Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Президент Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча Борбор Азияда алдынкы орунда экенин айтса, Freedom House уюмунун маалыматында, өлкө сөз эркиндигинин дүйнөлүк рейтингинде 149-орунда жайгашып, "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарында турат.

Кыргызстанда жыл сайын катталган соттошуулардын жыйырмадан ашыгы журналисттердин жана алар иштеген маалымат каражаттарынын ишмердигине байланыштуу болот. Алардын айрымдарына сот өкүмү чыгып, журналисттер ири суммадагы айыпка жыгылса, башкаларынын сот жараяндары азыр да уланууда.

Миллион сомго жыгылган Орунбеков менен Ботобеков

Журналист Дайырбек Орунбеков азыркы тапта 2 миллион сом издеп жаткан учуру. Ал ушул жылдын 12-декабрына чейин президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган маалыматтарды төгүндөп, ага кошумча сот чечим чыгарган эки миллион сом айыппулду төлөшү керек.

Буга анын өзү жетектеген Maalymat.kg сайтына өткөн жылы жарыялаган “Алмазбек Атамбаев унуткан, Роза Отунбаева жаап койгон Ош окуясына качан саясий баа берилет?” деген макаласы себеп болгон. Сот макалада айтылгандар чындыкка коошпойт жана президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирген деп тапкан. Дайырбек Орунбеков:

Дайырбек Орунбеков

Дайырбек Орунбеков

- Мен коюлган айыпка толугу менен каршымын. Бирок азыркы бийликтин адилетсиз, соттордун акыйкатсыз экенине карабай, мен мыйзамды сыйлап, айыпты төлөйүн деп чечтим. Мага эл тарабынан аны төлөөгө жардам иретинде акча чогултулган, ошол акчадан берем. Анын суммасы азырынча 12 миң сом. Башка айлыгым, абалым да тез арада ал айыппулду толугу менен төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Сот өкүмү менен миллион сомдук акчалай доого дагы бир журналист жана коомдук ишмер Уран Ботобеков жыгылган. Анын “Вечерний Бишкек” медиа-холдингине караштуу "Кабар ордо" сайтына берген маегинде айткандарын президент Атамбаевдин азыркы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов “кадыр-баркыма шек келтирген” деп эсептеп, доомат арткан. Натыйжада шаардык сот Ботобековду 1,8 млн. сом доого жыккан. Журналист өз укугун аягына чейин коргоорун айтканы менен, азыркы бийликке жана сотторго ишенбейт экен:

- Биз мыйзам чегинде күрөшөбүз. Бирок өлкөдө сот реформасы жүрмөйүнчө, аны менен катар бийлик сотторду саясый союл катары өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонуп жаткан убакта акыйкаттыка жетүү таптакыр мүмкүн эмес экенине көзүм жетти. Себеби соттор менден тышкары апамдын үйүн да камакка алып коюшту. Бул эмне деген логика, менин ишиме апамдын кандай тиешеси бар?

Талдоочулардын оюнча, журналисттер - Орунбеков жана Ботобеков миллион сомдук айыппулдарды төлөп бербесе, барып-барып абакка кесилип кетүүлөрү да мүмкүн. ​

Журналисттерди сотко бергендер көп

Бийлик адамдары гана эмес, оппозиция өкүлдөрүнүн, депутаттардын, мурда-кийин саясатта жүргөндөрдүн арасында да маалымат каражаттарына, журналисттерге нааразы болгондор арбын. Маселен, “Азия ньюс” гезити менен соттошуп келе жаткан саясатчы Адахан Мадумаров ал үстүнөн арызданган журналисттер сотту тоготпой жатканын кеп салды. Сот да ага көз жумду кылып, журналистке чара көрбөй жаткан экен. Мадумаровдун оюнча, бул - соттор бийликтеги бир ууч топко кызмат кыларын, ал эми сөз эркиндигине журналисттер жоопкерчиликсиз мамиле жасаарын көрсөтүүдө.

Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров

- Мисалы, менин сотума үч айдан бери мен айып койгон журналисттер келбей жүрөт. Эч кандай чара көрүлгөн жок. Соттор да таза болбой жатпайбы. Бийликтеги адамдардын бирөөнө ушундай жалаа жаап койсо, соттор активдүүлүктү көрсөтүп, бат эле соттоп коюшууда. Ал эми кереги жок учурда “бизде сот эркин, өздөрү каалагандай чечим чыгарат” деп айтып коюп жатышат.

Орточо эсеп менен алганда жылына жыйырмадай журналисттин же маалымат каражатынын үстүнөн адамдар доо арыз менен сотко кайрылышат. Алардын баасымдуу бөлүгү саясатчылар же бийликтеги адамдар.

Медиа өкүл Акмат Алагушевдин айтымында, ушул тапта он чакты журналист үчүн сотко бармай негизги жумушуна айланып калса, айрымдарынын сот жараяндары жылдап уланып келатат.

- Мисалы, “Азия ньюс” гезитин мурдагы губернатор Жусубалы Төрөмаматов сотко берип соттошуп атат. Андан башка “Дело №”, “Учур”, “Акипресс” жана башка маалымат каражаттарынын жарыялаган материалдарына нааразы болуп жетекчи, ишкер, бийликтегилер сотко берген. Көпчүлүгү сотко маалыматты төгүндөөнү талап кылып кайрылышат. Ошондой эле моралдык зыянга учураганын айтып, сотко кайрылгандар да бар.

Деген менен жогорудагы соттошуларга карабай Кыргызстандын расмий бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жар салып, аны менен сыймыктанып келет.

8-декабрь Кыргызстандын телерадиоберүү тармагынын кесиптик майрамына утурлай президент Атамбаевдин куттуктоосунда жалпыга маалымдоо каражаттары сындабаган эч ким, эч нерсе жок экендиги белгиленип, сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда алдынкы сапта турары талашсыз экени жазылган.

Бирок 2015-жылдын башындагы эл аралык Freedom House уюмунун сөз эркиндигинин дүйнөлүк рейтинги боюнча баяндамасында Кыргызстан 149-орунда жайгашып, эркин эмес өлкөлөрдүн катарын толуктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG