Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Старр: Кыргыз жаштарына ишенем


Америкалык окумуштуу, тарыхчы жана Борбор Азия боюнча саясий адис Фредерик Старр.

Америкалык окумуштуу, тарыхчы жана Борбор Азия боюнча саясий адис Фредерик Старр.

Жакында Кыргызстанга белгилүү америкалык окумуштуу, тарыхчы жана Борбор Азиянын саясий жана маданий тарыхы боюнча чоң адис, Нью-Йорктогу Жонс Хопкинс университетинин профессору Фредерик Старр келип кетти.

Профессор азыркы учурда ушул атактуу окуу жайдын Борбор Азия жана Кавказ аймактарын изилдөө борборуна жетекчилик кылат. Ошону менен бирге Кыргызстандын жаңы тарыхын, эгемендикке жеткенден кийинки баскан жолун абдан тыкыр изилдеп келаткан саясат таануучу дагы. Старр мырза жакында Эл аралык Ала-Тоо - Ататүрк университети уюштурган саясат таануучулардын конгрессинде чоң доклад жасады. Окумуштуу “Азаттыктын” баяндамачысы менен бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир бөлүштү.

"Азаттык": Урматтуу Фредерик мырза, сиздин Кыргызстандагы регионалдык маселелерге арналган илимий форумга атайын Америкадан, Жонс Хопкинс университетинен келгениңиз бул илимий жыйындын аброюн абдан бийик көтөрүп койду. Ошондуктан сизге чоң ыраазычылык билдиргим келет.

Менимче, эң негизги нерсе - балансты сактоо го дейм. Ооба, сиздердин өкмөт Орусияны көздөй өтө чоң кадам таштап койду, аны түшүнсө болот, бирок тең салмактуулукту сактоо Кыргызстандай мамлекет үчүн абдан маанилүү

Чынында да Борбор Азия азыр эки чоң дөөнүн, Орусия менен Кытайдын чок ортосунда жайгашып, эки гиганттын ортосунда улуттук иденттүүлүгүн жана мамлекеттик өз алдынчалыгын сактоо үчүн тырышып келатат. Ырас, Орусия бизге, Борбор Азия регионуна, абалтан келаткан кошуна, бир мамлекеттин ичинде, андан мурун Орус империясынын курамында чогуу жашаган жалпы тарыхыбыз да бар. Ошону менен бирге так жаныбызда бир жарым миллиард калкы бар, дүйнөдөгү экинчи экономика саналган Кытай турат. Ушул геосаясий кырдаалда жалпы эле регион, анын ичинде Кыргызстан кандай саясат жүргүзүшү керек. Мамлекет катары статусубузду, улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап калуу үчүн кандай саясат жүргүзүшүбүз керек?

Ф. Старр: Менимче, эң негизги нерсе - балансты сактоо го дейм. Ооба, сиздердин өкмөт Орусияны көздөй өтө чоң кадам таштап койду, аны түшүнсө болот, бирок тең салмактуулукту сактоо Кыргызстандай мамлекет үчүн абдан маанилүү го. Бул баары бир керек нерсе. Ошону менен бирге азыркы Американын администрациясынын Борбор Азия региону боюнча ачык, даана саясаты деле жок, силер тууралуу түшүнүгү деле аз. Андыктан азыркы тапта жаңы бир саясат жасаларына же Америка кандайдыр бир роль ойноруна көзүм жетпейт. Биро, сиз айткан эки гиганттан башка да бул регионго зор таасир бере турган башка да зор мамлекеттер бар. Маселен, Индия. Бул мамлекет Кытай сыяктуу эле потенциалы, тез өнүгүп бараткан экономикасы бар мамлекет. Же болбосо Пакистан, Бангладеш. Мен тарыхчы катары айтаар элем: бул мамлекеттер менен Борбор Азиянын байланышы, карым-катнашы тарыхтын тээ тереңине кеткен. Бул өтө зор рынок, зор мүмкүнчүлүктөр. Ошондуктан курулуп жаткан жолдор, Кытай менен кошо турган темир жол долбоорлору, газ түтүктөрү кубандыра турган иштер. Бирок Түштүк Азия менен байланышты күчөтүү керек.

Ырас, бул мамлекеттер менен байланышуу азыр бир топ татаал. Ортодо Ооганстан турат. Пакистанда да ички проблемалар көп. Бирок баары бир Борбор Азиядагы азыркы оош-кыйыштар - убактылуу нерселер. Өзгөрбөй, бир калыбында турган эч нерсе жок азыркы дүйнөдө. Көп нерселер баары бир өзгөрөт. Анан калса түштүк Азия менен, Индия менен байланыштар тээ байыртан келаткан байланыштар. Керек болсо бул карым-катнаштар, башкача айтканда, “Түштүк коридору” Улуу Жибек жолунан да мурун болгон катнаштар да. Жогоруда менин баланс болуш керек дегеним ушудан.

Борбор Азия деген байыркы тарыхы бар, этностук өзүнчөлүгү тээ байыркы замандардан бери сакталып келаткан уникалдуу регион. Бул региондун маданиятында генийликтин гени сакталып калган деп айткым келер эле.

"Азаттык": Айтканыңыз туура, Түштүк Азия менен карым-катнашты күчөтүү, соода-сатыкты күчөтүү биздин регион үчүн абдан керек нерсе. Бирок бизде мындай бир кооптонуу сезими ар дайым кошо келатат. Анын маңызы мындайча: бир өз тарыхыбызда бир жолу чоң мамлекет менен, чоң калк менен чогуу жашап көрдүк. Ал - Орусия. Орусия бизге бир убакта диктат да кылып келди, андан соң жардамын да берди, керек болсо экономикабыз менен маданиятыбызды да өнүктүрдү, бутубузга тургузду дегендей. Деле Орусиянын ролу, айрыкча экономикалык, цивилизациялык ролу өтө чоң. Бирок тарых бир ордунда турбайт экен - 1991-жылы биз мамлекеттик эгемендүүлүккө жеттик. Азыр эми ошол эгемендикти сактоо биз үчүн эң эле приоритеттүү улуттук маселе болуп турат. Бир жагынан экономикалык гигант, бир жарым миллиард калкы бар Кытай турса, экинчи жагынан Путин жетекчилик кылган Орусия кайрадан үстөмөндөп келатат. Каалайбызбы, каалабайбызбы, бирок бүгүнкү күндө Орусия дүйнөлүк чоң геосаясий оюнчу болуп баратат. Путин бүткүл Евразияга таасирин күчөтүп, Крымды Украинадан тартып алып, эми чоң оюнду Сирияда жасап жатат. Керек болсо мурунку Союзду деле бул же тигил формада кайра калыбына келтирсем деген тилеги бар. Ушул кырдаалда Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер кайрадан Орусиянын көзүнүн агы менен тең айланган сателлити, жарым колония акыбалындагы чалажан мамлекет болуп калбайбы?

Ф. Старр: Эми сиздердин өкмөттүн чечимин мен эч талашкым келбегени сизге түшүнүктүүдүр. Бул менин ишим эмес жана кийлигишким да келбейт. Ошону менен бирге ар бир акыл-эстүү киши жакшы түшүнгөн мындай бир айныксыз нерсе бар: эгерде эки адам баш кошуп, бир казандан аш ичип, бир кемегеге аш кайнаталы деп чечсе, адегенде кантип чогуу жашоонун шарттарын, жол-жобосун тыкыр макулдашып алат эмеспи. Анын сыңары, силер да Орусия менен бир шаркетте жашайбыз деп чечкенде...

"Азаттык": …макулдашуу керек деңизчи.

Ф. Старр: Ооба, бүт шарттар алдын-ала тыкыр макулдашылышы керек жана ал шарттар сөзсүз кийин сакталышы керек. Бирок мен тарыхчы катары бир нерсе айтар элем: билесизби, мунун баары убактылуу, өткүн өткөн сыңары өтүп кетчү нерсе го деп ойлойм. Бул тарыхтын бир эпизоду. Ал эми Борбор Азияда, анын ичинде силердин Кыргызстанда да улуттук иденттүүлүк, өз алдынчалык деген нерсе сөзсүз сакталат, аны эч ким тартып ала албайт. Менин оюм ушундай. Экинчиден, Борбор Азия деген байыркы тарыхы бар, этностук өзүнчөлүгү тээ байыркы замандардан бери сакталып келаткан уникалдуу регион. Бул региондун маданиятында генийликтин гени сакталып калган деп айткым келер эле. Маселен, мен “Унутта калган Агартуучулук доору” деген китеп жаздым, жакында казакча, орусча, өзбекче котормосу жарыкка чыгат. Ал доор - гүлдөгөн доор - мындан 1000 жылдай башта болгон, болгондо да бул регион дүйнөнүн борбору, маданият менен илимдин очогу болгон.

Азыр силерде жаңы бир тарыхый кырдаал түзүлдү. Ал кырдаалды мен эгемендик жылдарында өсүп чоңойгон жаңы муун менен байланыштыргым келет. Тарыхтын тизгинин эми ушулар алат деп ишенем.

Ошол эле Кытай менен, Индия менен, башка континенттер менен карым-катнашы болгон. Ошол очок азыр да өчкөн жок. Керек болсо ушул тапта кайра жаралуу идеясы, байыркы күчтүү жана эски маданий уңгуну табуу аракети абдан күчөп бараткан кез. Менимче, ошол тереңде бугуп жаткан уңгуну баары бир табасыңар, анткени аны табуу жана ачуу аракети силерде ушунчалык күчтүү жана кубаттуу. Ал эми ар кандай союздар, альянстар түзүлө берет, түзүлүп келген, ошолордун бири биз сөз кылып жаткан Евразия экономикалык биримдиги. Бул биримдик башынан эле экономикалык максаттарды эмес, саясий максаттарды көздөгөн биримдик болчу. Бирок азыркы учурдагы интеллектуалдык изденүүлөр ар кандай шаркеттерден күчтүүрөөк го деп ойлойм. Изденип атканыңарды көрүп турам, демек, максатыңарга сөзсүз жетесиңер. Болгондо да чоң максаттарга жетесиңер. Мен буга толук ишенем.

"Азаттык": Урматтуу Фредерик мырза, сиздин оптимисттик маанайыңыз мага эле эмес, “Азаттыктын” бардык угуучулары үчүн көңүл көтөрө турган сөз болгонсуп турат. Чынында да тарыхтын толкуну бирде көтөрүлүп, бирде жанып турат, аныңыз туура. Баары өтөт, кетет, бирок эл, улут, рух деген нерсе - туруктуу нерсе.

Эми дагы бир нерсеге көңүл бура кетсек. Ал биздин региондогу “Түбөлүк президенттер” маселеси. Бул жагынан дале болсо Кыргызстан өзүнчө бөлүнүп турат, себеби биз мына үчүнчү мыйзамдуу шайланган президент менен жашап атабыз. Албетте, түбөлүк эч нерсе жок, деп азыр эле айтып кеттик го, анын сыңары биздин региондун “түбөлүк” эл башчылары бийлигинен баары бир ажырайт да - же карыйт, же бир күнү ичээр суусу түгөнөт. Сиздин оюңуз кандай: бийликти тапшыруу Азербайжандын сценарийи менен өтпөйбү? Башкача айтканда, бийлик атадан балага же атадан кызына, күйөө баласына, д.у.с. өтүп кетпейби? Анда Борбор Азияда кээ бир араб мамлекеттериндегидей монархияга жол ачылып кетсе кандай болот?

Ф. Старр: Ким билет, ар кандай болушу мүмкүн. Азыркы кырдаалды тереңдеп анализдеген киши жок, анан калса бул регион чынында уникалдуу регион. Экинчи жагынан алып караганда, СССР кулаган учурда силерде эч качан дүйнө тарыхында болуп көрбөгөн революциялык кырдаал түзүлбөдүбү. Биринчи жолу ар бир республикада каалагандай система, каалагандай мамлекет курууга толук мүмкүнчүлүк ачылды да. Ошол кырдаалда, жаңы мамлекеттер түзүлүп аткан чакта бийликти бир колго топтоо туура эле маселе сыяктуу сезилген. Азыр силерде жаңы бир тарыхый кырдаал түзүлдү. Ал кырдаалды мен эгемендик жылдарында өсүп чоңойгон жаңы муун менен байланыштыргым келет. Тарыхтын тизгинин эми ушулар алат деп ишенем. Бул жаңы муун - абдан таланттуу муун, билимдүү, алдыңкы муун. Булар жан дүйнөсү ачык, эркин өскөн муун. Албетте, бийликте отургандар өзүнүн ролун ойнойт, иштей турган ишин иштейт, бирок баары бир маселени чече турган, тарыхты жаңы нукка бура турган күч - жаштар, жаңы муун. Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын да келечегин түптөй турган, тагдырын чече турган мына ушул жаш күчтөр экенине менен катуу ишенем. Албетте, ал качан болот, кандай формада өтөт, мен аны айта албайм. Бирок келечек жаштардыкы.

"Азаттык": Эми акыркы суроо. Азыр Кыргызстан мүчө болуп отурган Евразия экономикалык биримдиги эмне бизге пайда берет, деле пайда береби же бербейби - бул азырынча бүдөмүк маселе болуп турат. Албетте, баарыбыздын ойлогонубуз - жакшылык. Бирок ушул биримдик барып-келип эле кайра баягы тоталитардык системанын, Советтер Союзунун кебетесин кийбейби, биз сыяктуу чабал мамлекеттер эгемендигинен кол жууп калбайбы? Оюңуз кандай?

Ф. Старр: Эми бул чоң деле сыр эмес, Евразия экономикалык биримдиги Орусия үчүн фантом сыяктуу бир идея, кыял, түш, тагыраак айтсам - эрте мененки "баш оору" сыяктуу бир нерсе. Бирок бул да бир утурумдук чечим, тек бир бир көңүлгө төтө болчу, аз да болсо көңүл жубатуучу бир нерсе го деп ойлойм.

"Азаттык": Бизде жакында болуп өткөн шайлоо тууралуу да эки ооз пикир айта кетсеңиз.

Ф. Старр: Эмне демекчимин - куттуктайм! Урматтоо сезиминен башка менде эч бир сөз жок.

"Азаттык": Телеэкран эч качан мындай ачык жана эркин болгон эмес…

Ф. Старр: Азаматсыңар, кыргыздар!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG