Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Бишкекте эркиндик форуму өттү


Азаттык форуму. 23-март, 2017-жыл
Азаттык форуму. 23-март, 2017-жыл

Бишкекте элди бийликтин кысымына каршы бирге турууга үндөгөн эркиндик форуму болуп өттү.

Бишкекте өткөн эркиндик же Азаттык форумуна парламент депутаттары, оппозициялык саясатчылар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышты.

Иш-чараны Сөз эркиндигин коргоо комитети жана конституциялык кеңешме үчүн кыймылы биргеликте уюштурду. Өлкөдөгү сөз эркиндигине байланышкан соңку окуялар талкуунун негизги темасына айланды. Форум катышуучулары оппозициялык саясатчыларга, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына жасалып жаткан бийликтин кысымына жалпы коомчулукту каршы турууга үндөштү.

Аида Салянова
Аида Салянова

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова сөз эркиндигин сактап калууга жалпы коомчулук, парламент депутаттары кайдыгер карабашы керектигин айтты:

- Бийлик сөз эркиндигин куугунтуктоого жаңы ыкмаларды абдан жакшы колдонуп жатат. Акыркы эле айларды айтсак, мүлктөрдү камакка алуу жана ири көлөмдөгү доого жыгуу. Бул экөө тең түздөн түз жалпыга маалымдоо каражаттарына куугунтук. Анткени максаты ошол ЖМКларды иштетпөө жана башкаларын коркутуу. Албетте бул маселе бир гана жарандык коомдун деңгээлинде эмес, парламентте да талкууланышы керек.

Форумда соңку кырдаалдан чыгуу боюнча бир катар сунуштар айтылды. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бийлик күч органдарын куугунтуктун куралы катары пайдаланбашы үчүн мыйзамга каршы чечим чыгарган аткаминерлерди, сотторду люстрация мыйзамы аркылуу электен өткөрүүнү сунуштады.

Ал эми саясат таануучу, “Демократ” партиясынын төрагасы Сейтек Качкынбай чыныгы демократиялык коом куруу үчүн, сөз эркиндиги сакталышы үчүн толук парламенттик башкарууга өтүү зарылдыгын белгиледи:

- Президенттик башкарууну кабыл алган 25 өлкөнүн бешөөндө гана демократия орноптур. Ал эми 28 парламенттик өлкөнүн 17синде демократия орногон. Бул деген сөз демократиянын парламенттик системада орноо мүмкүнчүлүгү үч эсе жогору дегенди билдирет. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан конституциялык реформага барып, чыныгы парламенттик өлкөгө өтүшүбүз керек.

Алмаз Усенов
Алмаз Усенов

Анткен менен бийлик сөз эркиндиги чектелип, демократияга шек келип жатат деген дооматтарды четке кагып келет. Президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов форумда айтылган сындар суу кечпей тургандыгын айтууда.

- Президент ар бир билдирүүсүндө сөз эркиндигинин принциптерин ыйык сактоо, аны мындан ары өнүктүрүү талапка ылайык экендигин айтып келет. Мамлекет башчысы дайыма сөз эркиндигин урматтайт. Ошол эле учурда сөз эркиндигин жамынып алып ага көлөкө түшүргөн жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликти унутпашы керек деген принципти карманат. Кайсы бир журналист жарыялаган макаласын сот алдында аргумент менен бышыктай алса, ал эч нерседен коркпойт. Ар бир жаран ар бир аракети үчүн мыйзам алдында жоопкер.

Эгемендик форумунда Башкы прокуратура президенттин аброюн коргоп, жалпыга маалымдоо каражаттарына койгон доонун жалпы суммасы 42 миллион сомго жеткени айтылды. Башкы көзөмөл органы 24.kg, Zanoza жана "Азаттык" маалымат каражаттары өлкө башчысын каралады деп айыптап, сот аркылуу банктык эсептерин камакка алды. Деген менен журналисттер, жарандык коом муну четке кагып, куугунтук катары баалашууда.

Азаттык форуму: сөз эркиндигин сактайлы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG