Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Урумканова: 5-канал жабылып калышы мүмкүн


“КирТаг” маалымат агенттигинин башкы редактору Катя Урумканова 5-каналдын айланасындагы маселелер боюнча ой бөлүштү.

“Азаттык”: Бүгүн Жогорку Кеңеш 5-канал телекомпаниясы тууралуу мыйзам боюнча президенттин каршы пикирин караганы жатат. Андан мурда депутаттар 5-каналды парламенттик телеканалга айландыруу тууралуу токтом кабыл алган болчу. Жогорку Кеңештин өзүнүн телеканалынын болушу канчалык зарыл, парламенттин бул аракетин кандай баалайсыз?

Катя Урумканова: Жогорку Кеңешке өзүнчө телеканалдын деле кереги жок. Анткени телеканалды эфирге чыгаруу үчүн көп каражат керек. Парламентте да, респубилкалык казынада да андай каражат жок.

Парламенттин ишин КТРК, ЭлТР, 5-канал деле, же дагы башка каналдар, медиа ресурстар болобу, баары жакшы эле чагылдырып, элге жеткизип жатат. Өзүнчө канал аркылуу көрсөтчү деле нерсе жок.

“Азаттык”: Бүгүн депутаттар президенттин каршы пикиринен ашып өтүп, телеканалды Жогорку Кеңешке алуу тууралуу чечим кабыл алып, тагдыры чечилиши мүмкүн. Бул эмнеге алып келиши ыктымал?

Катя Урумканова: Кыргызстанда 39 телеканал бар болсо керек. Алардын ичинен 10 чактысы эле жакшы иштейт. Алардын үч-төртөө гана берүүлөрүн бүткүл республикага көрсөткөнгө мүмүнчүлүктөрү бар. Булардын арасында өзүнүн ишин жакшы алып барып жаткан 5-канал иштебей калышы мүмкүн. Анткени андагы журналисттердин баарынын эле парламентке иштөө ниети жок болуш керек. Ошондуктан 5-каналдан айрылып калышыбыз ыктымал деген кооптонуу бар.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеш айрым талаш-тартыштуу маселелерди карап жатканда, кээ бир депутаттар бүткүл республикага түз алып көрсөтүлсүн деп талап кылып калышат. Техникалык, эфирдеги этикалык жактан мындай талаптар канчалык жүйөлүү?

Катя Урумканова: Негизи түз деле алып көрсөтсө болот. Эгер парламент чын эле жакшы мыйзамдарды кабыл алып жатса, депутаттар өздөрүн жакшы алып жүрүшсө, мындай элге көрсөтчү нерсе болсо түз көрсөтсө болот. Анткени КТРКнын ушундай мүмкүнчүлүгү бар. Мындай мүмкүнчүлүк ЭлТРде деле бар. Бирок парламент өзү ушуга даярбы, же жокпу? Эгер даяр болсо мейли, бир 2-3 сааттык, же болбосо парламенттин сессиясын эртеден-кечке көрсөтсө болот. Бирок парламент кээ бир маселелерди жабык талкуулап жатпайбы. Андай учурда кантебиз? Эфирди эмне менен толтурабыз?

Парламент өзү чын эле эмнени каалап жатканын өзү билиши керек. Парламенттик канал болсо анда эфирди эмне менен толтурат? Парламентте ары-бери басып жүргөн депутаттарды көрсөтөбү, же карап аткан долбоорлор тууралуу береби, журналисттер эмнени бериши керек?

“Азаттык”: Ушул каналдын айланасындагы окуялардан улам сөз эркиндигине кол салуу болуп жатат деген сөздөр көп айтыла баштады. Сиздин баамыңызда, ММКнын кайсы түрү болбосун, чексиз, абсолюттук көз карандысыз боло алабы?

Катя Урумканова: Биздин Кыргызстанда абсолюттук көз карандысыз маалымат каражаттары жок. Ар бир маалымат каражатынын өзүнүн кожоюуну бар. Мамлекеттики болсо анда өйдө жактан көзөмөлдөп турат.

5-каналдын айланасында болуп жаткан абал медиа кызматкерлерди кооптондурбай койбойт. Анткени акыркы учурда бул канал боюнча процесстер биздин бийликте болуп жаткан терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып жатат.

Мен саясатчымын деген ар бир адам болобу, же бийликте отурабы жеке медиа ресурсун ачканга, же болбосо мамлекеттик маалымат булактарын өзүнүн колуна алганга аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Биз бийликте отурган мамлекеттик ишмерлер саясатка аралашып, депутаттар болсо өзүнүн бизнеси менен алек болуп, аны сакташ үчүн медиа ресурстарды колго алып, саясатын медиа булактар аркылуу ишке ашырып жатканына күбө болуп жатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG