Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Кургакчылык ундун баасын көтөрдү


Ош базарындагы ун саткан жер
Ош базарындагы ун саткан жер

Кыргызстанда ун азыктары кымбаттады. Акыркы бир аптада эле ундун баасы болжолдуу 30-40 пайызга көтөрүлгөнү байкалды.

Көпчүлүк жарандар учурда эс алууда болгондуктан эл арасында кооптонуу өтө деле байкалбайт. "Азаттыктын" кабарчысы элдин маанайына жана ун азыктарынын баасына көз салуу үчүн базарды кыдырды.

Кабарчынын репортажын бул жерден угуңуз:



Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин өкүлдөрү унга болгон баанын көтөрүлүүсүн дүйнөдөгү жана жергиликтүү кургакчылыкка байланыштырды. Дүйнөдө буудайды экспорттоо боюнча алдыга чыккан 6 өлкөдө да Кыргызстандагыдай абал экенин айтышты.

Аталган министрликтин министринин орун басары Олег Панкратов бул жылы ун жетиштүү болот деп ишендирди:

- Кургакчылыкка карабай Айыл чарба министрлиги быйыл 400 миң тонна буудай түшүм болоорун билдирүүдө. Кыргызстанда буудайга болгон керектөө жылына 1,1 миллион тоннаны түзөт. Жыл сайын Казакстандан 300 миң тоннадан 500 миң тоннага чейин буудай алынып келинет жана 100-140 миң тонна ун импорттолот.

Панкратов өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун Орусияга сапарында 100 миң тонна буудай алып келүү макулдашылганын кошумчалады. Анын 20 миң тоннасы грантка берилет. Министрликтин өкүлдөрү бааны жасалма көтөргөндөр жоопко тартыларын эскертишти.

- Ушул жылдын май айында импорттолгон унга бажы алымдары киргизилген. Баалар көтөрүлгөн үчүн өкмөт бул бажы алымын алып салууну карап жатат.

XS
SM
MD
LG