Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Туура эмес тамактануу оору чакырат


Иллюстрация
Иллюстрация

Ичип-жеп жүргөн тамак-ашка кылдат мамиле жасабай коюу коркунучтуу экендигин эки адамдын өмүрүн алып, ондогон адамдарды оор акыбалга келтирген акыркы уулануулар дагы бир ирет тастыктады. Мындан улам "Азаттыктын” кабарчылары тамак-аш коопсуздугуна кайрылды.

Тойдон кийинки тополоң

Жыл башында тамак-ашка тогуз торолук тогуз киши ууланып, бешөө Нарын облустук ооруканасына жаткырылды. Булар менен кошо тамакка уулангандардын экөө ооруканага жетпей мерт болду. Дагы экөө Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Коомчулуктун көңүлүн бурган бул уулануунун себептери, дегеле ууланган адамдарга жардам берүүдөгү медициналык мүмкүнчүлүктөр тууралуу аймактагы кабарчыбыз Мирлан Кадыровдун макаласында сөз болот.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:27 0:00
Түз линк

Кожейкелердин салаты

Баткенде жашылча-жемиштерден кышкы азыктарды жүз банкага чейин даярдоо дээрлик көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн кадыресе көрүнүш. Консерваларды кожойке кайсы бир эрежелерсиз эле бекитип алат. Жергиликтүү кабарчыбыз Жеңиш Айдаров жергиликтүүлөрдүн кышкы-азык түлүгүнүн сапатына байкоо жүргүзүп жатып, Саламаттык сактоо министрлиги консервалоо, аны сактоо жана пайдалануу жаатында аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштаганын байкаган.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00
Түз линк

Ботулизмден кантип сактануу керек?

Акыркы беш жылда 21 адам тамак-ашка ууланып, каза тапкан. Алардын дээрлик бардыгы үй шартында консерваланган салаттардын айынан ботулизм илдетине чалдыгышкан. Өлүмгө дуушар кылган ботулизмден кантип сактануу керек? Кабарчыбыз Улан Эгизбаев Жугуштуу оорулар бейтапканасынын бөлүм башчысы Халида Азимбаевага ушул жана башка суроолорду узатты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:48 0:00
Түз линк

Тамактан чыккан шише

Оштогу коомдук тамактануучу жайларга былтыр 1171 жолу текшерүү жүргөн. Анын 65 пайызында дээрлик санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбаганы аныкталган. Шаардыктардын айтымында, тамактардан кыл, чач, айнектин сыныгы, таш сыяктуу таштандылар чыккан учурлар дагы эле катталууда. Кабарчыбыз Эрнист Нурматов Ош шаарындагы тамак-аш тазалыгы боюнча жагдайды баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00
Түз линк

Тамакка уулануунун кесепети оор

Азык-түлүктөгү ыпыластык 200дөн ашуун оорунун булагы болуп, ич өткөктөн тарта адам өмүрүн алган рак оорусуна чейин алып барат. Дүйнөдө жылына 600 миллион адам же ар бир онунчу киши таза эмес тамакка ууланат. 420 миң адам ушундан улам көз жумат. Алардын 40 пайызы беш жашка чыга элек наристелер. Азык-түлүк коопсуздугу сакталбаган өлкөлөрдүн экономикасы, туризм жана соода-сатыгы да олуттуу аксайт. Дүйнөдөгү азык-түлүк жаатында чыккан чоң чырлар жана туура тамактануунун эл аралык маданиятына кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева сереп салган.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG