Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Футбол: Кыргызстан - Макао 1:0


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия футбол Конфедерациясынын чакырыгы кубогу үчүн футболдук мелдеште Кыргызстандын курама командасы Макаонун курама командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндун биринчи таймында 45-мүнөттө кыргызстандык футболчу Дэвид Тетте өзгөчөлөнүп, макаолуктардын дарбазасына гол киргизди.

Азия футбол Конфедерациясынын чакырыгы кубогу үчүн мелдештин В тобундагы тандап алуу оюндары бүгүн Бишкекте башталды. Бул мелдештин В тобунда Кыргызстан, Пакистан, Макао жана Тажикстандын курама командалары бар. Түшкө чейин Тажикстан менен Пакистан курама командалары беттешип, тажикстандыктар 1-0 эсебинде жеңишке жетишти. Мелдеш 21-мартка чейин уланат. Азия футбол Конфедерациясынын чакырыгы кубогу 2006-жылдан бери футбол анча өнүкпөгөн өлкөлөр арасында уюштурулуп келет. Бул кубокко ээ болгон команда Азия кубогу үчүн оюндарга катышуу укугуна ээ болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG