Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Журналист Орунбековго кылмыш иши козголду


Дайыр Орунбеков
Дайыр Орунбеков

Журналистке сот чечимин аткарбаганы үчүн иш козголгон. Дайыр Орунбеков сот чечимин аткара баштаганын билдирди.

Дайыр Орунбековдун ырасташынча, ага карата кылмыш ишинин козголушуна Бишкектин Аламүдүн райондук сот аткаруучуларынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жиберген билдирүүсү себеп болгон. Алар Орунбековдун үстүнөн кылмыш ишин козгоону суранган.

- Сот мага милдеттендирген эки миллион сом моралдык чыгымды төлөп, президент Атамбаев жөнүндө жазган макаламды төгүндөп, андан кечирим суроо боюнча чечим чыгарган. Булар ошол экинчи пункт боюнча “Кечирим сурабай, жазган макаласын төгүндөбөдү” деген кине менен кылмыш ишин козгоп жатышат.

Бул берене боюнча сот чечимин аткаруудан баш тарткан адам эки жылга чейин камалышы мүмкүн.

Орунбековго карата кылмыш иш козголгонун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан да ырасташты. Милициянын өкүлү Нурлан Такеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, учурда иш тергелип жатат:

- Кылмыш иши козголду. Толук маалыматты тергөөчү менен сүйлөшүп алсаңар болот.

Орунбековго кылмыш иштин козголушу ар кандай пикирлерди жаратты. Айрымдар муну сөз эркиндигин кысымга алуу жана бийликке сын айткан башка маалымат каражаттарына сес көрсөтүү аракети катары баалашууда. Мындай ойго кошулгандардын бири белгилүү журналист Нарын Айып:

- Бир жагынан соттун чечимин аткарыш керек. Экинчи жагынан соттор буйрук аткарып жатканы көрүнүп жатат. Журналист чоң кылмыш кылган деле жок. Ош окуялары боюнча өз пикирин айткан. Ошондуктан бул чаташкан маселе. Соттор журналисттерди катарга тизип, өйдө жактан айтылганды аткарып, бийликте отургандарга сын айтпасын деген максатты көздөйт го.

Ошол эле учурда айрымдар Орунбеков сөз эркиндигинен аша чаап, далили бар-жок экенине карабай, бир тараптуу жазган учурлары болгонун айтышат. “Кабар” маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев журналисттер өз кесибине жоопкерчиликтүү мамиле кылса, мындай кырдаал жаралмак эмес деп эсептейт:

- Жоопкерчилик дегенде, биринчи иретте журналист өзүнүн кесибине адискөй катары мамиле кылыш керек. Бардык иштерге бейтарап мамиле кылып, бир беткей чагылдыруудан алыс болушу керек. Үчүнчүдөн, объективдүү болушу шарт. Төртүнчүдөн, мыйзамдарды бузууга барбашы керек. Эң эле маанилүү нерсе, моралдык-этикалык жактан коомго үлгү болгондой жүрүш-турушка ээ болуш керек.

Өзүн оппозициячыл журналист катары сыпаттап, учурдагы бийликке сын айтып келген Дайыр Орунбековго карата соттук иштер бир нече убакыттан бери уланып келет.

Ал өзүнө таандык maalymat.kg сайтына Ош окуясына байланыштуу макала жарыялап, анда июнь коогалаңы боюнча учурдагы президентти айыптап, күнөөлүүлөргө саясий баа берүү керектигин айтып чыккан.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, сот Дайыр Орунбековдун президентке негизсиз жалаа жапкан деп тапкан. Буга байланыштуу журналистке эки миллион сомдук айыппул төлөөнү милдеттендирген болчу. Өткөн айда соттун чечиминин негизинде интернет провайдерлер Орунбековдун maalymat.kg сайтын жапкан эле.

Буга чейин президент Атамбаев Орунбековду сынга алып, “кимдир-бирөөдөн акчасын актап жатат” деп билдирген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG