Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Футбол: “Нефтчи” дагы утулду


Кыргыз футболчулары күйөрмандарынын үмүтүн актабай келет.
Кыргыз футболчулары күйөрмандарынын үмүтүн актабай келет.

Санкт-Петербургда өтүп жаткан Шериктештер кубогунда Кыргызстандын “Нефтчи” командасы экинчи беттешүүдө да утулду.

Футболдон Кыргызстандын чемпиону, Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы Шериктештер кубогунда «А» тобунда Азербайжандын чемпиону «Интер», Молдавиянын жеңүүчүсү «Искра-Сталь» командаларынан жеңилүү ызасын тартты. Эми акыркы оюнунТажикстандын чемпиону «Истиклол» командасы менен 18-январда өткөрөт.

Биринчи беттешүүдө Азербайжандын чемпиону "Интерге" 3:0 эсебинде утулган..

16-январдын кечинде кыргызстандык футболчулар Молдавиянын жеңүүчүсү «Искара-Сталь» командасы менен таймашка чыгып, аларга да 1:0 эсеби менен утулду.

17-янарда бир күн өргүү кылып, эс алышып жатышат. 18-январда Тажикстандыктар менен ойнойт.

Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаев Шериктештер кубогунда “Нефтчи” командасы үмүттү актай албаганын алардын тажырыйбасын аздыгы менен түшүндүрдү.

- Быйыл «Нефтчи» командасы жок дегенде бир жолу тажиктер менен тең чыкса деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын биздин командалар жеңилип, ишенич акталбай келатат. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек. Футбол дагы өлкөнүн экономикалык, социалдык деңгээлинин күзгүсү болуп келүүдө. Ушундай мелдештерден гана такшалып, “Нефтчи” командасы тажрыйба топтой алышат.

Шериктештер кубогуна алты ирет катышкан “Дордой” командасынын мурдакы чабуулчусу Замир Жумагулов “Нефтчи” командасы алына жараша ойноп жатканын айтты.

- “Искара-Сталь” командасы менен болгон оюнда “Нефтчи” 1:0 эсебинде утулганы деле дурус болду. Мен ири эсеп менен утулуп калышат го деп, кооптонуп тургам. Эми кийинки беттешүү аларга бир аз жеңил болот. Себеби тажиктердин дарамети деле бизден артык эмес. Бирок быйыл да “Нефтчи” өз тобун утуп, чейрек финалга чыга албайт го. Ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик өсөт..

Шериктештер кубогунун биринчи беттешүүлөрү 15-январда башталган. “А” тобунда Азербайжандын чемпиону «Интер» командасы эки оюнда тең утуп, 6 упай менен алдыда баратат. “В” тобунда Латвтиянын чемпиону “Сконто” менен Казакстандын чемпиону “Тобол” командалары төрттөн упайга ээ болуп, теңдайлашууда. “С” тобунда дагы Белорусиянын “Шахтер” командасы менен Орусиянын “Зенит” клубу бирден оюнду утуп, бир жолу тең чыгуу менен 4төн упай топтой алышты. “Д” тобундагы төрт команданын лидери Орусиянын жаштар тандалма командасы болууда. Алар эки беттешүүдө жеңишке жетип, 6 упайга ээ болушту.

19-январда чейрек финалдык оюндар болот. Жарым финалдык беттешүүлөр 21- январга белгиленген. Финалдык баш байге үчүн таймашуу 23- январда өтөт.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери Эл аралык футбол федерациясына мүчө. Ошондон бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Шериктештер кубогуна катышканы менен ийгилик жарата албай келет.

Ал түгүл өлкөнүн алты жолку чемпиону, Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки ирет жеңген Нарындын «Дордой» командасы Шериктештер кубогуна алты ирет катышкан. Бирок өз тобунан алдыга чыга алган эмес.

Быйыл да “Нефтчи” командасы алгачкы таймашууларда эле өз дараметин көрсөтүп, футбол күйөрмандарынын үмүтүн актай албай койду.
XS
SM
MD
LG