Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:36

Кыргыз коому ишбилги кадрларга суусап турат


Жогорку окуу жайына тапшырып жаткан абитуриенттер. Бишкек. 9-июль, 2015-жыл.

Жогорку окуу жайына тапшырып жаткан абитуриенттер. Бишкек. 9-июль, 2015-жыл.

Кыргыз коому келечек муунду тарбиялап келе жаткан билим берүү тармагынан эмнени күтөт? Канткенде заманбап билимге сугарылган, коомго керектүү кадрлар даярдалат?

Билим берүү жана илим министрлиги эки жыл аралыгында билим сапатын жаңы деңгээлге алып чыгуу үчүн мугалимдердин даярдыгына басым жасап, окуу программасын өзгөртүүнү караштырып жатат.

Бишкекте 26-августта өткөн билим берүү кызматкерлеринин үчүнчү республикалык форумуна президент Алмазбек Атамбаев да катышты. Ал Кыргызстанда расмий эсепте 80 миң бала мектепке барбай турганын айтып, билим берүү тармагындагылар бул маселеге олуттуу көңүл буруусу зарылдыгын эскертти.

Мамлекет башчы окутуу сапатынын начарлап баратканы Кыргызстан үчүн эң орчундуу көйгөй экенин белгилеп, мугалимдерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Билим берүүдөгү өксүктөр мугалимдерди да түйшөлтөт

Форумда сөз сүйлөгөн социолог Айнура Сагынбаева бүгүнкү күндө коом үчүн окуучулардын, студенттердин аттестат-дипломдорундагы төрт-беш деген баалары же жалпы республикалык тестирлөөдөн топтогон упайлары маанилүү болбой жаткандыгын белгилейт.

Анын пикиринде, кыргыз коому азыр заманбап маалымат технологияларын өздөштүргөн, кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөп, оюн жеткире билген, сүйлөө маданияты калыптанган, өзүнүн ишбилгилигин көрсөтө алган муунга суусап турат, бирок ишке келгенде аларды табуу өтө кыйын.

Мугалимдердин форуму. Бишкек. 26-август.

Мугалимдердин форуму. Бишкек. 26-август.

- Мен билим берүү тармагында көп иликтөөлөрдү жүргүзгөм. 20 жылга жакын бизнесте жүргөндүктөн мага кандай адамдар, кадрлар керек экенин так билем. Ошондуктан дайыма жаштарды ишке алууда интервью уюштурам, жарыя берем дегендей. Бирок жаштарга көңүлүм толбойт. Алар абдан чоң, сыймыктанчу мектептерди бүтүп, кызыл дипломду көтөрүп келишет, ошол эле учурда такыр эле тажрыйбалары жок болуп чыгат. Эң жөнөкөй өзүнүн күнүмдүк убакытын бөлүштүрүп, алдына бир план коюп, ал максатын ишке ашыруу жөнүндө ой-пикири болсо мен сүйүнөөр элем. Мындай турмуштук тажрыйбалар менен кошо профессионалдык ыкмаларды дагы үйрөтүү керек. Мисалы, жаштар презентация жасоону, эл алдына чыгып сүйлөөнү таптакыр билбейт. Азыр толтура гранттар бар, жумушка орношуу үчүн интервьюдан кантип өтүүдөн кабары жок. Бул теория эмес, бул ар бир инсан үйрөнө турган турмуштук ыкмалар. Ошону мектепте эртерээк үйрөтсөк, биздин жаштар атаандаштыкка туруштук берген, бүгүнкү доордун чакырыктарына жооп кайтарган инсандар болот эле.

Ушул тапта мектептер совет мезгилинен калган программалар менен чектелгендиктен, алдыга жылуу мүмкүн болбой жатканын мугалимдер өздөрү дагы моюнга алат. Бишкектеги №68 гимназиянын директору Канымжан Оморованын айтымында, бүгүнкү күндө стандарттык программа учурдун талабына жооп бербей калган.

- Мейли азыр орус мектептерде кыргыз тилин окутуп жатышат. Бирок мектепти бүткөнү кыргызча сүйлөп чыккан жок да. Англис тилин 11 жыл окутуп жатабыз, бирок англисче билеби? Физика боюнча электрди толук түшүнүп чыгабы? Андай эмес. Биздин окуу китептердин мазмуну жашоодон, окуучуларга келечекте пайдаланчу деңгээлден өтө алыс. Бул бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы.

Министрлик курултайга өлкөнүн бардык аймагынан келген мугалимдерди чогултуп, жаңы заман талабына жооп берген программаны иштеп чыгуу боюнча алардын сунуштарын чогултуу максатын көздөөдө.

Баткен облусунун Лейлек районунан келген №3 эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов билим сапатын жогорулатууда тарбия сапатын дагы чогуу кароо маанилүү деп эсептейт. Анын көз карашында билимге балдардын кызыгуусун арттыруу бул бир гана педагогдун эмес, ата-эненин дагы билим деңгээлине көз каранды.

Алат-Тоо конушундагы мектеп окуучулары. Бишкек. 2013-жыл

Алат-Тоо конушундагы мектеп окуучулары. Бишкек. 2013-жыл

- 1997-жылы мектеп коллективи менен биргеликте энелер мектебин ачкан элек. Бүгүнкү күндө 500 эне ошол мектептен окуп чыкты. Ошол энелердин балдарынын билимге болгон көз карашы таптакыр өзгөрдү. Алардын жандүйнөсүндө билимге болгон керектөө ойгонуп, кызыгуу үйдөн келип жатат. Натыйжада 24 баланын 14ү Медициналык академиянын бюджет факультетине өттү.

Форумдун дээрлик көпчүлүк катышуучулары азыркы интернет заманы дагы билим берүү жаатында өзгөрүүлөрдү талап кылып жатканын белгилешти. Мугалимдердин баамында, азыр маалымат мейкиндиги өтө кеңири болгондуктан, өзгөчө окуучулар ар кандай маалыматтарды иргей албай, туура-туура эмесин ылгабай өзүнө сиңирип жатат.

Мугалимдердин алдында балдарга маалымат иргей билүүнү, аларды максаттуу пайдаланууну үйрөтүү милдети турат, бул үчүн мугалим өзү дагы күчтүү болушу керектигин кошумчалайт Мадаминов.

- Биздин гимназияда эксперимент катары Акыл эмгегинин маданияты деген сабак киргизип көрдүк. Бул деген балдарга маалыматты синтездеп, самандан буудайды бөлүп алганга жардам берет экен. Ошону бөлүп ала албай, балдардын башы маалыматка толуп калып жатат. Ал эми керексиз, көп маалыматка толгон мээде ой жүгүртүү үчүн орун калбай калат. Мугалимдер өздөрү дагы балдарга маалымат ылгай билүүнү үйрөткүдөй деңгээлге көтөрүлүшү керек.

Кыргызстанда ушул тапта 2207 мектеп бар жана анда анда 16 195 мугалим эмгектенет. Алар бир миллиондон ашык окуучуга билим берип келүүдө.

Билим берүү министрлигинин билдиришинче, Кыргызстан ПИЗА жүргүзө турган билим сапаты боюнча эл аралык иликтөөсүнө 2018-жылы расмий түрдө катышарын билдирди. Мындан улам эки жыл аралыгында билим берүүнүн мазмуну жаңы өзгөрүүлөр менен жаңыртылышы керек. 2010-жылы ПИЗА жүргүзгөн эл аралык иликтөөдө билим сапаты боюнча Кыргызстан эң арткы орунда экени аныкталган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG