Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

Кыргызстанда токойлордун кыскарып жатканы туурасында геоботаник, эколог Алмагүл Кендирбаева "Азаттыкка" кеп курду.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү токой чарба агенттигин жоюп, акционердик коомго өткөрүү демилгесин көтөрүүдө. Токойчулар анда токой жок болот деп буга каршы пикирин билидирип жатат. Сиз эколог катары кайсынысын колдойсуз?

Алмагүл Кендирбаева: Акционердик коомго өткөрүү демилгесине каршымын. Жеке менчикке өткөн ишканалардын, окуу жай, бала-бакча болобу алардын эмгектенгенин эгемендик алган жылдан бери көрүп жүрөбүз. Азыр мамлекеттин карамагында турганда да чечилбеген көп жагдайлар болуп жатат. Ал эми акционердик коомго өтсө, кээ бир көйгөйлөр көмүскөдө да калып калышы ыктымал. Ошондуктан токой чарбасын мамлекет өз көзөмөлүнө алганы оң.

“Азаттык”: Токой кыйылып, суюлуп атканы жер-жерлерде эле айтылып келатат. Азыр токойлордун абалы кандай, канчага кыскарды?

Алмагүл Кендирбаева: Кыргызстандын токой аянты өлкө эгемендикти алган жылдардан бери кыйла кыскарды. Биринчиден, курулуш материалдарына болгон кыргызстандыктардын муктаждыгы Орусиядан алынып келинген тактайлардын эсебинен канааттандырылса, кийин айрыкча өлкө түндүгүндө түнт ийне жалбырактуу карагай, арча токойлору өзгөчө көп кыйылып кетти.

Курулуш материалдары үчүн деп уруксат алып да, албай да, көрүнөө да, көмүскө да кыйылып кеткенине өзүбүз күбө болуп жүрөбүз. Андан сырткары Фергана жана Чаткал тоо кыркаларында кездешүүсү уникалдуу жаңгак мөмө-жемиш токойлору да кыйылып кетти. Жаңгактын кап деген, бурчуюп чыккан жерин алыш үчүн да Кыргызстандын түштүк-батышындагы жер көчкү, селдин көп болушунун бирден бир себеби болууда. Анткени биз билим алып жаткан учурда сел, жер көчкү болду деген маалыматтарды андай деле көп укчу эмеспиз.

Союз тарагандан баштап бул тармак жакшы каралбай, экологиялык көп көйгөйлөр чыга баштады. Буга энергетикалык каатчылык да таасирин тийгизип жатат. Жергиликтүү калк өзүнүн отунга болгон муктаждыгын канааттандыруу максатында жакынырак жайгашкан токой аянттарынын көпчүлүгүн кыйып жиберишти. Тескерисинче бул тармакты мамлекет өз көзөмөлүнө алып, токойчулардын маянасын көтөрүп, токой аянттарын кеңейтүү иштери жүргүзүлсө деген ойдомун.

“Азаттык”: Эл арасында “токойдун биринчи душманы токойчу” деп айтып калышат. Өздөрү билгизип, билгизбей сатып, кыйганга уруксат берип жатышат деген кептер айтылат?

Алмагүл Кендирбаева: Мен токойчулар таптакыр мындай кылбайт деп айта албайм. Балким арасында ошондой иштерге катышкандар бардыр. Биз жай мезгилинде Кыргызстандын чар тарабындагы токойлорду кыдырып, изилдегенге мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Биз он-он беш күнгө барчубуз. Ошол мезгилде кааласак-каалабасак да токойчулар, бул тармакта иштеген жумушчулар менен да пикир алмашчубуз.

Илимдин жетишкендигинин жакшы да жактары бар. Айтайын дегеним азыр уюлдук телефон деген бар. Токойчунун башка жакта жүргөнүнөн пайдаланып, экинчи жагынан кыя берген учурлар да бар экен. Эми кыйылган желерге, токой өсүүгө жарамдуу жерлерге көчөттөрдү отургузуш керек. Мисалы, жаңгакты кыйса, анын дүмүрүнөн жаңысы чыга бериши мүмкүн. Бирок ал илдеттүү дарак болуп калат. Ошондуктан жогору айтылган кесепеттерди жоюу үчүн жаңы көчөттөрдү отургузуу оң.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG