Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

19-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков 5-каналды парламенттик телеканалга айландыруу боюнча мыйзамга президент Роза Отунбаеванын каршы пикирине карабастан кол койду.

Мындай жагдайга жарандык коомдун өкүлдөрү каршы пикирин билдирип, бул мыйзам ишке ашпай калышы мүмкүндүгүн жар салып чыкты.


Саясий кызыкчылыкпы?


Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун президенттин каршы пикирине карабастан 5-каналды парламенттик телеканалга айландыруу боюнча мыйзамга кол коюшу коомчулуктун талкуусуна кабылды.

19-октябрда Бишкекте атайын тегерек үстөл өткөрүлүп, анда Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев мындай чечим парламенттеги айрым топтордун саясий кызыкчылыктарын негизинде кабыл алынганын айтып чыкты:

- Бул жерде менин оюм боюнча, саясий кызыкчылыктар болуп жатат. 5-каналды парламенттик канал кылабыз дегени азыркы учурда иштеп жаткан журналисттерди кетирүү менен өзүнүн адамдарын алып келип, кандайдыр-бир саясий кызыкчылыктарын, алып барып жаткан ишин, пиар-компаниясын көрсөткөнгө кылып жаткан аракети. 2-беренеден турган мыйзамда кандай журналист иштээри, жетекчи ким болоору, көзөмөл кеңеш кандай болоору каралган эмес. Ушул нерселердин бардыгы каралаган соң гана мындай мыйзам көтөрүлүш керек болчу.

Бир катар медиа адистердин баамында, 5-каналды парламенттик каналга айландырууну көздөгөн мыйзамда көптөгөн мүчүлүштүктөр бар. Мыйзам эки гана беренеден туруп, парламенттик канал кандайча каржыланары, ага ким ээлик кылып, ким башкараары каралбай калган. Бул маселелер такталбай калгандыктан, былтыркы апрель окуяларынан кийин каналга ээлик кылып жаткан Мамлекеттик мүлк министрлиги 5-каналды кантип парламенттик каналга айландырууну билбей жатат.

Министрликтин улутташтырылган мүлктү башкаруу боюнча фондунун башчысы Назира Үсөналиева алгач ушул кемчиликтерди жоюу керектигин айтат:

- Бул мыйзамды аткаруу үчүн кайсы уюштуруу формасы керек экендигин, бул канал мамлекеттик ишкана болобу, же акционердик коом болобу, жоопкерчилиги чектелген коом болобу муну аныктап алышыбыз зарыл. Бул аныкталган эмес. Муну менен катар анын кимге таандык экенин да аныктоо керек. Эң негизси бул каналга канча акча керек? Булардын бардыгы мыйзамда каралган эмес. Бул үч маселени аныктабай туруп, элементардуу түрдө бул каналды каттоого алууда да маселе чыгат.

Деген менен 5-каналды парламенттик каналга айландыруу демилгесин көтөрүп чыккандар да өз жүйөөлөрүндө бекем турушат.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Шайырбек Маматокторов парламенттик башкарууга өткөн Кыргызстан үчүн Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн толук чагылдыруу зарылчылыгы бар экенин билдирүүдө:

- Эмнеге парламенттик өлкөдө парламенттик канал болбошу керек? Бардык парламенттик өлкөлөрдү анализдеп көрдүк да, керек болсо парламенттик эмес өлкөлөрдө да парламенттик канал бар экен. Бизге жумасына бир жолу берилген КТРКдагы убакыт болбогон нерсе. Эмнеге парламенттин дарегине көп сын пикир айтылат? Себеби, элге маалымат жетпейт.


Өзгөлөрдүн өрнөгү кандай?


Бишкектеги “Интерньюс Нетуорк” өкүлчүлүгүнүн башчысы Мария Раснердин маалыматы боюнча, дүйнөдөгү парламенттик телеканалдардын басымдуу бөлүгү көрүүчүлөрдүн суроо-талабынын негизинде гана ачылган. Мындай маалымат дүйнөдөгү парламенттик телеканалдар боюнча жүргүзүлгөн изилдөөдө айтылган:

- Дүйнөдөгү парламенттик телеканалдардын 81 пайызы кабелдик телеканал болуп саналат. Кабел деген эмне? Кабел - бул милдеттүү канал эмес. Башкача айтканда, көрүүчү өзү бул каналдарды тандап көрөт. А “Бешинчи канал” болсо, эфирдик каналдын катарына кирет. Изилдөөгө ылайык, парламенттик каналдардын 67 пайызы спутник аркылуу көрсөтүлөт.

Мурдагы бийликтин тушунда Максим Бакиевге таандык делген 5-канал 2010-жылдын 7-апрелинен кийин улутташтырылып, мамлекеттин карамагына өткөзүлгөн. Жогорку Кеңеште 5-каналды парламенттик каналга айландыруу демилгеси көтөрүлгөн соң парламент менен бул каналдын ортосунда тирешүү пайда болуп, Жогорку Кеңеш каналдын журналистерин каттоодон баш тарткан. Андан соң канал жөнүндө мыйзам кабыл алынып, бирок ага президент вето койгон болчу.

Эми жарандык коом өкүлдөрү 5-каналдын маселесин Конституциялык палата карап чыгып мыйзамдуулугун тактабаса, талаш улана берерин белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG