Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу турниринде Кыргызстандын курама командасы өз жеринде Өзбекстанга 0:3 эсебинде утулуп калгандан кийин кыргыз футболунун абалына жумурай журтта кызыгуу күч алды. “Азаттыктын” «Арай көз чарай» талкуусу ушул темага арналды.

Студиянын коноктору: Аскар Салымбеков – Кыргызстандын көп жолку чемпиону “Дордой” клубунун ээси, Нуртазин Жетибаев – Кыргызстан футбол федерациясынын баш катчысы, Руслан Сыдыков – Кыргызстан курама командасынын мурдагы капитаны, Канат Арпачиев – Кыргызстан дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы.

“Азаттык”: Кыргызстан 28-июлда өз майданында 0:3 эсебинде утулгандан кийин күйөрмандардын шылкыйып тарап баратканын көрүп турдук, зээн кейирлик көрүнүш болду. Аскар мырза, Кыргызстандын бул утулушу объективдүү болдубу, же сиз Кыргызстан утуп кетет деп ойлодуңуз беле?

Салымбеков: Жок, андай ойдон алысмын. Анткени Өзбекстан дүйнөлүк табелде жаман эмес позицияда, ал эми Азияда күчтүү командалардын бири. Азиянын акыркы эле чемпионатында алар төртүнчү орунду ээлешти. Өзбекстандын жаштар командасы Мексикада өткөн дүйнөлүк чемпионатта 8-орунга жетишти.

Кыргызстандын курама командасы, 28-июль, 2011-жыл, Бишкек
Өзбекстанда футбол аябай өнүккөн. Президент Каримов Өзбекстан Компартиясынын 1-секретары болуп турганда эле футболду өнүктүрүү боюнча токтомдорду кабыл алган. Ар бир акимчиликке, ар бир айыл-кыштакка өзүнчө тапшырмалар берилген. Азыр ар бир кыштактын өз командасы, жаштар командасы, өз стадиондору бар. Ал жакта жок эле дегенде 300-400 команда бири-бири менен таймашып турушат. Таймаш бар жерде өсүш болот. Биз болсок 20 жылдан бери өз казаныбызда кайнап, ушинтип утулуп калганда гана футболду эстеп, удургуп калабыз.

“Азаттык”: Руслан, кайсы бир жылы Кыргызстан өнүгүп келаткан мамлекеттер арасында Азия конфедерациясында турнирде баш байге алганы бар. Анда сен капитаны болсоң керек эле, ошондо жеңген команда менен азыркынын айырмасы барбы? Кечээки команда Өзбекстан менен жок дегенде тең чыгууга чамасы жетет беле?

Сыдыков: Сиз айткан Азия турнирине “Дордой” командасы бир муштум менен барып, Кыргызстандын гимнин ырдап, жеңип келгенбиз. Азыркы командабыз биздин гимн аткарылганда колдорун жүрөккө койду, бирок ырдаганын мен көргөн жокмун. Кыргыздар биздин желектин алдында ойноп аткандан кийин, биздин жарандар орус болобу, татар болобу, кыргыз болобу – гимнди билиш керек. Ошону менен бирге кечээ катуу туруш керек эле.

Өзбекстандын курама командасы, 28-июль, 2011-жыл, Бишкек
“Азаттык”: Кыргызстандын күчтүү болушу үчүн патриоттуулук, мекенчилдик зарыл деп жатасыз, демек, бул жолу кайрат, рух жетпей калган турбайбы.

Азыр Кыргызстандын жогорку лигасында калп айтпасам, алты команда ойнойт, бир кезде 12 команда болгон, анан каржы жок деп отуруп ону калган, быйыл болсо алтоо калыптыр. Ушундан эле Кыргызстандагы футболдун деңгээли билинсе керек.

Нуртазин мырза, Кыргызстанда футбол клубдарынын көбөйүшүнө эмне кедерги болуп атат? Дүйнөдө футбол номур биринчи оюн, кала берсе чөлдүү өлкөлөрдө да футбол өнүгүп жатат, кыздар да ойноп жатпайбы?

Жетибаев: Ооба, жогорку лигада алты команда гана калды. Ошол эле Өзбекстанда жогорку лигада 14 команда бар. Ар бир командага бюджеттен баштап, мамлекеттик ишкана демөөрчү болуп, машыктыруучулар чет жактагылар менен контракт түзүшөт. Ар бир облустун акимине чейин футбол чарбасына жооп берет экен. Кечээ өзбек командасы өзүнүн учагы менен келип, ойногон соң кайра учуп кетти. Алар бул оюнга Австрияда даярданган.

Аскар Салымбеков, Совет Сакебаев, “Кыргызнефтегаздын” азыркы жетекчиси болбогондо кыргыз футболу эмне болмок – билбейм, ушулар болгон үчүн алты команда катышып атат. Булар жеке каражатын көп жылдан бери футболго салып келатышат.

Азия конфедерациясы ушул кишилердин эмгегин баалап, медаль берди. Өкмөт көңүл бурса жакшы болот эле. Мурда Акматбек Сүйүнбаев, Дөлөн Өмүрзаков, Октябрь Медеров сыяктуу футболго күйө турган ишмерлер бар эле, мына ошолордун күчү менен футбол базасы курулган.

Салымбеков: Быйыл Оштун мэри Мырзакматов менен Бишкек мэри Иса Өмүркулов эки команда кошпогондо биз үч команда менен эле калмакпыз. Үч команда менен кандай жогорку лига болот? Мен Ысык-Көлдүн губернаторуна кайрылдым, “Кумтөр” менен сүйлөшүп койчу, алар биздин миллиарддаган алтыныбызды алтындай да, акчалай да алып кетип жатышат.

“Дордой” командасынын бюджети бир кезде 200 миң болгон, азыр 500 миң долларга чыгып жатат. Бир команданы чыгарууга 200 миңдей эле доллар керек. Ошону жасабай жатышпайбы. Кара-Балтадан Векселбергдин компаниясы биздин кендерди алып кетип атат, Ош менен Жалал-Абаддан да канчалаган нефть, кендер сыртка кетип жатат? Ошолор ойлонушпайбы.

Биздин инсандарыбыз коттедждерди, кансарайларды салып жатышат, 200-300 миң доллардык машиналарды айдап жүрүшөт, эмне деген кымбат эстеликтерди орнотуп атабыз! Кыргызстан эстеликтердин мекени болуп калды.

Азыр кайсы гана эл, мамлекет болбосун, улут намысын көтөргөн футбол экенин билип калышты. Футбол – бул ар бир мамлекеттин өнүгүшүнүн барометри. Ар бир өлкө жетекчиси барганда футболуңар кандай деп сурашат. Биз жалаң тетири кеттик.

“Азаттык”: Канат мырза, быйыл өкмөт футбол деген беренеге бюджеттен канча акча бөлдү? Чоңдор, балдар футболун өнүктүрүү боюнча программа барбы?

Арпачиев: Азыр Кыргызстанда спорттун 71 түрү өнүгүүдө, анын ичине футбол да кирет. Футбол бул командалык спорт түрү. Быйыл спартакиада Ошто болгону турат, андан тышкары “Дени сак улут” деген программа алкагында жыл сайын айыл жаштары арасында өтчү мелдештер бар, андан тышкары кичи футбол жагына көбүрөк каражат берип турабыз, аялдар арасындагы футболго да колдон келишинче жардам беребиз.

Чынын айтыш керек, чоң футболго мамлекет тараптан каражат каралган эмес. Бул жерде федерация болобу, спонсор болобу, мамлекеттик агенттик болобу, күчү аздык кылат. Буга өкмөт, президент деңгээлинде программаны кабыл алып, алдыга жылдырбасак өтө кыйын. Ошондой эле ар бир кыргыздын, ата-эненин, балдардын жүрөгүндө футболго патриоттук сезим болсо, көз караш да өзгөрүлөт эле.

“Азаттык”: Кээде Кыргызстанга футбол дегенде ичкен ашын жерге койгон президент, же премьер-министр болуш керек го деген ой келет. 70-80-жылдары Кыргыз ССР министрлер кеңешинин төрагасы Акматбек Сүйүнбаев келгенде стадионго эл жык-жыйма толуп, “Алгалап” чуулдап, баары ошол кишини алкап атчу эле. Эми Кыргызстанга ошондой инсандар керек го?

Салымбеков: Биз эгемендик алган 20 жылдан бери экономикага көңүл бурбай эле, жалаң эле саясат менен алек болуп атпайбызбы. Саясат деген биздин түбүбүзгө жеткени калды. Бай банктар алты кишини кармаган футзалдарды гана түзүшкөн. Ал кичинекей футбол. Же болбосо “Мегаком”, “Бител”, “Телеком” бир тыйындык жардамын бир гезитке толтура жазышат. Биздин саясатчылар «Мегакомду», башкасын талашып атышат, өз кызыкчылыгына талашып атышат. Эмне үчүн улут маселесине, футбол, ден соолук маселесине көңүл бурушпайт? Орус премьери Путин ар бир олигархты спортко бекитип койду кандай кылсаң да мага отчет бересиң деп. Менимче, биздин жетекчилерге да ушундай саясий эрк керек.

“Азаттык”: Өкмөт акча жок дейт, Аскар Салымбеков сыяктуу колунда барлар улутту футбол аркылуу алыска болбосо да, жакын тегерекке чыгарайын деп аракет жасап жатышкан экен. Кыргызстандын футбол федерациясы, менимче, каражатты ФИФАдан (эл аралык футбол федерациялар ассоциациясы – С.Ж.) алса керек, жылына 500 миң долларга чейин дегендей уккам. Ошол акчалар кайда жумшалат?

Жетибаев: Биз ФИФАдан жыл сайын 500 миң эмес, 250 миң доллар алабыз. Анын ар бир центин ФИФАдан катуу көзөмөлдөшөт. 70-75 пайызы футболчуларга, курама командаларга берилиш керек.

Бир эле Өзбекстан менен ойногонго 52 миң доллар кетти, анын ичинде учак билеттери, витамин, кийимдери - баары бар. Андан башка биздин футболдук борборубуз бар, ал жерде кичинекей балдарды даярдап, турнирлерди өткөрбөсөк болбойт. Жакында эле Ошто турнир өттү. «Биздин келечек» деген турнир Таласта өттү, жакында Караколдо турнир өтөт. Ошолор боюнча ФИФАга отчет берип турабыз. Биздин жаш балдар, кыздардан турган курама командаларыбыз чет жактарга барбайт. Алар машыгат, кийинет, витамин алышат.

“Азаттык”: Глобалдык доор жакшы турбайбы, баарыбыз Англияда кайсы команда кантип ойноп атат, Бразилияда кимдер ойноп атат – баарына күбө болуп отурабыз. Кедей, керек болсо ачкачылык өкүм сүргөн Африка өлкөлөрүнөн эмне деген таланттуу футболчулар Европадан багы ачылып жатат? Анлиянын мен деген командаларында кара түстүү футболчулар жүрөт, баары мыкты ойношот. Алардын алды миллионер болуп, уруусун, үй-бүлөсүн, бүтүндөй айылдарды багат деп айтышат. Ушундай умтулуу кыргызда жок деп айтууга тил бурулбас. Мисалы, 70-жылдары Таластын «Манас» жеткинчектер командасы Бүткүл союздук «Булгаары топ» турниринен күмүш байгени алып келген эле. Демек тоонун арасынан деле мыкты футболчулар чыгат тура. Эмнеге азыр чыкпай жатат, же кыргыз балдарынын баары эле интернет деп, анан акча табам деп эле базарларда жүрүп калдыбы?

Салымбеков: Топ ойногонду бүт мамлекеттер өздөштүрбөдүбү. Кыргызстанда таланттуулар өтө көп. Совет доорунда Алмаз, Марс Чокморовдор жогорку лигада ойношкон. Эгемендүү болгондон бери Эмил Кенжесариев чыкты. Ал аябай таланттуу бала. Аны казактар туура эмес контракт менен алып кетишип, он жылга башын байлап салышты. Ал жигит Кыргызстандын, Казакстандын курама командаларында ойной албайт, “Акдөбө” деген клубда гана ойнойт, контрагы ошондой. Рейтинг боюнча Казакстанда эң мыкты оюнчу - ошол Эмил Кенжесариев.

Биздин балдарыбыз “Динамо” Киевден тарбияланып, ошол жердеги клубдарга өтүп келишти. Бразилияда окуп аткан балдарыбыз бар. Байматов Англия, Украина командаларында ойноп, Европага кетейин деген ойдо болуп атат.

Мирлан Мурзаев Израиль командасында ойноп, азыр Испаниянын “Сантандер” деген командасына жолдомо алганы турат. Азыр “Абдыш-Ата”, “Дордой” футболдук борборлорунда таланттуу балдар өсүп атат.

“Азаттык”: Руслан, сен айылда чоңойдуңбу, же шаарданбы? Футболчу болуш үчүн эмне керек?

Сыдыков: Мен шаарда чоңойдум, албетте биринчи өзүнүн каалоосу керек. Андан тышкары жакшы тамактануу, өжөрлүк керек. Көп иштеш керек.

“Азаттык”: Англияны айтпай эле коёлу, Орусия, Украинанын деңгээлинде намыска жарай турган балдар чыгат деп ишенесиңби?

Сыдыков: Буйруса чыгат. Аябай жакшы машыгышса, көңүлү болсо бизде аябай таланттуу балдар бар. Буйруса 10-20 жылдын ичинде баары жакшы болот.

“Азаттык”: Бир кезде кыргыз командалары Казакстан, Өзбекстан болуп, бир лигада ойноп, деңгээли бийигирээк эле. Казакстан мененби, Өзбекстан мененби, чогуу аймактык лига түзүү боюнча сөздөр жүрүп, токтоп калды. Сизде маалымат барбы, Нуртазин мырза?

Жетибаев: Биз бул маселени ФИФАга койгонбуз. Биздин кичи футболдук курама командабыз Казакстан чемпионатында таймашкан. “Абдыш-Ата”, “Дордой” командалары Казакстан чемпионатына катышса деген оюбуз да бар эле. Бирок Казакстан бүгүнкү күндө Европанын футбол ассоциациясына өтүп кетти. Өзбекстанды канча турнирлерге чакырып атабыз, бирок саясаттын себеби менен келе алышпайт.

“Азаттык”: Жакында эле Латын Американын кубогу жыйынтыкталды. Ошондо 4 миллионго жете берген калкы бар Уругвай командасы 200 млн. калктуу Бразилиядан, 40 млн. калктуу Аргентинадан ашып түшүп, чемпион болду. Ошондон улам кээде Кыргызстан деле 5 млн. калкы менен кантип эле жок дегенде Азиянын чемпиону болбосун деген ой кетет. Жеңилиштин оң жагы да бар, ал намысты ойготсо, намыстуулар арына келет дешет го. Ошондуктан кыргыз футболу сааты келгенде озуп чыкса керек деп үмүт кылалы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG