Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

Ушул жумада Кыргызстандын түштүгүндө болгон жер көчкү дагы бир адамдын өмүрүн алып кетти. Алдыдагы күндөрү катуу жаан жаап, бир топ жерлерде сел жүрүшү жана жер көчүшү мүмкүндүгүн адистер эскертип жатышат.

Эмне үчүн жыл сайын жазда жер көчкүсүнүн жана башка табигый кырсыктардын алдын ала албай келатабыз же кооптуу жерлерден тургундар эмне үчүн көчүрүлбөй жатат? Буга тургундардын тил албастыгы себеппи же Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштаган жергиликтүү бийлик органдарынын кенебестиги жол берип жатабы?

"Арай көз чарай" талкуусуна ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин директору Анаркул Айталиев жана Кыргыз–Славян университетинин өзгөчө кырдаалдар боюнча окутуу борборунун директору, эксперт Болот Айдаралиев катышты.

“Азаттык”: Анаркул мырза, мына сиз жер көчкүсү жана башка табигый кырсыктар болушу мүмкүн деген түштүк аймакта турасыз. Синоптиктер алдыдагы күндөрү катуу жаан жаашы мүмкүн деп жатышат. Ал жакта абал кандай? Дагы күтүүсүз кырсык болуп кетчү жерлер жокпу?

Анаркул Айталиев: Кырсыкты чакырбай кое туралы, бирок синоптиктер жаан жаайт деп жатат. Демек, жер көчкүсү жана сел жүрүшү мүмкүн. Себеби, азыр Кыргызстан боюнча жер көчкүсү болушу мүмкүн деген 5000ден ашык жер бар. Азыр 600 айыл конушуна коркунуч пайда кылып турган 1072 жер бар. Алардын ичинде Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Кара-Кулжа райондорунда жер көчкү жүрүшү мүмкүн деп кооптонуп турабыз. Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Аксы райондорунда жана Майлуу-Суу шаарында коркунуч бар. Суулар боюнча айта турган болсок, Сузак районундагы Ачы-Сай жана Чаңгек-Сай, Ош облусундагы Ничке-Сай аймактарында жер көчкү массалык түрдө жүрүп кетиши мүмкүн деп эсептеп жатабыз.

“Азаттык”: Болот мырза, мына сиз күтүүсүз кырдаалдарда иштечү адистерди даярдап жаткан эксперт катары бейтарап маалымат берсеңиз. Эмне үчүн Кыргызстанда адам өмүрүн алган табигый кырсыктар жыл сайын кайталанат? Эмне үчүн алдын ала чара көрө албай жатабыз? Мунун башкы себеби эмне? Же сиз айткандай адистердин жетишсиздиги башкы себеппи?

Жер көчкү жүргөн айыл, Сузак, 2015-жыл

Жер көчкү жүргөн айыл, Сузак, 2015-жыл

Болот Айдаралиев: Жок, адистердин жетишсиздиги биринчи себеп деп айтканга болбойт. Себеби, бул табигый кырсык айттырбай келет экен да. Бирок көзөмөл кылууну колго алуу керек. Ал эми ким күнөөлүү дегенде жалпы коом, жаран өзү күнөөлүү. Анткени, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги канча жылдан бери көчкүлө, жашаган жериңер кооптуу деп эскертип, түзүлгөн тизме бар. Кооптуу жерде жашагандарга мындан канча жыл мурун акча, жер берилген, бирок ата журтум экен деп көчпөй жаткан жергиликтүү ар бир адам күнөөлүү. Андан тышкары баарын көчүрүп кеткенге каражат тартыш болуп жатканы да белгилүү. Эгер каражат жетиштүү болуп, убагында көчүрүлүп кетсе азыркыдай кырсыктар болбойт эле. Бул жерде белгилей кетүүчү бир жагдай - жергиликтүү тийиштүү органдын өкүлдөрү көзөмөлгө алып, элге эскертсе жакшы болмок.

Жер көчкү коркунуч туудуруп жатат деген эскертүү 1994-жылдан бери берилип келет, демек мындай маалымат күнүмдүк изилдөө иштерин жүргүзгөндүн негизинде чыгып жатат. Ошол жерде жашагандардын бири да бизге эч кандай маалымат берилген жок деп айталбайт чыгаар.

“Азаттык”: Анаркул мырза, мына жаңы эле көчкү болгон Сузак районундагы Башы учаткасындагыларга мурдатан эле эскертүү берилди беле? Жер көчөөрү сиздерге белгилүү беле?

Анаркул Айталиев: Ушул сурооңузга бир гана жооп - жер көчкү коркунуч туудуруп жатат деген эскертүү 1994-жылдан бери берилип келет, демек мындай маалымат күнүмдүк изилдөө иштерин жүргүзгөндүн негизинде чыгып жатат. Ошол жерде жашагандардын бири да бизге эч кандай маалымат берилген жок деп айталбайт чыгаар. Анткени, ММКдан мал-жаныбызды багуунун айынан ушул жакка март айында көчүп келдик эле деп өздөрү айтып жатышпайбы. Биз март айынын башында 1713 кожолук коркунучта жашап жаткандыгын эсептеп чыксак, март айынын аягында 1200 үй-бүлө ошол жерге кайра көчүп барып жайгашып алышкан. Алар ошол 22 жылдан бери жашап жаткандан кийин кандай коркунуч бар экенин абдан жакшы билишет. Биз алардын жолун бууп, электр энергиясын өчүрүп же үйүн талкалап салып зордуктап көчүрүүгө мыйзамдык укугубуз жок. Демек, өз коопсуздугуңарды сактагыла деп кайрылууга гана укуктуу болуп жатабыз. Анткени, өкмөт жерин, акчасын 1994-жылы эле бөлүп берип, жашоого колунан келген шартты түзүп берген. Өкмөттүн жардамы менен Таштак деген жаңы айыл салынган, Благовещенск деген жердин жанына Алмалуу-Булак, Чатыраш, Соку-Таш, Алчалуу, Үч-Жаз деген жерлерден көчүрүлүп келгендерден жаңы айыл пайда болгон. Ошондуктан, эскертилген эмес деген кинеге негиз жок.

Жер көчкү жүргөн айыл, Сузак, 2015-жыл

Жер көчкү жүргөн айыл, Сузак, 2015-жыл

“Азаттык”: Болот мырза, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кооптуу жерлердин баарын толук иликтеп, ошол жердеги элге маалыматты жеткиликтүү жеткирип жатат деп эсептейсизби? Эмне үчүн эл укмаксан болуп жатат? Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов министрликти реформалоо керек деп билдирди, аны колдойсузбу?

Болот Айдаралиев: Эми бул маселе ошол жерде турган ар бир жарандын өз колунда. Депутаттын айтканына бир чети кошулам, себеби реформа деген кырсык болгондон кийинки эле чара көрүү эмес. Реформа деген башка мамлекеттердин жаңы тажрыйбаларын пайдалануу, жаңы ыкмаларды ишке киргизүү дегенди билдирет. Демек, реформа деген саат сайын жана күнү-түнү жүрүшү керек.

Кырсык болгондон кийин 200 миң сомдук ссуда берилип жатат, бирок ал үй салганга жетпейт. Ошондуктан, камсыздандырууга өтүшүбүз керек.

Угармандын пикири: Жер көчкүдөн жаш бала каза болгон жердегилер 1994-жылы акчасын да, жашай турган жерин да алышкан экен. Ошондон бери эмне үчүн көчпөй жүрүшкөн? Демек, аларды күчтөп эле көчүрүш керек.

Анаркул Айталиев: Биз ал жердеги адамдардын баарына канча жылдан бери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бирок алардын үйүн бузууга укук берген мыйзамдык негиз жок болгондон кийин биз бир шиферин да буза алган жокпуз. Себеби, алар күч колдонууга негиз бере турган кылмышкер эмес. Ошон үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен гана натыйжага жетишүү керек.

“Азаттык”: Болот мырза, азыр Бишкектин төмөн жагындагы жаңы конуштарда турган адамдар үйүбүздөн суу чыгып жатат, жардам бергиле деп жатышат. СССР мезгилинде жер астындагы суулар өтө көп деп айдоо кылган жерлерди турак-жай салууга берген, борбор шаарды өнүктүрүүгө мамлекеттик бийик деңгээлде жоопкерчиликтүү мамиле жасабаган бийлик өкүлдөрүнүн бул жерде күнөөсү барбы?

Сузак районунун Алмалуу-Булак айылында 27-апрелде эки жерде жер көчкү жүрүп, алты турак жайды жана бир мектеп окуучусун басып калды.

Болот Айдаралиев: Турак жай курууга бергени туура, бирок ага чейин дренаж жасоо керек эле. Бийлик адамдарынын күнөөсү – там салууга болобу деп алгач иликтөө жүргүзбөгөндүгү. Эми ал жерде суу чыга берсе аларды башка жакка көчүрүүгө туура келет. Кайрадан социалдык чыгым, кыйынчылык пайда болот. Бирок, ошол жерден жер алгандардан үй салардан мурун алдын ала иликтөө жүргүзүп, сууну башка жакка агызып кеткенге аракет көрүүлөрү керек болчу. Баарын эле өкмөткө шылтаган жарабайт.

“Азаттык”: Анаркул мырза, албетте, табигый кырсыктар айттырбай келет, ар кимибиз андан Кудай сактасын деп тилейбиз, бирок ушундай кырсык болгон сайын жабыр тартандардын үй-бүлөсүнө, жакындарына президент, өкмөт, жергиликтүү бийлик материалдык жардам берет. Мындай көрүнүш кандайдыр бир деңгээлде кооптуу жерлерде тургандардын башка жерге көчпөй жатышына өбөлгө түзүп жаткан жокпу?

Анаркул Айталиев: Мен андай ойдон алысмын. Биз эл арасында жүргөндө президенттин, өкмөттүн жардамы болушу керектигин көрүп жатабыз.

“Азаттык”: Болот мырза, жарандарыбыз өз жашоосуна, турак жайына жоопкерчиликтүү мамиле жасоосу үчүн балким турак жайды камсыздандыруу мыйзамын 2018-жылга чейин күтпөй эле азыртан ишке киргизүү зарылдыр? Ошондо кооптуу жерлерде тургандардын үй-жайы камсыздандырылбаса көчүүгө аргасыз болушаар?

Болот Айдаралиев: Кырсык болгондон кийин 200 миң сомдук ссуда берилип жатат, бирок ал үй салганга жетпейт. Ошондуктан, камсыздандырууга өтүшүбүз керек. Ошол мыйзамды ишке ашырууну тездетүү керек. Реформа деген ошол, аны бир гана министрликтин деңгээлинде эмес тиешелүү бардык мекеме менен министрликтерди бир багытта иштетүүгө буруш керек. Андан тышкары мониторинг жана божомолдоо жүргүзүүнү жергиликтүү бийлик деңгээлине түшүрүп, алардын жоопкерчилигин көтөрүү керек. Аларды жергиликтүү ар бир тургунга барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирүү керек болуп турат.

“Азаттык”: Анаркул мырза, жер көчкү болушу мүмкүн деген жерлердин кыртышын бекемдөө үчүн СССР мезгилинде, ушул эле Сузак районунда жийде тигишкен эле. Көп жерлерде дарак же тамыры кеңири жана терең жайылган өсүмдүктөрдү өстүрүү керек деп кеңеш беришет. Кыргызстандагы окумуштуулар бул көйгөйдү иликтешкенби? Алар кандай кеңеш беришет? Эгер кеңеш беришкен болсо, аны аткарып жатасыздарбы?

Анаркул Айталиев: Абдан туура суроо болду. Кыргызстандагы ар бир жердеги жер көчкү жүрүүчү жерлерди иликтеп чыгып, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги менен үч жылдан бери бирге иш алып барып, өсүмдүктөрдү отургузуп жатабыз. Алардын натыйжасы жакшы болот деген үмүттөбүз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG