Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Саламаттык сактоо министрлиги табып Зайналиевди сотко берди


Ашым Зайналиев
Ашым Зайналиев

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мекеме бүгүн табып Ашым Зайналиевдин уруксатсыз "ишмердүүлүгү" боюнча бардык маалыматтарды Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберди. Анда Көк-Жар жаңы конушунда жайгашкан Зайналиевдин менчик клиникасын мыйзам чегинде жабуу өтүнүчү жазылган.

«Ракка бирге каршы турабыз» деп аталган коомдук фонд өткөн аптада Ашым Зайналиевге кайрылган дагы бир аял каза тапканын жарыялаган.

Өткөн жылдын июль айында Зайналиевдин клиникасында 56 жаштагы аял эмчегин кестирип каза таап, анын кызы табыпты айыптап чыккан. Ошол окуя Зайналиевдин ысымын жалпы журтка таанытып, милиция кылмыш ишин козгогон. Саламаттык сактоо министрлиги анын ишине байланыштуу атайын комиссия түзгөн, менчик клиниканы жабууну көздөп, бирок дарыланып жаткан бейтаптар буга жол берген эмес.

Ашым Зайналиевдин тийиштүү лицензиясы жана медициналык билими жок. Рактын соңку стадияларына жетип, онкологиялык ооруканадан “киши болбойт” деп чыгарылган бейтаптарды дарылап жатканын жана алардын көбү айыкканын билдирип, өз дарегине айтылгандарды "негизсиз каралоо" катары сыпаттап келет. (NT)

XS
SM
MD
LG