Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Эркиндикке бут тоскон мыйзам долбоору


Орусиядагы бейөкмөт уюмдарды мазактаган жазуу
Орусиядагы бейөкмөт уюмдарды мазактаган жазуу

"Чет элдик агент жөнүндөгү" мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын кароосуна февраль айында кайрадан берилгени жатат.

Талаш жаратып келаткан бул мыйзам долбоорунун күн тартибине кайталап коюлушуна өкмөттүк эмес уюмдар кабатыр. "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул маселе талкууланды.Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова жана парламенттин өткөн чакырылышынын депутаты, мыйзамдын автору - Надира Нарматова катышты.

Сырттан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдарды "агент" катары таануу боюнча талаштуу мыйзам долбоору кайрадан талкуу жаратууда. Мурдагы чакырылыштан мурас калган бул мыйзам парламентте кайрадан каралганы жатат.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрайымы Галина Скрипкина мыйзамдын авторлору - Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова азыр депутат болбосо деле мыйзам карала берерин айтууда.

Эркиндикке бут тоскон мыйзам долбоору (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:02 0:00

КСДПнын депутаты Скрипкина өзү өткөн чакырылышта бул мыйзамга каршы добуш берген. Фракция лидерлери Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев жана башкалар мүчө болгон бул комитет “тыңчыларды” колдоор-колдобосу азырынча белгисиз.

Эркиндикке бут тоскон мыйзам долбоору (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:29 0:00

Демилге кайрадан жаңырары менен бир катар укук коргоочу уюмдар Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрайымы Галина Скрипкина менен жолугуп, мыйзам долбооруна караманча каршылыгын дагы бир ирет айтышты.

Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин бул мыйзамга бирде каршы, бирде калыс пикирин билдирсе, акыркы талкуулар боюнча ачык оюн айта элек.

Эркиндикке бут тоскон мыйзам долбоору (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:06 0:00

Четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды "тыңчы" катары таануу боюнча мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Байкоочулар Кыргызстанда сунушталып жаткан долбоор анын көчүрмөсү катары Кремлдин таасири астында экенин белгилешет. Бир катар эл аралык уюмдар аталган мыйзам өлкөнүн Баш мыйзамына, адам укуктарына каршы келерин айтышан.

Эгер долбоор кабыл алынып калса, бейөкмөт уюмдар Соцфондго, Салык кызматына төлөмдөрүнөн тышкары, Юстиция министрлигине каржы булактары, жүргүзгөн ишмердиги тууралуу отчет берүүгө милдеттендирилет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG