Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Медиа уюмдар: Журналисттер сабалууда


Сөз эркиндигине кысымга каршы митингден. Бишкек, 2010-жылдын 4-майы.
Сөз эркиндигине кысымга каршы митингден. Бишкек, 2010-жылдын 4-майы.

8-июнда Кыргызстандын медиа уюмдары журналисттер кол салууларга жана коркутууларга кабылып жатканын билдирип чыкты.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 5 журналист белгисиз адамдар тарабынан сабалган, бирок бул окуя боюнча козголгон кылмыш иштеринин биринин да бети ачылган эмес.

"Башкача сүйлөшүү" күч алдыбы?

45 журналист кол койгон кайрылууда бийлик өлкөдө сөз эркиндигин камсыздоодо жакшы жылыштар болду дегени менен журналисттерге карата кол салуулар боюнча бир да кылмыш ишини бети ачылбаганы сынга алынат.
Самат Асипов
Жыл башынан бери өлкөдө 5 журналист сабалган экен. Алар: Назгүл Кушназарова, Элмира Токтогулова, Жылдыз Бекбаева, Самат Асипов жана Кеңеш Жумабаев.

“Интерфакстын” аймактык кабарчысы Жылдыз Бекбаеваны 3-май - басма сөз эркиндиги күнүндө сабап кетишкен. “Журналисттер олуттуу миссияны аткарышат, ошондуктан, аларга да мамиле башкача болууга тийиш.” дейт Бекбаева.

- Ак халатчандарды айтабыз го, булар согушта өз кызматын аткарышат. Аларга эч ким тийбейт деп. Ошондой эле мамиле журналисттерге да болуш керек. “Өзгөчө статус берсин” деп айтпайбыз. Бирок коомчулукта түшүнүк пайда болуш керек. Алар да өздөрүнүн ишин аткарат.
Сабалган журналист Жылдыз Бекбаева ооруканада. Ош, 2011-жылдын 3-майы.

Ал эми ЭЛТРдин Баткендеги кабарчысы Улан Макамбаев жана анып кесиптеши сабалган эмес, бирок коркутууларга туш болгон. Аймактагы күйүүчү май аткезчилиги тууралуу иликтөө жасагандан көп өтпөй белгисиз адамдар коркуткан, ал эми анын оператор шеригин белгисиз адамдар машинага салып барып “башкача сүйлөшкөн”.

- Жок, соккон эмес. Психологиялык коркутуу болгон. “Силер менен башкача сүйлөшөбүз. Баткен ИИМин жетекчиси алмашты, жакында губернатор кетет, анан силер менен башкача сүйлөшөбүз” деп айтыптыр.




Бакиевдин убагындагыдай куугунтук жок, бирок...

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов журналисттерге кол салуу фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгын, бирок бирөө да кармала электигин билдирди.

- 2011-жылдын алгачкы беш айы ичинде эле бизде журналисттерге кол салуу боюнча сегиз факты катталган. Бул фактылардын бардыгы боюнча тийиштүү иштер жүргүзүп жатабыз.
Бул бийликке да күнөө коёбуз. Мурда бийликке силер тараптан кетип атат деп күнөө койчубуз. Азыр болсо журналисттерге кол салуу тартипти орнотпогондон кетип атат- деп күнөө коюудабыз.
Мэри Бекешова


Өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов болсо бийлик журналисттерге карата кол салууларды тыя албай жатканын мойнуна алат. Бирок ал азыр журналисттерге Бакиевдин убагындагыдай куугунтук жок деп кошумчалады.

- Тилекке каршы, Кыргызстанда журналисттерге карата кол салууларды толугу менен ооздуктай албай атабыз. Бирок бул кол салууларга бийликтин тиешеси жоктугун айтып коюш керек. Бакиевдин убагындагыдай журналисттерге карата кол салууларды атайын уюштуруулар жок.

Анткен менен “Журналисттер” коомдук уюмунун координатору Мэри Бекешова коопсуздугун камсыз кыла албаганы үчүн бийликтин күнөөсү бар деп эсептейт.

- Албетте буга бийлик күнөөлүү. Бул бийликке да күнөөнү коёбуз. Мурда бийликке “силер тараптан кетип атат” деп күнөө койчубуз. Азыр болсо “журналисттерге кол салуу тартипти орнотпогондон кетип атат”- деп күнөө коюудабыз.

Акаевдин бийлиги тушунда журналисттердин алды түрмөгө салынган. Ал эми Бакиев башкарып турганда журналисттер сабалып, сыртка качкандар саны кескин арткан, белгилүү журналист Геннадий Павлюктун өлүмү дал Бакиев маалында болгон. Былтыр апрелде бийликке келген мурдагы оппозиция сөз эркиндигинин туу тутаарын баса белгилеп келатат.
XS
SM
MD
LG