Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:16

Кыргызстандын ММК жөнүндөгү мыйзамына сунуш кылынган өзгөртүүлөр Орусия мыйзамынын жоболорунан көчүрүлгөнү байкалып турат.

Орусияда ММК мыйзамына акыркы жылдары тынымсыз киргизилген өзгөртүүлөр кандай натыйжаларга алып келгенин "Азаттык" Москвадан ММКнын укугун коргоо борборунун директору Галина Араповадан сурады.

Арапова: Орусиянын ММК жөнүндө мыйзамына акыркы жылдары киргизилген өзгөртүүлөрдү эки бөлүп кароо керек. Алардын бири- экстремизмге каршылык көрсөтүүгө, шайлоону, шайлоо өнөктүгүн чагылдырууга байланыштуулары маалымат таратууну чектегендери.

Соңку өзгөртүүлөрдүн ичинен медиа укук боюнча адистер адекваттуу жана туура деп, түшүнүү менен кабыл алган жалгыз өзгөртүү - кылмыштын курмандыгы болгон балдардын жеке маалыматтарын таратуу боюнча чектөөлөр. Биз муну колдодук. Анткени, ал чындап эле татаал турмуштук шартта жараат алган балдардын кызыкчылыгын коргойт.

Азыр бардык нерсе маалыматты эркин алмашууга негизделген. Эгер, маалымат чөйрөсүн катуу диске кысып салсак, өлкөнүн позитивдүү, демократиялык багытта өнүгүшүнө көмөктөшпөйт.

Ал эми башка өзгөртүүлөрдүн баары, анын ичинде коомдук мааниси бар маалыматтарды жарыялоо, редакциялардын менчик ээлигинде чет элдик капиталга, маалымат каражатын негиздөөчүнүн макамына байланышкан чектөөлөр суроолорду жана кооптонуу жараткан. Себеби, мунун баары маалымат каражаттарынын ар түрдүүлүгүн, пикирлердин, коомго бериле турган маалыматтын өзүнүн ар түрдүүлүгүн чектөөдө.

"Азаттык”: Демек, Орусиянын ММК мыйзамына киргизилген соңку өзгөртүүлөр иш жүзүндө эмне жыйынтыктарга алып келди жана алып келип жатат?

Арапова: Эгер ММКнын редакцияларына ээлик кылууга чет элдиктердин катышуусу боюнча өзгөртүүнү карасак, кыйла эле терс тенденцияны көрүп жатабыз. Анткени Орусияда медиа рынокту колдоп, ошол эле учурда журналисттер үчүн кесиптик жогору стандарттарды киргизген эл аралык ири басма үйлөр Орусиядан кетүүдө.

Масс-медиа чөйрөсүндө бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү тарыгандыктан, алар ишин жыйыштырышты же активдерин орус компанияларына сатып жатышат. Мындан биз кайра эле маалымат каражаттарынын ар түрдүүлүгүн жоготуу менен орусиялык медиа жамааттын үстүнөн мамлекеттин көзөмөлү күчөгөнүн көрүп жатабыз. Бул албетте кооптондурарлык.

1990-жылдары кабыл алынганда абдан эле күчтүү болгон мыйзамыбызды азыр ар кайсы тарабынан, бутап, кескилешип алсыз кылып салышты. Эгер көчүрүү жөнүндө сөз жүрсө, мен муну сунуш кылбайт элем.

Ал эми журналисттердин бийликтер сезимтал деп эсептеген тигил же бул маселелерди чагылдыруусу боюнча киргизилген чектөөлөр журналистикада маанинин жоголушуна алып барды деп айтаар элем. Бул ашыкча жана маңызы жок өзгөртүүлөр өзүн өзү цензуралоону жаратып, мыйзамда каралган айыппулдар, жазалар журналисттердин ошол темаларга кайрылуудан коркутуп, чочутуп койду.

Журналисттердин ишин тескеген мыйзамга тынымсыз киргизилген өзгөртүүлөрдүн жыйынтыгы алып келген эң чоң көйгөйлөрдүн бири ушул.

“Азаттык”: Сиз демек кыргыз депутаттарына Орусиянын ММК мыйзамынын жоболорун көчүрүүнү сунуш кылбайсыз.

Арапова: Албетте, акыркы өзгөртүүлөрдөн этияттануу керек. Анткени, алар журналистиканын көз карандысыздыгынын, журналисттин миссиясынын негизин жокко чыгарып, аны “куралсыз” кылып коюуда. Журналист кесиптик миссиясын аткарып, коомдун кызыкчылыгын коргоосу керек болгон таянычтардан айрылып калды.

Алгач 1990-жылдары кабыл алынганда абдан эле күчтүү болгон мыйзамыбызды азыр ар кайсы тарабынан, бутап, кескилешип алсыз кылып салышты. Эгер көчүрүү жөнүндө сөз жүрсө, мен муну сунуш кылбайт элем.

“Азаттык”: Кыргызстан азыр Евразия экономикалык биримдигине мүчө да. Бул уюмдун алкагында бирдиктүү маалымат мейкиндиктин концепциясын даярдоо жөнүндө демилгелер чыккан эле. Кандай дейсиз, Орусия Евразия экономикалык биримдиги боюнча өнөктөштөрүнө ММК чөйрөсүндө да анын эрежелери менен ойноосу үчүн кысым көргөзбөйбү?

Арапова: Өзгөчө маалымат саясатына келгенде биз азыр тууроого үлгү болчудай мисал эмеспиз. Маалымат саясаты Орусиянын акыркы жылдары тескери тарапты көздөй абдан динамикалуу өнүккөн чөйрөсү. Албетте, орусиялык саясатчылар Евразия экономикалык биримдиги боюнча өнөктөштөрүнө кысым көргөзөт. Бирок маселе бул жерде көп жагынан укуктукка караганда, саясий. Айланадагы өлкөлөрдүн саясатчылары да маалымат чөйрөсүн Орусиядагыдай кылып, катаал жол менен кысууга канчалык көнүшөт мен билбейм. Менимче, бул журналисттер менен коом үчүн гана эмес, бизнеске, саясий чөйрөгө да пайда алып келбейт. Азыр бардык нерсе маалыматты эркин алмашууга негизделген. Эгер, маалымат чөйрөсүн катуу диске кысып салсак, өлкөнүн позитивдүү, демократиялык багытта өнүгүшүнө көмөктөшпөйт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG