Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Профессор Глисон: Кыргызстандын көп багыттуу тышкы саясаты чиеленүүдө


Кыргыз парламенти жакынкы күндөрү Манас аба майданындагы АКШ аба базасын чыгаруу маселесин кароого ниеттенип жаткан чакта, өлкө тышкы саясаттагы көп багыттуулугун жоготууда деген санааркоолор күчөөдө.

Жорж Маршалл атындагы Европалык коопсуздук маселелерди иликтөө борборунун профессору Грегори Глисондун (Gregory Gleason) пикиринде, кандай болгон күндө да, Жогорку Кеңештин “Манас” аскер аба базасы боюнча кабыл алчу чечимин өлкөдөгү өз алдынча мыйзам чыгаруучу бийлик бутагынын иш-чарасы катары эмес, президент Курманбек Бакиевдин каалоосу катары караса болот. Окумуштуунун бул жааттагы ой-пикирлеринин урунттуу жерлери менен кабарчыбыз Илим Жанузаков тааныштырат.

Оболу сөздү Глисон мырзанын бир ою менен тааныштыруудан баштайлы.

- Президентти колдогон “Ак Жол” партиясы үстөмдүк кылган парламент президент Курманбек Бакиев эмне кааласа, ошону аткарууга даяр болуп жүгүнүп тураарында дээрлик шек жоктой.

К.Бакиев өзүнүн АКШ базасы боюнча келишимди бузгандыгы тууралуу чечимин Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен 3-февраль күнү Кремлде сүйлөшүү жүргүзгөн соң жарыялады. Андан тышкары бул эки лидер Орусиядан Кыргызстанга каржылык жардам топтому тууралуу да билдиришти.

Анда Кыргызстандын буга чейинки Орусияга карызын кечүү, 300 миллион долларлык мамлекеттик насыя жана кыргыз бийлигинин маанилүү долбоору болгон Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга 2 миллиард долларга жакын каражат бөлүү караштырылган.

Президент К.Бакиев Бишкекке келери менен парламент кыргыз-орус келишиминин үчөөнү тең ошол аптада эле жактырды, бирок “Манас” аскер аба базасы боюнча АКШ менен болгон келишим оболу парламенттик комитеттерге талкууга жиберилди.

Профессор Грегори Глисондун пикиринде, президент К.Бакиев узак убакыт бою Манас аба майданында АКШ жана Европанын аскерлеринин аба базасынын жайгашканын сынчыл көз карашта баалап келген. Бакиев муну өзү премьер-министр, Аскар Акаев мырза президент болуп турганда да билдирген экен. А.Акаевдин доорунун акыркы жылдарында ал кызматынан алынган.

А.Акаев Ак үйдөн куулуп, Москвага качууга аргасыз болгон учурда К.Бакиев бийликке келди да, кийинчерээк мамлекет башчысы катары ант берген соң, “Манас” аба базасы тууралуу келишимди кайра карап чыгуу талабын айта баштады.

Акыркы бир канча айдын ичинде деле президенттин аппараты бул боюнча мыйзамдык камылгаларды көрүп жатканы байкалып турду. Акыры бул кадам өткөн аптада мыйзамдык долбоор түрүндө жүзөгө ашырылып, Жогорку Кеңешке сунушталды.

Президенттин “Манас” базасын жабуу ниети ачыкталаардан эки апта мурда АКШнын борбордук командачылыгын башчысы генерал Девид Пэтреус Кыргызстанда болуп, АКШнын берип жаткан жардамдары тууралуу баяндап берген. Пэтреустун айтымында, АКШ Кыргызстанга жыл сайын 150 миллиондой доллардын тегерегинде түрдүү жардамдарды берип келген жана бул көмөк расмий Бишкекке аскер аба база үчүн ижаралык келишимдерге байланыштуу берилген 63 миллион долларды да камтыган.

Андан тышкары Пэтреус, база Борбор Азия менен Ооганстанда террорчулук менен экстремизмдин өсүшүнө каршы туруу үчүн эл аралык иш-аракеттин алкагында түзүлгөнүн жана Кыргызстан 9-10 жыл мурда Өзбекстан Исламчыл Кыймылынын бутасына алгачкылардан болуп алынып, кыйла жапа чеккенин баса белгилей кетти.

Кыргызстандык аскерлер 1999-жылы жана андан кийинки жылы жайында Баткенде чек араны мыйзамсыз бузуп киришкен исламчы жоочуларга каршы күрөшүүгө мажбур болуп, көптөгөн кыргыз жоокерлер набыт болгон.
Ал эми “Манас” аба базасы жана чет элдик коопсуздукту камсыз кылуу программалары менен алака түзүү аркылуу Кыргызстан коопсуздук жаатында олуттуу мааниге ээ эл аралык карым-катнашты калыптандырууга жетишкен.

Кыргызстандын Борбор Азия жана Ооганстандагы коопсуздукту сактоо боюнча эл аралык иш-аракеттерге көмөк көрсөтүүсү - анын көп багыттуу тышкы саясатынын өзөгү болчу. Кандай гана көп багыттуу саясат болбосун – ал ар дайым тең салмактуулукту камсыз кылуу дегенди туюнтат жана аны камсыз кылуу ар дайым эле оңой-олтоң жүзөгө ашырыла бербейт.

Буга чейин Кыргызстандын дипломаттары кызматтарына киришип жатып кайсы бир тарап менен жылуу мамилени сактоо мүдөөсүн башка тараптар менен мамилени бузбай туруп жүзөгө ашыруу керектиги тууралуу таасын көрсөтмө алып келишкен.

Кыргызстандын Орусия менен кызматташуусунун мындан аркы чыңдалышы анын Түндүк Атлантика аскердик ынтымагы жана АКШ менен мамилесинин начарлашынын эсесинде жүзөгө ашырылышы керек дегенди билдирбеши керек. Заманбап дүйнөдө башкалар менен катышпай обочолонуу туура эмес, кала берсе узак мөөнөткө обочодо калууга мүмкүн да эмес.

Эгерде К.Бакиевдин өкмөтү эл аралык коалициянын аба базасына карата чечимин биротоло жүзөгө ашырчу болсо, анда Кыргызстандын буга чейинки мүмкүнчүлүктөрү кыйла эле тарый түшөөрү ажеп эмес. Анан калса, карым-катнашы кайсы бир мамлекет менен гана чектелип, ага кыйла көз каранды болуп калса, анда мындай мамлекет акырындап берку кубаттуураак өлкө алдында “күн карама” мамлекетке айланып калышы да ыктымал.

Балким, Кыргызстандын тышкы саясатынын чиеленишинде, айласыздыкка караганда тандоо мүмкүнчүлүгү азыраак болду. Анткени, К.Бакиев азыр өтө чоң кыйынчылыктарга кириптер болуп турган кезең. Ал бийлигин, ир чети, өлкөдөгү ички оппозициядан сактап калууга алпурушуп келет. Экинчи чети, дүйнөлүк экономикалык кыйынчылыктар да алкымдап турат. Ушундай кырдаалда ал Евразия аймагындагы эң күчтүү өлкөнүн колдоосун алууга далаалат кылууда.

Ал эми АКШ президенти Барак Обаманын өкмөтү, өз кезегинде, жалпы кызыкчылыктар үчүн акыйкат иштеше турган өнөктөш табууга, өз ара кызматташтыкты тек гана акча төлөө менен чектеп салбоого умтулууда. Вашингтондун мындай нугуна Кыргызстан бийлигинин аскер аба базасын өз аймагында жайгаштырууну соодалашуу аркылуу чечүү ниети кайчы келээри түшүнүктүү.

- АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кыргызстандын чечими абдан өкүнүчтүү болгонун белгиледи, бирок ал айым сүйлөшүүлөрдүн мындан ары улантылышынын ыктымалдыгын да четке каккан жок. Ошол эле учурда Ооганстандагы иш-чараларды зарыл болгон ооруктук пайдубал менен камсыз кылуу үчүн башка да жолдорду издөө керектиги талашсыз. Сүйлөшүү үчүн эшик азыр деле ачык, бирок эки тарап тең теребелде карааны көрүнгөн 180 күндүк мерчемге чейин күтүп отура бербестен, бири-бирине карай кандайдыр-бир кадам шилтегени жөндүү.

Жорж Маршалл атындагы Европалык коопсуздук маселелерди иликтөө борборунун профессору Глисондун серебинде айтылган ойлор сөзсүз эле “Азаттыктын” көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG