Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Бакчиев: “Манас” - кыргызга таандык кубулуш


Таланталы Бакчиев. ("Айгине" маданий борборунун сүрөтү)

Таланталы Бакчиев. ("Айгине" маданий борборунун сүрөтү)

“Жан дүйнө” рубрикасында окумуштуу-манасчы, Манас таануучулардын эл аралык ассоциациясынын президенти Талантаалы Бакчиев манасчылар, "Манастын" жан дүйнөгө тийгизген таасири жана чет элдик манас таануучулар тууралуу айтып берди.

"Азаттык": "Дасмия" этно-комплексинде жети күн, жети түн бою "Манас" айтылып, ал 4-декабрда жыйынтыкталды. Сиздин пикириңизде, жумалап "Манас" айтуунун мааниси канчалык эле?

Талантаалы Бакчиев: Мындай маданий, руханий иш-чара былтыр Саякбай атабыздын 120 жылдык мааракесине карата биринчи жолу улуу манасчыга таазим этүү максатында өткөн. Быйыл “Манас күнүн” утурлай уюштурулду. 2013-жылы 4-декабрда "Манас" үчилтиги Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Бул күн Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу расмий түрдө бийлик тарабынан таанылып, өкмөттүн токтому менен “Манас күнү” деп белгиленип жатканы чынында өтө чоң окуя.

Андыктан манасчылар эл алдында, Манастын алдында өзүнүн озуйпасы катары ушул иш-чараны өткөрүүнү эп көрдү. Бул эч кандай сынак эмес. Биринчиден, манасчылар чектелбеген убакытта өзүнүн канча убакытка чейин "Манас" айта ала турганын билип, бугун чыгарып, тапталып, такшалып алды десек болот. Ошол эле учурда коомчулуктун көңүлүн "Манас" баянына, манасчыларга буралы дедик.

Азаттык: Голландиялык окумуштуу Ниенке ван дер Хейден "Манас" эпосунун кыргыздын улуттук кулк-мүнөзүнө тийгизген таасири тууралуу китеп жазган экен. Бул окумуштуу тууралуу кабарыңыз бар да?

Талантаалы Бакчиев: Ниенке ван дер Хейден 2008-жылы “Манас” темасында докторлук ишин коргогон. Ага мен Голландияга барып, катышып келгем. Ниенке экөөбүздүн достук мамилебиз 1996-жылдары башталган. Ал чынын айтканда “Манас” эпосуна айрым учурда кыргыздан да артык жан дүйнөсүн төшөгөн айым. Өзү антрополог. Кыргызстанга үч жолу келген. Келген сайын Кыргызстанда эки-үч жылдап жашап кетет. 2000-жылдары Ат-Башы, Ысык-Көлдүн Түп, Ак-Суу районуна чейин барып, белгилүү манасчылар Каба Атабеков, Шаабай Азизов, Уркаш Мамбеталиев, Сапарбек Касымамбетовдун үйүндө жатып, конуп изилдеген. Быйыл жай айларында да келип кетти. Манасчыларга кайрылып, түш жана аян темасын изилдеп жүргөн экен. Ниенкенин иши мурда эле Манас таануу багытында болчу. Аны азыр тереңдетип жүрөт.

"Азаттык": Манасчылыктын, "Манас" угуунун жан дүйнөгө тийгизген таасири тууралуу айта кеттиңиз. Ал адамдын жан дүйнөсүнө качан, кантип таасир этет?

Талантаалы Бакчиев: Ар бир элдин өзүнүн жан дүйнөсүн козгой турган бир кубулушу бар. Аны ошол элге рухий азык берүүчү касиет десек болчудай. Мисалы ламаизм, буддизм дининде сүкүт чалуу бар эмеспи. Алар медитация жолу менен жан дүйнөсүн бул дүйнөдөн чыгарып, башка мезгил мейкиндигине өтүп кетүү тажырыйбасына ээ. Албетте, бул чынында эле өзгөчө кубулуш. Ал эми кыргыз элинде - кылымдар бою - "Манас" айтуу же аны угуу зор кубулуш. Тилекке каршы биз "Манасты" Совет доорунда “эпос” деген чакан түшүнүккө камап алдык. “Эпос” деп айтуу "Манаска" таптакыр туура келбейт, ал аны чектей турган түшүнүк. Эпос деп "Илиада" менен "Одиссеяны" айтсак болот. "Манас" андан да кеңири алкакты өзүнө камтыган касиеттүү кубулуш. Ошондуктан "Манас" угуу адамдын жан дүйнөсүнө түздөн түз таасир этет. Аң-сезим аркылуу толкундатат, ойлонтот.

"Азаттык": Учурда Манас таануучулардын эл аралык ассоциациясын жетектейт экенсиз. Чет элдик "Манас" изилдөөчүлөргө токтоло кетсеңиз. Кимдер бар экен?

Талантаалы Бакчиев: Баш-оту, жан дүйнөсү менен "Манас" изилдөөгө берилген заманбап окумуштуулар бир топ эле. Мисалы, Борбордук Азиядагы Америка университетинде бир топ жыл иштеп кеткен немис окумуштуусу Карл Райхл. Ал “Манас” баянынын Кыргызстандагы варианттары менен эле эмес, Жусуп Мамай баштаган кытайлык кыргыздардын варианттары менен да тааныш. Голландиялык окумуштуу Ниенке ван дер Хейден тууралуу айттык. Азербайжан окумуштуусу Адил Жамил да "Манасты" изилдөөгө да чоң салым кошуп келет. Ал Кеңеш Жусуповдун Манас тууралуу кыскартылып, кара сөз түрүндө жазылган чыгармасын азери тилине которуп, анын негизинде өзүнүн илимий ишин жүргүзгөн. Мындан сырткары Кытайда Ху Чжен Хуа, Адыл Жуматурду, Ысакбек Бейшенбек аттуу манас таануучулар бар.

"Азаттык": Жети күн бою "Манас" айтууга катышкан бүгүнкү манасчылардын деңгээли кандай экен?

Талантаалы Бакчиев: Биз баарыбыз коомдун бир бөлүгүбүз. Азыркы манасчылардын деңгээли заманга жараша, бүгүнкү коомдук түзүлүшкө, абалга ылайык болуп жатат. Себеби манасчы да ушул коомдун өкүлү, тамчысы. Андан алыстап кете албайт. Жалаң эле "Манас" айтам деп эл аралап кетсе, үй-бүлөсү ачка калат. Анткен менен бүгүнкү күндөгү заманбап манасчылардын баары жогорку билимдүү.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG