Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Кыргызстанда кылмыштарды териштирүүдө, жоопко тартууда балдардын укуктары көп бузулат. Муну эксперттер балдар соттору институту аркылуу жөнгө салууну каалашат. Кыргызстанда балдар укуктарынын Франция ыкмасын киргизүү мүмкүнбү?

Негизи Кыргызстандын мыйзамдары кылмыш жасагандарды он төрт жашынан жазага тарта баштайт. Вознесеновкадагы №14 өспүрүмдөр колониясында 14 жаштан 18 жашка чейинки отуздан ашык улан бар. Алар - алды он төрт, арты бир жылга эркинен ажыратылгандар.

Мындан эки жыл мурда бул колониядагы өспүрүмдөр мушташып, анын айынан жаза өтөп жаткандардын бири мерт болуп калган. Кезинде жаңжалдын чыгышына шарттын начардыгы себеп болду деген маалымат тараган.

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы бул мекемеде мурдагыга салыштырмалуу шарттар жакшырып калганын белгиледи. Мекеме педагогдор, психологдор менен жабдылган. Мунун чындыгын укук коргоочулар да тастыкташууда. Бирок “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун юристи Евгения Крапивина өспүрүмдөрдүн жашоо шарты али ойдогудай деңгээлге жете элек дейт:

- Социалдык багытта жасала турган өтө чоң иштер турат. Маселен, жаза өтөп жаткан камераларды алмаштыруу керек. Анткени ал жакка жарык түшпөйт, желдеткич начар, мекемеге которор алдында баланы он күн кармай турган жай да өтө начар абалда.

Эл аралык жана жергиликтүү тартип коргоо уюмдары өспүрүмдөрдүн укуктары кылмыш ишин тергөөдөн баштап, жазасын өтөп бүткөнгө чейин дээрлик сакталбайт деп коңгуроо кагып келатышат.

Өспүрүмдөрдүн иштерин тергөөдөгү мыйзам бузуулар кадырэсе көрүнүшкө айланып калгандыгы БУУ өз конвенциясынын аткарылышы боюнча акыркы баяндамасында да айтылган.

Кылмыш ишин тергөөдө өспүрүмдөргө чоңдор менен бирдей мамиле жасалары, шарттарынын начардыгы, педагог, психолог, социалдык кызматкер сейрек тартылары белгиленген. Мындай мамиле мыйзам сакчыларынын өспүрүмдөрдүн оңолуп, кайра коомго аралашарына ишенбестиги менен түшүндүрүлөт.

Балдар сотторун даярдоо кадамдары

Азыр ювеналдык юстиция деген ат менен белгилүү балдардын укуктарын коргоо институтун Кыргызстанда да калыптоо, анын алкагында балдар соттору тармагын түзүү сунуштары байма-бай айтыла баштады.

Жакында Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент кол койгон Балдар кодексине бул демилгенин айрым элементтери киргизилген. Мисалы, мыйзамда өкмөттүн алдында балдар юстициясы боюнча координациялык кеңешин түзүү, өспүрүмдөр иштери боюнча адистешкен судьяларды даярдоо, ал аркылуу кылмыш ишин өспүрүмдүн кулк-мүнөзүн эске алып, тергеп, чечим чыгаруу, балдардын мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоо сыяктуу жоболор бар.

Бирок укук коргоочулар ювеналдык юстиция жөнүндөгү жоболорду ишке ашыруучу механизмдер жок экендигин айтып жатышат. Ошондуктан азыр мыйзамдагы тиешелүү жоболор экспертизадан өткөрүлүп жаткандыгын “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун кызматкери Лира Исмаилова билдирди.

Жан-Поль Маршал

Жан-Поль Маршал

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун айтымында, балдар укуктарынын эл аралык нормаларын калыптоо үчүн бийлик колунан келгенин жасап жатат. Бирок ар бир демилгенин артында каражат турат, бардык эле демилгелерди, анын ичинде балдар соттору институттарын киргизүү азыркы Кыргызстандын шартында мүмкүн эмес:

- Бизде андайды түзүү кыйыныраак. Ошондуктан бизде балдар судьяларынын милдетин соттордун төрагаларына жүктөөнү көздөп жатышат. Бул ишти жөнөкөй судья эмес, төрага алып барат.

Маселени жагдайга жараша чечүүнүн дагы бир аракети катары депутат прокуратурада балдар укуктары боюнча жаңы бөлүм түзүлгөнүн белгиледи.
Акыйкатчы Турсунбек Акун болсо балдар соттору институт катары жакынкы элүү жылда калыптанарына ишенбейт:

- Келечекте болушу мүмкүн. Бирок азыр бул бышпаган нерсе. Ал үчүн балдар судьяларын окутуу керек, университеттер түзүлүшү керек. Башка судьяларды эптей албай атпайбызбы. Судьялар жок, процесстердин бардыгы туруп калды.

Гюго: мектеп ачылса, түрмө жабылат

Анткен менен дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүндө мындай институттар иштеп, баланын укугун коргоого өтө ыңгайлуу шарт түзүп келатат. Маселен, балдар укуктарын коргоонун Франция тажрыйбасы тууралуу жакында Бишкекке келишкен "Секурс Католик – Каритас Франс" кайрымдуулук фондунун укук коргоочулары “Азаттыкка” айтып беришти.

Укук реформасы боюнча улуттук топтун мүчөсү, Франциянын Юстиция министрлигинин тарбия бөлүмүнүн экс-директору Жан-Поль Маршал Франция сыяктуу эле Кыргызстанда да качандыр бир мезгилде жашы жете элек жатып кылмышка кирептер болгон балдардын, дегеле кыргызстандык балдардын укуктарын коргоо проблема жаратпай каларына ишенет:

- Силердин өлкөдө балдардын укуктарын коргоо жаатында жакшы жылыштар болуп жатканын укканбыз. Бизде 40-50, балким 100 жыл мурда башталган кыймыл силерде азыр башталып жатыптыр. Бул маселеге кыргызстандыктардын жапырт кызыгуусу өтө маанилүү. Анткени биринчи баскычта атайын балдар үчүн соттордун корпусун түзүү керек, андан кийин кенже балдар үчүн магистрат, андан кийин аларды тарбиялоочу бардык шарттары бар атайын мекеме болуу зарылдыгы келип чыгат.

Давид Алонсьюз

Давид Алонсьюз

Адис бул максатты мамлекет, жарандык коом, ата-эне биргелешип иштегенде гана ишке ашыруу мүмкүн дейт. Бирок Кыргызстанда мындай кызматташтык али түзүлө элек. Проблемалуу балдардын ата-энелеринин арасында балдарынын келечеги жана алардын тагдырына кам көргөндөр аз. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалыматына караганда, ушул тапта өспүрүмдөр колониясындагы балдарга ата-энелердин ашып кетсе беш-алтоо каттайт.

Давид Алонсьюз - Франциядагы Париж трибуналынын өспүрүмдөр иштери боюнча судьясы. Балдар соттору кылмыш жасаган өспүрүмдүн кийинки жашоосуна болуп көрбөгөндөй кол кабыш кыларын өз тажрыйбасынан эң жакшы билет:

- Эң эле маанилүүсү - соттолгон балдардын тагдырын карай турган адистешкен балдар соттору болушу керек. Алар өзү соттогон балдардын кийинки тагдырына байкоо жүргүзөт. Соттун ар бир чечими өзгөртүүгө жөндөмдүү, жандуу болушу керек. Баланын тагдырына көз салган судья өз чечимин баланын ошол учурдагы жагдайына ыңгайлаштырышы мүмкүн.

Давид Алонсьюздун айтымында, судья айыпкердин эле эмес, жабырлануучунун укугун да эске алууга милдеттүү. Ошол эле учурда адамды эркиндигинен ажыратуу аны ар-намысынан ажыратуу эмес экендигин жадында сакташы шарт:

- Түшүнсөңүз, адамды эркиндигинен ажыратуу аны ар-намысынан ажыратуу эмес да. Белгилүү жазуучу Виктор Гюгонун сөзүн эстесеңиз, "мектеп ачкыла - түрмө жабылат" деген эмеспи. Жашы жете электердин ар бири үчүн мектеп болушу керек, түрмө алардын андан бетер начарлашы үчүн пайдаланылбашы керек. Аларды көтөрмөлөөгө, тарбиялоого же кайра тарбиялоого аракет кылып, сен түбөлүк камалган жоксуң дегенди алардын аң-сезимине сиңирүү керек.

Ал үчүн мамлекет жана коомчулук бала кылмыш кылып, камалган биринчи күндөн тартып, анын коомго кайтып келиши үчүн камылгаларды көрүүгө милдеттүү дейт адис:
Бизде 40-50, балким 100 жыл мурда башталган кыймыл силерде азыр башталып жатыптыр. Бул маселеге кыргызстандыктардын жапырт кызыгуусу өтө маанилүү.

- Бизде балдарга багытталган мекемелер дайыма өзүнчө жайгашкан жана тарбиялоочу компонент өтө күчтүү. Максат - зонадагы иерархияга жол бербөө, алдуунун алдындагы алсыздык эрежелеринен окчун кармоо. Бала дайыма өзүнчө камерада жайгашат, бул топтошкон камерадагы зомбулуктан куткарат. Биз баланын турмушуна үй-бүлөнүн аралашуусуна өзгөчө басым жасайбыз. Үй-бүлө бала камакта кезде жанында, ажырагыс байланышта болуп турушу керек.

Франциялык эксперттер өспүрүмдөр колониясын көргөндөн кийин эки өлкөдөгү шартты салыштырууга болбой тургандыгына ынанышты:

- Бул келиш бизге таасирдүү болду. Өмүр бою түрмөгө кесилгендердин, жашы жете электердин жашоо шартына назарыбыз түштү, бул түрмөлөрдөгү шарттарды акырындык менен жакшыртуу зарыл деген ойго келдик. Иштин алдыга жылышы үчүн биз келечекте жарандык коомдорго, маселен, “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборуна жардам берүүгө даярбыз, - деди Франциянын Юстиция министрлигинин тарбия бөлүмүнүн экс-директору Жан-Поль Маршал.

Франциялык фонд тажрыйбасын жайылткысы келет

Женевьева Кола
- "Секурс Католик – Каритас Франс" кайрымдуулук фондунун Европа, Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси. Анын айтымында, бул уюм сот өндүрүшү, соттордун ишин жана айыпталып жаткандардын шарттарын жакшыртуу жаатында бир катар өлкөлөр менен кызматташып келатат.

Төлөкан Исмаилова

Төлөкан Исмаилова

Белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова башында турган “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борбору менен өнөктөш саналган бул уюмдун эксперттери Кыргызстанга да кызматташтыкты кеңейтүү максаты менен келишкен.
Женевьева Коланын маалымдаганына караганда, мындай сүйлөшүүлөрдөн кийин конкреттүү иштерге киришсе болот:

- Маселен, үлгү катары Ак-Суудагы балдардын адистешкен мектебин алса болот. Бул жерде башкы багыт балдардын укуктарын коргоо, жашоо шартын түзүү болушу керек. Маселен, 10 жаштан 16 жашка чейинки балдар жарым жартылай урап калган имаратта жайгашкан, даараткана көчөдө, кыштын күнү да ошол жакка барышат экен. Бул бир жагы. Экинчи жагы – тарбия. Тарбия мазмундуу болгону оң.

Женевьева Кола белгилеген Сокулук районундагы Ак-Суу балдар жатак мектебине бейбаш балдар тармактар аралык комиссиянын аныктамасынын негизинде кабыл алынат. Көбүнчө ата-энелеринин кароосунан тышта калгандар, аларга баш бербегендер, чээнден чыккан тентектер ушул жакка жиберилет. Маселен, бул жердин 12 жаштагы бир тарбиялануучусу өзүнүн ууру экенин, үйүнөн акча уурдаганда энеси комиссиянын кароосуна бергенин жергиликтүү журналисттерге айтып бергени бар.

Бул жерде деле баары жайында эмес. Жетекчилик малайдай жумшап жатат деп, май айында жыйырмадан ашык тарбиялануучу мектептен качып, укук коргоочулардын, тартип кызматтарынын киришүүсү менен кайра кайтарылган.

Кылмыш жасаган же ага ыктаган өспүрүмдү жарандык коом менен өкмөт биргелешкенде гана натыйжалуу тарбиялоо мүмкүн экендигин "Секурс Католик – Каритас Франс" фондунун элүү жылдагы эл аралык тажрыйбасы далилдеп келатат дейт Женевьева Кола. Маселен, фонд менен Франциянын Юстиция министрлиги түзгөн конвенцияга ылайык мыйзамга кас балдарды тарбиялоо жаатында тараптар конкреттүү иштерди кыйшаюусуз аткарышат. Франциянын түрмөлөрүндө, мисалы, жыйырма жыл илгери туугандарын, үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл ала турган бөлмө жок болчу. Жарандык коомдун талабына ылайык жаңы типтеги түрмөлөр курула баштаганда бул проблема да чечилген:

- Азыр камактагылардын туугандары, үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бөлмөсү жок бир дагы түрмө жок. Себеби бул бөлмө үй-бүлө мүчөлөрүнүн жолугушуучу эле жайы эмес, ал жаза өтөп жаткан адамга аны кадырэсе шартка калыптоо милдетин да аткарат.

Женевьева Кола

Женевьева Кола

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалымат катчысы Александр Никсдорф бул Кыргызстан үчүн деле жаңылык эмес дейт. Анын айтымында бардык түрмөлөрдө ата-энелер, туугандар үчүн жолугушуучу бөлмөлөр бар. Укук коргоочулар өз кезегинде алардын моралдык жана социалдык шарттары стандарттардан кыйла алыс экендигин эскеришүүдө.

Женевьева Коланын пикиринде, кээде адамды эркинен ажыратпай коюуга мүмкүн болбогон жагдай түзүлөт. Бирок ансыз да тез карыта турган түрмөдө адамды эркиндиктен ажыратуу, коомдон биротоло бөлүп салуу дегенди түшүндүрбөйт. Камакка алынган өспүрүмдөрдө көптү үйрөнүү, тарбияга түшүү мүмкүнчүлүктөрү бар, аны күчтүү тарбия, анын ичинде атаандаш ыкмаларды пайдалануу аркылуу ишке ашыруу керек дейт адис.

Акыйкатчы Турсунбек Акун кылмыш жасаган жана тобокелчиликтин чегинде турган балдарды тарбиялоонун альтернативдүү жолун эмгектен көрөт. Бирок Кыргызстанда түрмөдөгү балдар эмгекке тартылбайт:

- Жумушка салынган жери жок. Ошон үчүн балдар кылмышка барып атышат. Саргартып отургузуп койгондон көрө айылга алып барып, кетмен чаптырыш керек. Бекер отурушат, ден соолуктары кетип атат. Анан иштебеген адам карыйт да.

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалымат катчысы Никсдорф да жазалангандарды эмгекке тартуу түрмөлөрдө дегеле жолго коюлбай келатканын тастыктады.

Зомбулукка каршы жапырт күрөшкөн француздар

Жан-Поль Маршалл өз өлкөсүндөгү жагдай тууралуу буларды айтты:

- Бизде кыйноо бар деп айта албайм. Мен башка сөздү колдонот элем. Азыркы француз коомунда чын-чынына келгенде жалпысынан зомбулук бар. Айрым француз түрмөлөрүндө, тарбия берүүчү мекемелерде балдар арасында же чоңдордун балдарга зомбулугу бар. Бирок Францияда адам зомбулукка туш келсе, аны үй-бүлөсү менен чогуу коргогонго мыйзам кудуреттүү. Бул - демократиялык күрөш.

Кыргызстанда, тескерисинче, мыйзамдар жакшы жолго коюлганы менен, жазылбаган мыйзамдардын таасири күчтүү. Зомбулук жабык мекемелерде эле эмес, аскер тармагында да кадырэсе көрүнүш экендигин жергиликтүү адистер баса белгилеп келатышат.

Турсунбек Акун

Турсунбек Акун

Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымына караганда, Кыргызстандагы жабык мекемелерде өспүрүмдөрдү чоңдор менен чогуу кармоо сыяктуу мыйзам бузуулар жокко эсе, ага жараша зомбулук көбөйдү деп айтууга да негиз жок. Ошол эле мезгилде өкмөттүн мыйзам менен келише албаган балдарга камкордугу солгун бойдон кала берүүдө:

- Эч кандай шарт түзүлгөн жери жок. Мамлекет да, коомчулук да караган жок. Бул боюнча максат – нөл. Болгону эл аралык уюмдар, акыйкатчы, жарандык коом кыймылдамыш болуп атабыз. Биздин күчүбүз баарына жетпейт.

Бул жагынан акыйкатчынын оюна француз эксперттеринин пикирлери үндөшүп турат. Эксперттер кайдыгерликке алдыруу, мындай өксүк бизде жок же бардыгы кынтыксыз жай-жайында турат деген сыяктуу жалган ишеним, кудуретсиздик муктаж реформага балта чапчу башкы кедергилер катары баалашты.

Проблеманы ар бир тарап – айыпкер да, коом да, өкмөт да тааныган учурда гана иш алдыга жылат деп ишендирди балдар судьясы Давид Алонсьюз. Ага жетүүнүн жолун укук коргоочулар тынымсыз аракеттен көрүп, бул багытта тажрыйбалары менен бөлушүүгө даяр экендигин билдиришти.

Жергиликтүү адистерди шыктандырган дагы бир өңүт – кылмыш жасаган жана мыйзамга баш ийбеген өспүрүмдөрдү сот жообуна тартуунун эсеби акыркы жылдары кескин азайды. Ал эми тынчсыздандырганы шарттуу жазалоого караганда түрмөгө кесүүнүн эсеби басымдуу болууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG