүлүп, семинарлар деле өткөрүлүп турат. Бирок жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар тыйылган жери жок.

Чек арада, жаратылыш шарты опурталдуу деп эсептелген Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун көпчүлүк айылдарында жагдай ушундай. Кадамжай районунун дээрлик бардык айылдарында сел жүрдү.

Алардын бири - Алыш айылында селден улам тоо урап, таш кулап, бир топ айылга суу жеткирчү каналды бир нече жеринен тосуп калган. Азыр төрт миңдей тургуну бар Алыш жана башка айылдын эли суусуз отурат.

Айыл аксакалы Икрам Кадыркулов абалдын өтө начардыгын айтып, үнүм бийликтегилерге жетсе деп "Азаттыкка" кайрылды.

- Үйлөргө суу кирди, бак-дарактарды басып калды, жолдор жуулган. Айылда бир тамчы да суу жок. Жүгүртөгү барлар башка жерден ташып ичет, кары-картаңдар кантет? Депутаттардан болсо кат-кабар жок. Телефон чалсак, албайт экен алар. Депутаттар качан шайлоо болгондо гана келет. Калган учурларда өлүп калсаң да аларга баары бир.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүп берген техникалар абалды жакшыртууга жетпей жатканын айтышты. Өтө оор айылдарда элдерге чатырлар, жылуу кийимдер берилгени маалым болду.

Жалал-Абаддын Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүндө да айылдык кеңештин депутаты, 60 жаштагы Токтогул Жолборсов селге кабылып, мерт болуп калган. Анын сөөгү дүйшөмбү күнү табылганы кабарланды.

Айыл өкмөт башчысы Рахман Шергазиев “Көк-Жаңгак” каналы коопту экенин, бирок аны алдын алуучу чараларды көрүүгө колдоо таппай жатканын билдирди:

- Ар бир инстанциядан өтүп жүрүп, шаардык мэрге кайрылдым. Ушул канал өтө опурталдуу, ашып кетсе, Жалал-Абаддын баарын каптайт. Жардам бергиле, дедим. Шаардык кеңештин төрагасына да бардым. Аз-аздан болсо да күйүүчү майдан жардамдашкыла, калганын өзүм кылайын десем, ал жактан эч кандай жардам болгон жок. Колумда расмий катым да бар.

Рахман Шергазиевдин айтымында, бул айыл өкмөтүндө 95тей турак-жай жабыркаган, алардын 14ү оор абалда.

Мындан сырткары соңку 2-3 күн ичинде Жалал-Абаддын Базар-Коргон, Аксы райондорунда да сел жүрдү.

Ош облусу боюнча бул ирет селге Кара-Суу, Ноокат району менен Ош шаары кириптер болгон.

Катуу жаандан улам Талас облусу боюнча Бакай-Ата, Кара-Буура жана Талас райондорунун айрым айылдарын сел каптады. Жекшемби күнү Манас районундагы Жайылган айылында суунун деңгээли жарым метрге чейин көтөрүлүп, мектеп, кыш завод жана медпунктту каптаган.

Айыл өкмөт башчысы Нурдин Календаров буларды айтып берди:

- Жайылган айылы Покровкадан түшкөндө эле тоонун жанындагы айыл. Элдин абалы жакшы эле. Айрымдарынын үйлөрүнө суу кирген. Көпчүлүгүнүн сарайларын каптады. Кулап калган сарайлар да бар.

Жогоруда айтылган райондордун баарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыктары тазалоо, куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Азыр материалдык жана башка чыгымдар эсептелүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубат Боронов жана башка расмий жетекчилер ушул тапта түштүк райондордо кырдаалды чечүү менен алек. Министр кырсыктын алдын-алса болот беле деген суроого мындай жооп узатты.

- Кыргызстанда ушундай коркунучтуу деп эсептелген 14 миң участок бар. Анын баарында биз каражаттын, күчүбүздүн жетишине жараша алдын-алуу иштерин жасайбыз. Бирок акча каражаты биз бир жылга божомолдогон иштердин 48 пайызын жасаганга гана жетет.

Каражат жетпей калган жерлер болсо калып калууда. Министр техникалык базабыз да алсыз дейт. Министрликтен айтышкандай, кырдаалдан чыгуунун бирден-бир жолу - кооптуу аймактардан көчүп кетүү болчу. Көчмөк тургай жергиликтүү бийликтер дале тоонун түбүнөн жер чектеп берип жатат экен.

Аталган орган кырсыкты жоюунун негизги чарасы алдын-ала маалымат жайылтуу дейт. А маалымат болсо жаз келгенден баштап эле айтылып келатат. Бирок жергиликтүү тургундар маалыматтарга бардык эле учурда маани бербейт, ага жараша өз өмүрүнүн коопсуздугу кылдын кырында болуп калууда дешет адистер.

Ал эми жергиликтүүлөр өз кезегинде оор жоготууларга жеткирбей, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу биринчи кезекте мамлекеттин милдети экендигин айтып жатышат.

Өкмөттүн май айында кабыл алган өзгөчө кырдаал боюнча токтому жайдын ортосуна чейин узарууда. Аба ырайын божомолдоочулар селге байланышкан кооптуу кырдаал ушул айдын аягына чейин дагы узартылганын билдиришти.
XS
SM
MD
LG